ТЕГЕРАН-РИЯД ОРТОСУНДА ЖАҢЫ БАРАКТЫН АЧЫЛЫШЫ

300
0

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Сауд Арабиясынын тышкы иштери министри Сауд Файсал менен Нью-Йорк шаарында жолугушту. Кесиптештердин БУУнун башкы ассамблеясындагы жолугушуусу эки мамлекеттин ортосундагы алакалар күчөп жаткандыгына ишара экендиги айтылууда.

Саудиянын тышкы иштер министри Файсал бул жолугушууну: “Эки мамлекеттин ортосундагы алакалар өнүгүүсү үчүн жаңы барактын ачылышы”, – деп айтты. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф болсо Тегеран-Рияд алакаларынын келечеги туурасында өтө чоӊ үмүтү бар экендигин билдирди. Зарифтин айтымында, бул жолугушуу, регион мамлекеттери жана Исламий өлкөлөр ортосундагы мамилелерди эсепке алганда, өтө маанилүү.

Сауд Файсал жолугушуу маалында эки мамлекет т.а. Иран жана Саудия региондо өтө  чоӊ таасирге ээ мамлекеттер экендигин жана бул эки мамлекеттин алакаларынын бекемделиши региондун тынчтыгын жана коопсуздугун күчөтүүчү фактор экендигин баса белгилеп өттү. Файсал айрыкча, Жакынкы Чыгыш көӊүлдөн четте калтырууга болбой турган чекитке айлангандыгын жана мурдагы кетирилген каталар кайталанбаса, региондогу проблеманын чечилишинде ийгиликке жетсе боло тургандыгын билдирди.

Иран президенти Хасан Роухани да өзүнүн билдирүүсүндө, региондогу мусулман мамлекеттер, ошону менен бирге Саудия мамлекети менен да алакаларын күчөтүү региондун коопсуздугун сактоо үчүн өтө маанилүү экендигин билдирген болчу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here