А. БЕКМАТОВ: ӨКМӨТ МЕКТЕПТЕРДЕ ХИЖАБ КИЙҮҮ МАСЕЛЕСИН ЧЕЧИШИ КЕРЕК

245
0

“Республика” партиясынан депутат Абдыжапар Бекматов өкмөт мектептерде хижаб кийүүгө тиешелүү маселени биротоло чечиши керектигин айтып өттү. Бул тууралуу Бекматов 7-октябрь күнү адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүмдөр боюнча болуп өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Бул маселе көптөн бери бар. Укуктук документтерди иштеп чыгуу зарыл. Бул маселени жаш балдардын өзүнө коюп берүү туура эмес”, – деди Бекматов.

Премьер-министрдин орунбасары Эльвира Сариева болсо, жогорудагы проблеманы чечүүнүн эки жолу бар экендигин өттү. “Эгерде мыйзамдын алкагында көрүп чыга турган болсок, анда тийиштүү укуктук документтерди иштеп чыгышыбыз керек болот. Экинчиден, маселени тарбиялык негизде карап чыгууга болот. А бирок, бул нерсе айрым аймактарда каршылыктарды пайда кылууда”, – деди премьер-министрдин орунбасары.

Туркистон:

 Бүгүнкү күндө Кыргызстан бийлигинин Ислам жана мусулмандарга, исламий көрүнүштөргө  о.э. исламий баалуулуктарга каршы күрөшүүдөн башка иши жана проблемасы калбаган окшойт.

 Жарым жылдан бери Ош областы жана Ош шаарынын калкы газы жок жашап жатат. Аба ырайы суук болушу менен калкка берилүүчү электр энергиясында да график боюнча өчүрүүлөр башталды. Бензин болсо күндөн-күнгө кымбаттап, ал тургай Талас сыяктуу айрым областтарда  күйүүчү майга кезекке туруулар пайда болууда.

 А бирок, өкмөт бул проблемаларды көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болууда. Анткени, өкмөттүн жогорудагы проблемаларды чечүүгө мүмкүнчүлүгү да, каалоосу да жок. Бул өкмөттүн бирден-бир кайгысы кандай кылып болсо да коомчулуктун арасында Исламдын жана исламий көрүнүштөрдүн кеӊири жайылуусуна жол бербестик болуп барууда. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here