Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстан Республикасынын айрым мыйзамчылык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында”гы мыйзамга кол койду. Ушул мыйзам Кыргызстанда тез-тез күзөтүлүүчү жол тосууну жок кылуу максатында кабыл алынды.
Админстративдик жоопкерчилик туурасындагы кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми жолдорду мыйзамсыз түрдө тосуп, транспорттун кыймылына тоскоолдук кылганы үчүн жоопкерчилик белгиленди. Эми мындай мыйзам бузуу үчүн жеке адамдар 3 миӊ сом, юридикалыкалык жактар болсо 50 миң сом штраф төлөшөт. Эгерде стратегиялык мааниге ээ болгон жол тосулса, жеке адамдар 5 миң сом, юридикалыкалык жактар болсо 70 миң сом төлөшөт. Жол тосууну уюштургандарга же башкаргандарга да штраф салынып мында жеке жактар 10 миң, юридикалык жактар 100 миң сом өлчөмүндө штраф төлөй турган болду.
Буга кошумча Кыргызстандын Кылмыш кодексине да өзгөртүү киргизилди. Мындан кийин жолду жыйырма төрт сааттан ашык тосуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга себеп болот. Ал үчүн бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы белгиленди.
Туркистон:
Кызык, оппозициялык күчтөрдүн дээрлик бардыгы ушул сыяктуу аракет кылышууда. Зулумга каршы аракеттеринин бардыгы, бийликке келип алышы менен аяктайт. Алар көп убакыт өтпөстөн, өздөрү кубалап жиберишкен мурунку жетекчилерге окшоп калышат же алардан да ашып түшүшөт. Акыры Атамбаев Бакиевди өзү тыюу салмакчы болуп жаткан кудум ушул чара жана ыкмалар менен кубалап чыккан эле го. Демек, алар зулумга каршы эмес, жеке адамдарга каршы аракеттенишкен. Аныгыраагы, адамдар ээлеп турган кресло жана коррупциялашкан материалдык кирешелер тармактарын тартып алууну көздөшкөн! Алар ар дайым сайрап келген тышкарыдагы үчүнчү күч болсо, булардын ошол ачкөздүгүнөн өнүмдүү пайдаланып калат. Үчүнчү күч – бул кутуруп бара жаткан куфр системасы. Ар кандай мамлекеттик төӊкөрүш механизмдери, анын саясий, экономикалык жана финансылык тараптардан же ушулардын бирин ыкма кылып алган тышкы эл аралык таасир күчүнө ээ болгон чоӊ мамлекеттер тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргызстан калкы болсо, туӊгуюкка кептелип калгандай. Бир нече жолу бийлик алмаштырганына карабастан, эч нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, ар тараптан абал оорлошуп бара жатат. Кан төгүп бийликти алып берген жетекчилери болсо, уялып кечирим суроо бул жакта турсун, зулумдар күчөп бара жатканын актоого аракет кылууда. Эл дагы алданып, жаңы келе жаткандарына бийликти алып бериши эч нерсени өзгөртпөйт. Анткени, проблема бийликте эмес, тескерисинче, анын башкаруу системасында. Системанын идеологиясында. Бул идеологияны Кыргызстан калкы кабыл албагандыгында. Кыргыз калкынын үстүндө куфр дүйнөсү өтө катуу аракет кылышына карабастан, ал демократиянын идеологиясын кабыл албады. Мамлекеттин улуулугунун, экономикалык өнүгүшүнүн, саясий стабилдүүлүгүнүн кепилдиги, мамлекет менен эл бир идеологияны этикад менен кабыл алып, аны дүйнөгө алып чыгууну көздөй бир дене болуп аракеттениши аркылуу болот.
Хизбут-Тахрир дүйнөдө аракет алып барып жатканда, мына ушул калк менен мамлекет ортосундагы этикадий шайкештикти пайда кылууну көздөй баскычма-баскыч сабыр менен, бир гана Ислам идеологиясынын кубаты менен аракеттенип барат. Ал Исламды система (мабдаъ) катары турмушка алып келип, абалды түптөн өзгөртүү керек деп билет. Учурда бийликте тургандарга же аны талашып жаткандарга жардам берүү менен эч нерсе өзгөрбөйт деп баса белгилейт. Ишениминен келип чыгып аракет кылып жаткан ар бир мусулманды болсо, аракеттерин сая кетирбестен, куфр системасын Ислам системасына алмаштыруу үчүн аракет кылууга чакырат.