Австралиянын Брисбен шаарында 15-ноябрь күнү ачылган “Чоң жыйырмалыктын” кезектеги саммитинде дүйнөнүн жетекчилери Украина кризисине байланыштуу Россияга колдонулушу мүмкүн болгон жаңы жаза-чараларын талкуулашат.
“Мен талкууларда экономикалык реформаларга көӊүл бурууну каалайт элем, бирок, бул силердин жолугушууӊар жана ар бириӊер каалаган маселени көтөрүшүӊөр мүмкүн”, – деди Австралиянын премьер-министри Тони Эббот эки күндүк саммиттин ачылышында.
“Чоң жыйырмалык” саммити ачылышынан бир күн мурда сүйлөгөн сөзүндө Россия президенти Владимир Путин Батыш мамлекеттери Россияга каршы киргизген санкциялар “Чоң жыйырмалык” ишмердүүлүгүнө эле эмес, балким, эл аралык мыйзамдарга жана Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмунун принциптерине тескери экендигин айтып өткөн эле. Бирок, көптөгөн Батыштык жетекчилердин билдирүүсүнө ылайык, Брисбенде Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилиши жөнүндө келишимдер түзүлүшү мүмкүн.
Саммит башталышынан мурда Барак Обама АКШ дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет катары Украинадагы Россия карасанатайлыгына каршы чыгууда негизги ролду ойной тургандыгын айткан.
“Биз батыш Африкадагы Эболага каршы күрөштө жана Россиянын Украинадагы баскынына каршы чыгууда жетекчи ролду ойноп жатабыз. Бул карасанатайлык бүт дүйнөгө коркунуч келтирет жана муну МН17 рейсинин аянычтуу тагдыры мисалында көрдүк”, – деди Обама.
Саммитте Малайзия аба жолдоруна караштуу “Boeing 777” жүргүнчү самолёту Украина чыгышында атып түшүрүлүшүмаселеси да көтөрүлүшү анык болгондуктан, 14-ноябрь күнү Россиянын “Биринчи каналы” аркылуу эфирге узатылган “Однако” программасында “Boeing 777” самолётун Украинанын самолёту кандай “атып түшүргөндүгү” туурасындагы сүрөт көрсөтүлдү. Россия өкмөтү ушундай жол аркылуу саммитте катыша турган президент Путин үчүн “өзүн актоого” шылтоо таап бермекчи болгон эле. Бирок, көптөгөн белгилүү серепчилер бул сүрөт “фотошопто кылынган жасалма сүрөт” экендигин далилдеп беришти.
Эки күнгө улана турган саммиттин алкагында Путин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту. Ошол жолугушууда Кэмерон дагы бир жолу Россияга карата жаңы жаза-чарлар колдонулушу мүмкүндүгү менен коркутту. Германия канцлери Ангела Меркель, Европа союзу Россия жарандарына карата финансылык чектөө киргизүүнү карап жаткандыгы тууралуу билдирди.