Суроо:
Бисмиллахир Рохманир Рохим.
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!
«Саясий түшүнүктөр» китебинин 54-бетинде биринчи абзацтын биринчи катарында «мамлекеттер ортосундагы күрөштүн себептери» темасында: «Тарых таңы аткандан баштап, кыямат күнүнө чейин мамлекеттер ортосунда эки себептин негизинде гана күрөш чыгат. Бири – өкүмдарлык жана менменсинүүгө болгон сүйүү, экинчиси – материалдык пайдалар артынан кууш», – деп келген. Андан кийин ошол беттин өзүндө эле «мамлекеттердин ортосундагы күрөш себептеринин эң коркунучтуусу – түрдүү көрүнүштөрдөгү колонизаторлук себеби» деп келген. Суроо: Биринчи сүйлөмдө «мамлекеттер ортосундагы күрөш себептери … эки түрдүү болуудан нары өтпөйт» деп себептер экөөнө гана, үчүнчүсү болбостугуна чектелген. Бирок, кийинки сүйлөмдө болсо үчүнчү себеп т.а. колонизаторлук себеби айтылган. Суроону башкача жол менен айта турган болсом, мамлекеттер ортосундагы күрөштүн себеби экөөбү же үчөөбү? Анткени, эки сүйлөмдү окуган адам алардын бири-бирине карама-каршы экендигин көрөт, алардын ортосун кантип ылайыкташтырууга болот? Анткени, эгерде күрөштүн себептери экөө боло турган болсо, анда эмне үчүн үчүнчү себеп т.а. колонизаторлук айтылды?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!
«Саясий түшүнүктөр» китебиндеги «Тарых таңы аткандан баштап, кыямат күнүнө чейин мамлекеттер ортосунда эки себептин негизинде гана күрөш чыгат. Бири – өкүмдарлык жана менменсинүүгө болгон сүйүү, экинчиси – материалдык пайдалар артынан кууш» деп келген сүйлөм менен «мамлекеттердин ортосундагы күрөш себептеринин эң коркунучтуусу – түрдүү көрүнүштөрдөгү колонизаторлук себеби» деп айтылган сүйлөм ортосунда карама-каршылык жок. Себеби, колонизаторлук себеби материалдык пайдалар артынан кууш себеби түркүмүнө кирет. Колонизаторлук капиталисттик мабданын кызыкчылык эсептелген өлчөө аркылуу пайдага жетишүүдөгү тарыйкаты болуп эсептелет. Бул болсо, колонизаторлук өзүнөн алыдыӊкы себепке т.а. материалдык пайдалардын артынан чуркоо себебине кайтышын, биринчи сүйлөмдө айтылган эки себептен башка жаңы бир себепке кайтпастыгын түшүндүрөт. Эгерде көӊүл коюп карасаӊыз, биринчи сүйлөмдө дагы бир себеп бар деп күмөн кылына турган башка бир себеп айтылгандыгын, бирок, бул сүйлөм аны өкүмдарлык жана менменсинүүгө болгон сүйүү себебине кайтарганынын күбөсү болосуз. Ошол бетте дагы мындай сүйлөм да келген:
«Эми башка бир мамлекет күчүнүн өсүшүн чектеп коюу себебине токтолобуз. Мисалы, Наполеонго, Ислам мамлекетине, Германия нацизмине каршы ушундай кылынган эле. Бул себеп өкүмдарлык сүйүүсү себебинин бир көрүнүшү. Анткени, ал башкалар өкүмдарлыгына каршы туруу».
Демек, башка бир мамлекет күчүнүн өсүшүн чектеп коюу жогорудагы эки себеп тышкарысындагы өз алдынча бир себеп болуп эсептелбегендей эле, колонизаторлук да материалдык пайдалар артынан кууш түркүмүнө кирип, жогорудагы эки себептин тышкарысындагы өз алдынча бир себеп болуп эсептелбейт. Анткени, бул эки себеп негизги себеп болуп, алардан тышкары эч кандай үчүнчү себеп жок.
Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рошта
17-мухаррам, 1436-х.
10-ноябрь, 2014-м.