ابو عبدالله خلفтын дубадагы маддий таасир туурасындагы суроосуна жооп

413
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, урматтуу шайх! Дубай саламдан кийин, менин дуба маселесинде адашкан нерсемди табышыма жардам берсеӊиз деген элем. Курани Каримде Аллах дуба кылган кишинин дубасын ижабат кылуучу экендиги айтылган. Сүннөт да бизге дуба тез арада же келечекте, же болбосо бул дүйнө жана акыретте эң жакшы нерсе менен мустажаб болушун баяндаган. Хизб «Хизбут-Тахрир түшүнүктөрү» китебинде дуба рухий кыйматты жүзөгө чыгарышы, бирок, анын таасири жана натыйжалары т.а. сооп хис кылынбастыгын баяндаган. Суроом, канткенде дубанын таасирлерин соопко гана чектөөгө болот, Аллах дубаны бул дүйнөдө да ижабат кылышы мүмкүн го? Сизге Аллах береке берсин!

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Менин оюмча, сиз «мафохим» китебинин 57 жана 58-бетинде келген сөздөргө ишара кылып жаткан жана бул маселени түшүнө албаган окшойсуз. Маселе төмөнкүдөй:

Эки бетте дуба жөнүндө жана анын хис кылынбай турган натыйжаны т.а. соопту жүзөгө чыгарышы туурасында келген сөздөр белгилүү бир абалдагы мааниде келген. Т.а. шаръий нусустар бирер маселени аткаруу тарыйкатын баян кылган болсо да, бирок, биз бул тарыйкатка амал кылбай, тескерисинче, дуба кылуу менен эле чектелип калган абал маанисинде келген. Китепте бирер калааны фатх кылууда же душманга каршы согушууда жихад менен дуба кылуу мисал келтирилген.

Мындан башка абалда болсо дубадан хис кылына турган натыйжа келип чыгат, инша Аллах. Буга кошумча, сурооңузда келген Расулуллах Aдын хадистерине ылайык, сооп да ишке ашат.

Бул иш айкын болушу үчүн мафохимдин 57 жана 58-беттеринде келген текстти да келтирмекчимин:

  • 57-беттин башында мындай келет: «Тарыйкатка тиешелүү шаръий өкүмдөр далалат кылган бул амалдарга көӊүл буруп караган адам алар хис кылынбай турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган амалдар эмес, тескерисинче хис кылына турган натыйжаларды жүзөгө чыгара турган маддий амалдар экендигин көрөт».

Бул туура, себеби далилдер үйрөнүлсө, тарыйкатка байланыштуу амалдар хис кылына турган натыйжаларды чындыгында эле жүзөгө чыгарышы белгилүү болот.

  • Кийин китепте чеп же шаарды фатх кылуу же душманды өлтүрүү абалында дуба менен жихаддын ортосу биригиши керектиги айтылып, дуба кылуунун өзү тарыйкат эместиги, тескерисинче, мындай абалда тарыйкат жихад болуп, бул нерсе бир катар далилдерге негизделгени баян кылынган.

Мафохимде мындай келет: «Мисалы, дуба рухий кыйматты жүзөгө чыгара турган амал. Жихад да рухий кыйматты жүзөгө чыгара турган маддий амал. Бирок, дуба маддий амал болсо да, хис кылынбай турган натыйжа т.а. соопту жүзөгө чыгарат, мейли дуба кылуучунун максаты рухий кыйматты жүзөгө чыгаруу болсо да».

Бул жерде душмандарга каршы согушуп жатып же бирер калааны фатх кылып жатып албетте дуба да, жихад да бирге болушу айтылууда.

Качан дубанын өзүнө гана амал кылынса, хис кылынбай турган натыйжа т.а. сооп жүзөгө чыгат. Анткени, бул абалда келген тарыйкат дуба эмес, жихад болот, анткени, бул жердеги маселе, бирер маселеде баян кылынган тарыйкатка амал кылбастан дубанын өзүнө амал кылынса, албетте экөөнүн ортосун бириктирүү керектиги маселеси болуп эсептелет.

Ошондуктан, хис кылына турган натыйжаларда таасири болбогон дубаны бул абалда жалпылаштыруу жаиз болбойт. Анткени, бул абалдагы дуба соопту гана жүзөгө чыгара турган дуба. Анткени, алдыӊкы текстте келген нерсе Шариятта өзүнүн амалий тарыйкаты келген го, бирок, ал алынбай анын ордуна дуба гана алынып аны менен эле чектелип калган, натыйжада дубанын хис кылынбай турган натыйжасы т.а. сооп гана болгон маселеге тиешелүү.

Менин оюмча, сизге жогоруда мисал катары келтирилген сүйлөмдүн өзү түшүнүксүз болгон окшойт, анткени, анда «Бирок дуба маддий амал болсо да, хис кылынбай турган натыйжаны т.а. соопту жүзөгө чыгарат» деп келген жана муну менен ошол сүйлөмдөн умумий болсо керек деген күмөн келип чыккан, башкача айтканда, дуба бардык абалдарда хис кылына турган натыйжаны гана т.а. соопту жүзөгө чыгара турган болуп калган. Акыйкатта болсо, бул мисалдын агымы белгилүү бир абалга тиешелүү болуп, бирер калааны фатх кылууда же душманды жеӊүүдө жалаӊ гана дуба кылып, нусуста келген тарыйкатка т.а. жихадга амал кылбастык жөнүндөгү мисал.

  • Эми, себептерге амал кылган абалда дуба кылууга келсек, албетте анын натыйжаларга таасири бар. Бул Расулуллах A жана сахаба Gларда ушундай болгон. Анткени, Расулуллах A жихадга кошуун даярдайт эле жана чатырга кирип дуба кылат болчу. Кодисия согушунда мусулмандар да Нахрга бастырып киргени даярдык көрүшкөн, Саъд G Аллахка жүздөнүп дуба кылган. Ушундай көрүнүштө садик-чынчыл момундар оболу даярдык көрүшүп, андан кийин дубага киришет эле. Ырыскы издеп аракет кылган адам да дуба кылган абалда эмгектенет жана машакат тартат, илим алуучу да Аллах Субханахудан ийгилик тилеген абалда билим алат жана аракет кылат, булардын натыйжасы Аллахтын уруксаты менен ишке ашат.

Мафохимде мындай деп келген: «Бирок ушул нерсе белгилүү болушу керек, мейли тарыйкатка далалат кылган амал хис кылына турган натыйжага ээ болгон маддий амал болсо да, бул амал Аллахтын амру нахийлери негизинде жүргүзүлүшү жана аны Аллахтын амру нахийлери негизинде жүргүзүүдөн Аллахтын ыраазылыгы көздөлүшү керек. О.э. мусулмандын зээнинде Аллах Таалага байланыштуулукту сезүү өкүмдар болушу зарыл. Анткени мунун менен ал Аллахка Куран тилават кылуу, намаз окуу, дуба кылуу жана ушул сыяктуу амалдар менен жакын болсун. Мусулман «жеңиш Аллах тарабынан келет» деп ишениши керек. Ал үчүн жүрөктөрдө Аллахтын өкүмдөрүн аткаруу үчүн бекем орношкон таква болушу зарыл. Ошону менен бирге дуба кылуу, Аллахты зикир кылуу зарыл жана бардык амалдарды аткаруу маалында Аллах менен туруктуу көрүнүштө байланышуу да зарыл». Мындан көрүнүп тургандай, момундун бардык амалдарында дуба менен себептерге амал кылуу барабар алып барылышы маанилүү. Анткени, «لا بد зарыл», деген сөз менен ушул маанилүүлүк ого бетер күчөп, бардык амалдар дуба менен бирге болушу жана Аллахка үзгүлтүксүз байланышуусу өтө маанилүү экендигине далалат кылууда.

  • Жогоруда айтканыбыздай, Расулуллах A менен сахаба Gлар кылып келгендей, дубага качан себептер менен биргеликте амал кылынса, экөөнөн албетте хис кылына турган натыйжа келип чыгат, инша Аллах. Экөөнү бирге иштетүү Ислам тарыйкатына тескери эмес, тескерисинче, исламий мафкураны ишке ашыруу үчүн нусустарда баян кылынган тарыйкатты таштап, жалаӊ гана дуба кылуу менен чектелүүнүн өзү Ислам тарыйкатына тескери келет.

Мафохимде 57-беттин аягы, 58-беттин башында мындай деп келген:

«Ошондуктан, Ислам фикратын аткаруу көздөлө турган бардык амалдар хис кылынбай турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган амалдардан турган болушу бүтүндөй четке кагылат жана бул Ислам тарыйкатына тескери болуп эсептелет».

Т.а. Ислам фикратын аткаруу көздөлө турган бардык амалдар хис кылынбай турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган амалдардан турган болушу Ислам тарыйкатына тескери дегени. Бирок, амалдардын айрымдары хис кылынбай турган натыйжаларды (белгилүү бир абалдарда дуба кылууну) жүзөгө чыгарышы, кээ бирлери болсо хис кылына турган натыйжаларды (маддий даярдыкты) жүзөгө чыгарышы шариятыбызда белгилүү нерсе болуп, өтө эле маанилүү болуп эсептелет, Ислам тарыйкатына тескери болуп эсептелбейт.

  • Ошентип, Мафохимде дуба жөнүндө айтылган текст эки абалда болот:

Биринчи: фикратты ишке ашырууда жалгыз дубанын өзү келиши фикратты ишке ашыруу тарыйкатынан эмес, тескерисинче, нусустар аны ишке ашыруу үчүн башка тарыйкатты келтирген. Мисалы, согушка кошуун даярдабастан, жалаӊ гана дуба кылуу менен чектелип, бирер калааны фатх кылуу үчүн душманга каршы  согушуу абалы. Мындай абалда дубадан хис кылынбай турган натыйжадан т.а. сооптон башка нерсе жүзөгө чыкпайт.

Экинчи: Дуба менен бирге себептерге да амал кылуу. Бул өтө зарыл иш болуп, мындай абалда эки иш т.а. дуба менен себептерге амал кылуу катышып, хис кылына турган натыйжалар келип чыгат, инша Аллах.

Мафохимде башка абалдарда дуба туурасында айтылбаган, тескерисинче, имам Ахмад өзүнүн «Муснад»ында риваят кылган төмөнкү умумий хадис өз ичине алган нерсе келген:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ، قَالَ: اللَّهُ أَكْثَرُ، أي يستجيب الله سبحانه للداعي بإحدى ثلاث، ومن بينها إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ»

«Кайсы бир мусулман бир дуба кылса, дубасында күнөө жана тууганчылыкты үзүү болбосо, Аллах ага ушул дубасынын акысына үч нерсенин бирин берет: же дубасынтез арада жүзөгө чыгарат, же ушул дубаны анын акыретине алып коёт, же ушул дубачалык жамандыкты андан буруп жиберет. Сахабалар: Анда дубаны көбөйтөбүз, – деп айтышты. Пайгамбар A: Аллах көбөйтсүн, – деп айтты». Т.а. Аллах Субханаху дуба кылуучунун дубасына үч нерсенин бирин берет. Алардын арасында «же дубасын тез арада жүзөгө чыгарат»деп айтылган сөз бар. Бул болсо, хис кылына турган натыйжа.

  • Ушуга ылайык, демек, Мафохимде айтылган абалдан башка т.а. дубада хис кылуу мүмкүн болгон натыйжалар бар болсо, жогорудагы хадисте «же дубасын тез арада жүзөгө чыгарат» деп айтылгандай хис кылына турган натыйжа да бар. Чындыгында, Аллах музтар-начар адам качан дуба кылса, аны ижабат кылышы туурасында Өз аяттарында пенделерине ырайым көрсөттү жана бул ижабат кылууну Өзүнөн башка кудай жоктугуна хужжат-далил даражасына алып чыкты. Булардын бардыгынан ачык көрүнүп тургандай, музтар-начар адамдын дубасын ушул дүйнөдө ижабат кылат, анткени, аяттагы «مُضطر начар» калимасы муктаж болгон нерсени ушул дүйнөдө сураш керектигин түшүндүрө турган муфхам васф болуп эсептелет. Демек, ижабат Аллахтын уруксаты менен хис кылына турган болот… Аллах Субханаху мындай дейт:

أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ السُّوءَ وَيَجْعَلُكُمْ خُلَفَاءَ الْأَرْضِ أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ

«Же (Аллахтан башка) ким музтар-начар адам дуба кылган убакта ижабат кылып, анын мүшкүлүн жеӊил кылат о.э. силерди жердин халифасына айландырат?! Аллах менен бирге дагы башка кудай барбы? Силер кемден-кем эскертме-үлгү аласыӊар!»                      [27:62]

Аллах Субханаху бизди дуба кылууга буйруду жана аны ижабат кылууга убада берди:

﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ﴾

«Роббиӊер: Мага дуба кылып сурагыла, Мен силердин(дубаӊарды) силерге ижабат кыламын, – деди»     [40:60]

Расулуллах A үч нерсенин бирин берет деп ушул ижабатты тафсирледи жана бул абалдардын бири хис кылына турган натыйжа болуп эсептелет. Натыйжалардын  хис кылына турган же хис кылынбай турган көрүнүштө жүзөгө чыгышы Аллахтын уруксаты менен болот.

Тыянак:

  • Мафохимде келген тексттин түшүндүрмөсү төмөнкүдөй:

а)   Тарыйкат хис кылына турган натыйжаларды жүзөгө чыгаруучу амалдар;

б)   Бирер калааны фатх кылуу же душманга каршы согушуу темасындагы жихад менен, дуба кылуу менен гана чектелүүнүн ортосун салыштыруу маселесине келсек, мында дуба хис кылына турган натыйжага алып барбайт, тескерисинче, соопту гана жүзөгө чыгарат. Анткени, анын бир өзү гана калааны фатх кылуу же душманга каршы согушуу тарыйкатынан эмес.

в)   Ислам фикратын ишке ашыруу көздөлгөн амалдардын бардыгы хис кылынбай турган натыйжаларга алып баруучу амалдар болушу дурус эмес. Хис кылына турган жана хис кылынбай турган натыйжаларды жүзөгө чыгара турган амалдар өз ара аралашкан болушу мүмкүн. Кудум, Аллах Субханахуга нусрат сурап дуба кылуу менен бирге согушка кошуун даярдоо сыяктуу.

г)   Мусулман тарыйкат амалдарын аткарып жатканда дуба кылуусу өтө зарыл. Расулуллах A да, сахаба Gлар да ушундай кылышкан.

  • Мафохимде соопко гана алып бара турган дубаны кылуу т.а. калааны фатх кылуу сыяктуу бирер маселеде дубадан гана пайдалануу, тарыйкатка болсо амал кылбастык абалы туурасында мына ушулар келген. Анткени, тарыйкатты т.а. жихад кылууну шаръий нусустар баян кылган.

Эми дубанын башка абалдарына келсек, бул Расулуллахтын жогорудагы умумий хадистерине туура келет:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ، قَالَ: اللَّهُ أَكْثَرُ»

«Кайсы бир мусулман бир дуба кылса, дубасында күнөө жана тууганчылыкты үзүү болбосо, Аллах ага ушул дубасынын акысына үч нерсенин бирин берет: же дубасын тез арада жүзөгө чыгарат, же ушул дубаны анын акыретине алып коёт, же ушул дубачалык жамандыкты андан буруп жиберет. Сахабалар: Анда дубаны көбөйтөбүз, – деп айтышты. Пайгамбар A: Аллах көбөйтсүн, – деди». Ахмад өзүнүн муснадында келтирген.

Ушул хадистен белгилүү болгондой, Аллах Субханаху дуба кылуучунун муктаждыгын т.а. хис кылына турган натыйжаны кээде бул дүйнөдө жүзөгө чыгарат экен, кээде ошол дубачалык өлчөмдө жамандыкты андан буруп жиберет экен, же болбосо, хис кылынбай турган натыйжасын т.а. соопту акыретке алып коёт экен.

Аллах Субханаху ва Таала улуу фазл ээси болуп, Рахман жана Рохим. Ал Зат дубаны бул дүйнөдө ижабат кылса да, акыретке да сообун алып коюу менен пендесине сый көрсөттү. Аллах Роббул ааламинге хамду сана болсун.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                                

1-мухаррам, 1436-х.

25-октябрь, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here