Аллоху акбар, Аллоху акбар, Аллоху акбар, ла илаха иллаллох, Аллоху акбар, Аллоху акбар ва лиллахил хамд

343
0

Улуу Исламий Үммөткө…

Байтул Харам ажыларына…

Урматтуу даъватчыларга…

Баракчамдын конокторуна…

Ассаламу алайкум ва рохмутуллохи ва барокатух…

Аллах таат-ибадатыңарды кабыл аласын, бул айтта силерге жакшылык жана берекет берсин… Аллах ажылардын ажылыгын кабыл алсын, ажылыктары мабрур, сейилдери машкур жана күнөөлөрү магфират болсун…

Эй боордоштор, эгер Аллах Субханаху айт күнүн кубанычка, мусулмандардын шаттыгына, туугандар ортосунда жакшы алаканы бекемдөөгө айлантпаганда, Үммөт ортосунда куттукттоо жана салам жолдоно турган кылбаганда… Аллах Субханахунун:

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу)заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды»                                                                                                                [24:55]

деген күч-кубат жана үстөмдүк жөнүндөгү убадасы Үммөткө келбегенде… Расулуллах A:

«…ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деп рошид Халифалыкты кайтышын башарат кылбаганда… Аллах үчүн калыс аракет кылган, Расулуллах Aга садик болгон, өз колу менен Халифалыкты тикелөөнү, Исламдын жана мусулмандардын азиздигин кайтарууну Аллахтан сурап күнү-түнү аракет кылып жаткан хизб болбогондо…

… мусулмандардын жүзүнөн жылмаюу көрүнбөйт эле. Анткени, Үммөттү чар тараптан курчап алган кырсыктар жүрөктү сыздатып, кайгыга салууда… Халифалык бир кылымдан бери жок. Ошондуктан, мусулмандар ыдырап, аларды Аллахтан, Расулунан жана момундардан уялбаган рувайбиза акимдер башкарууда. Кудум мусулман өлкөлөрү каныбызды төгүү жана урматыбызды тебелөө үчүн күрөш майданына айлангандай колонизатор кафирлер жана алардын союздаштары өлкөлөрүбүзгө о.э. калкыбызга кол салып жатканын айтпаса да болот….

Эгер, силер чыгышка бурулсаңар, Индонезиядан Тиморду жана Бирманы көрөсүңөр. Силер Бирмада эмне болгонун билесиңерби?! Ал жердеги мусулмандардын абалы жүрөк сыздатат. Анткени, ал жерде бутпарастар ырайымсыз кылмыштарды жана жыкткычтыктарды жасашууда… Кийин Бангладешке өтсөңөр ал жердеги кырсыкка күбө болосуңар… Кийин Кашмирге жетесиңер жана ал жердеги индустар кылмышын көрөсүңөр… Кийин Пакистанга өтсөңөр ал жердеги кырсыктарга жана Америка Вазиристанда учактары менен ишке ашырган чабуулуна күбө болосуңар… Кийин Афганистанга өтсөңөр ал жерди Америка жана НАТО күчтөрү басып алганына күбө болосуңар. Ал жерде жырткыч кыргын бир күндө токтобойт… Түндүк тарапка көтөрүлсөңөр Чеченстанды, Кавказды, Крымды көрөсүңөр. Ал жерлерде да Россия колун канга бөлөп жатат. Ал жерден чыгышка карап Чыгыш Түркстанга бурулсаңар Кытай мусулмандарга түрдүү азаптарды жеткирип жатканына күбө болосуңар… Кийин Жер Ортолук Деңизге түшсөңөр Кипрди көрөсүңөр. Ал Түркиядан бөлүп алынгандан кийин ал жерде кипрлик гректер өкүмдарлык кылууда…

Эгер, түштүк тарапка бурулуп, деңизди жээктесеңер мусулман өлкөлөрүнүн жүрөгү, эки кибланын биринчиси Мубарек Палестина жерин көрөсүңөр. Ал жерде мубарек жерди яхудийлер басып алганына жана ал жерде кылмыштарды о.э. кыргындарды жасап жатканына күбө болосуңар, бул жердин мечити оор жарааттан улам онтоп жатканын угасыңар… Кийин Шамга өтөсүңөр. Шамда эмне болуп жатканын билесиңерби?! Ал жерди Шам тогуту гана канга малбастан, а түгүл, ал жерде мусулмандардын бири-бирине каршы согушуусу акыбетинде да кан төгүлүүдө. Бул кыргын жана кан төгүүнү колонизатор кафирлердин о.э. саткын малайлардын чабуулдары күчөтүүдө. Алар учактардан, деңиз жана океандан, кала берсе, Булуңдагы базаларынан туруп чабуул кылышууда.

Эгер, батыш тарапка бурулсаңар Ливияны көрөсүңөр. Ал жерде мусулмандар бири-бири менен согушууда… Кийин Мисирди көрөсүңөр. Акимдер ал жерди кресттүүлөрдөн жана монголдордон тазалаган Мисир кошуунун ички маселелер менен алек кылып койгонуна күбө болосуңар. Алар Палестинага таш ыргытса жеткидей жакын турушса да Палестинаны басып алган яхудийлерге каршы козголуп да коюшпады. Кийин Борбордук Африка тарапка бурулсаңар, ал жерде мусулмандардын сыпаттап болгус даражада азап тартып жатканына, пакиза кандар төгүлүп жатканына, намыстар тебеленип жатканына күбө болосуңар… Кийин анын коңшусу Суданды көрөсүңөр. Анын түштүгү түндүгүнөн ажыратылды жана жарааты канаган абалда таштап коюлду… Кийин бир нече жылдардан бери жийиркенчтүү согуштардан онтоп жаткан Сомалини көрөсүңөр…

Булардын баары мусулман өлкөлөрүндө колонизатор кафирлер жана аларга малай акимдер себептүү болууда… Ал эми, кафирлердин өлкөлөрүндөгү мусулмандардын кырсыктарына келсек, бул жөнүндө көпкө сүйлөсө болот. Анткени, бул калктар мусулмандар өздүгүнөн баш тартуусун каалашууда. Жада калса, алар мусулман аялдарынын кийимдерине да тыюу салып, азан добушун өчүрүүгө да аракет кылышууда. Алар өздөрүнүн коомунда, турмушунда, жада калса, көчөлөрдө мусулмандарды жек көрүүнү жайылтышууда.

Булар Халифалык жок болгон доордо башыбызга түшкөн кырсыктар, адамды таң калтыра турган мусийбаттар.

Эй боордоштор, мен «Эгер, булар болбогондо…» деген жана андан кийинки сөздөрүмө ушуларды кошумчаламакмын, Аллах Тааланын:

«Ошентип,  албетте, ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик да бар. албетте, ар бир кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик да бар»                                                   [94:5-6]

«Ар качан пайгамбарларыбыз үмүтсүз болуп: «Биз жалганчыга чыгарылдык – пайгамбар экендигибизге ишенишпеди», деп ойлоп башташканда, аларга Биздин колдообуз-жеңишибиз келип, Биз каалаган кишилерге нажат берилет эле. (А бирок) кылмышкер болгон коумдон Биздин азабыбыз кайтарылбайт!»                                                                             [12:110]

деп келген аяттарына сереп салып… Аллах жана Расулунун ансарлары болгон Мадина калкы Расулуллах A оор абалда турганда анын алдына келишкенине сереп салып… Момундар энеси Хадижа Iнын жана Расулуллах Aдын көмөкчүсү Абу Талибдин дүйнөдөн кайтышы, кийин Таиф калкы Расулуллах Aды канга бөлөп кескин каршы жообун бериши натыйжасындагы «Кайгы жылында» ансарлардын келишине сереп салып, Расулуллах A үчүн кайгылуу болгон ушул жылдардагы биринчи жана экинчи Акаба байъатына, кийин Расулуллах Aдын хижратына жана мамлекеттин тикеленишине сереп салып…

… ушул нерселерди ачык-айкын байкадым, ызаадан кийин үмүт бар, кайгыдан кийин кубаныч, кыйынчылыктан кийин жеңилдик, бактысыздыктан кийин бакыт, «Биз Аллах үчүнбүз жана Ага кайтуучубуз» деп айтылгандан кийин Аллахтын рахматы, андан соң жакшылык жана жеңиш бар… андан соң жакшылык жана жеңиш бар… андан соң жакшылык жана жеңиш бар.

«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах) каалаган кишисине нусрат берет жана Ал кудурет жана ырайым Ээси»                                  [30:4-5]

Сөзүмдүн аягында силерге салам жолдоп, жакшы дуба кыламын. Аллах таат-ибадаттарды кабыл алсын о.э. силерге неъматын жана берекесин жаадырсын…

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта

Хижрий 1435-жыл, мубарек Курман айтынын кечеси

 9-зул-хижжа,1435-х.

 3-октябрь,2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here