ЭРДАГАН: ТҮРКИЯ УБАКТЫЛУУ ЧЕЧИМГЕ ЫРААЗЫ БОЛУУЧУ МАМЛЕКЕТ ЭМЕС

271
0

Бейшемби күнү Түркия парламенти көпчүлүк добуш менен кошуна Ирак жана Шам өлкөлөрүндөгү согушкерлерге (Мужахиддерге) каршы түрк армиясын аракетке келтирүүгө уруксат берүүчү токтом долбоорун тастыктады. Бул токтомдун тастыкталышына 98 депутат каршы добуш берген болсо, 298 депутат ыраазылык берди.

Бул токтом Түркия конституциясына ылайык, Сирия жана Ирак жерлеринде аскерий операцияларды өткөрүү үчүн түрк кошуунуна жашыл чырак жагып берет. О.э. бул токтомго ылайык, чет өлкөлүк кошуундар Түркия аймактарына жайгаштырылышы жана түрк армиясы менен кызматташтыкта аскерий операцияларды өткөрүшү мүмкүн.

Түркия парламенти тастыктаган токтомдун текстинде жалпысынан мындай сөздөр келген: “Түркиянын улуттук коопсуздугуна карата террор коркунучу жана ар кандай кооп-коркунучка каршы улуттук укуктук нормага ылайык ар түрдүү чараларды көрүү, Ирак жана Сириядагы бардык террорчу топтордун Түркияга каратылган чабуулдарын токтотуу, массалык качкындык сыяктуу коркунучтарга каршы коопсуздук чараларын  күчөтүү, кризис маалында жана андан кийин ар кандай абалда Түркиянын жогорку кызыкчылыктарын коргоо …”, “Түрк куралдуу күчтөрүн зарылдык пайда болгондо, чегара аймактарына жана чет өлкөлөргө жөнөтүү о.э. ушундай максатта чет өлкөлүк күчтөрдү Түркияга жайгаштыруу, бул күчтөрдү өкмөт белгилеген негиздерге ылайык аракетке келтирүү, кооп-коркунучтардын алдын алуу үчүн ар кандай чараларды көрүү жана бул долбоорлор өкмөт тарабынан белгиленген негиздерге ылайык ишке ашырылышы үчүн конуституциянын 92-беренесине ылайык 4-октябрь, 2014-жылдан баштап бир жылга уруксат берилишин сурап кайрыламын. Премьер-министр Ахмад Довутоглу”.

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдаган Сирия жана Ирактагы мужахиддерге каршы АКШ башчылыгында түзүлгөн коалицияга кошула тургандыгын билдирди. Бирок, ал бул үчүн абадан болгон  чабуулдар менен чектелип калбастан, “туруктуу чечим”ди пайда кылууну шарт кылды.

Эрдаган парламенттин алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Биз ар кандай кызматташтыкка даярбыз. Бирок, бардыгы ушуну билип коюшу керек, Түркия убактылуу чечимге ыраазы болуучу мамлекет эмес. Региондогу бардык террорчу (Исламий) топторго кыйратуучу сокку берүү керек. Бул жаатта Түркиянын насааттары жана эскертүүлөрү эсепке алынышы керек”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here