Аднан Хан (Adnan Khan)дын кайрымусулмандар менен жеп-ичүү жана кийим-кече маселесинде дини боюнча мамиледе болуу туурасындагы суроосуна жооп

397
0

 Суроо:

Salaams Sheikh

My question is on an article in the Constitution. In article 7, clause 4 or clause D from the English translation of the second edition 2010, it is stated: The non-Muslims will be treated in matters related to foodstuffs and clothing according to their faith and within the scope of what the Shari’ah rules permit. My question is related to clothing.

Will Non-Muslim women be allowed to wear any clothing as long as it covers the bodies and is modest, such as long dresses or trousers and a shirt? Or will they be required to wear Khimar and Jilbaab like the Muslim women?

How was the non-Muslim women’s dress was dealt with throughout Islamic history? i.e. were they allowed ot wear what they wanted or was the Islamic dress enforced upon them.

May allah reward you

From your Brother Adnan from the UK

Суроонун котормосу:

Ассаламу алайкум!

«Халифалык мамлекетинин конституция долбоору» китебинин 7-берене, 4-пунктунда «Кайрымусулмандарга тамак-аш жана кийим-кечелерге тиешелүү болгон иштерде – шарият өкүмдөрү уруксат берген алкакта – өз диндерине ылайык мамиле кылынат» деп келген. Менин суроом кийим-кече жөнүндө: Муслима болбогон аялдарга денелерин жаап турушу жана көздү өзүнө тарпай турган болушу шарты менен узун көйнөк же шым менен көйнөк сыяктуу ар кандай кийим кийишине уруксат берилеби же алардан да муслима аялдар сыяктуу, жоолук жана жилбаб кийүү талап кылынабы? Өзү Ислам тарыхында кайрымуслималардын кийимине карата кандай мамиледе болушкан? Алардын каалагандай кийинишине уруксат берилгенби же Исламий кийим кийүүгө мажбурланышканбы?

Аллах сизди жакшылык менен сыйласын!

Боордошуӊуз Аднан Бириккен Королдуктан.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух!

Чындыгында эле сиз сураган суроо жогорудагы китепте «Кайрымусулманларга тамак-аш жана кийим-кечелерге тишелүү болгон иштерде – шарият өкүмдөрү уруксат берген алкакта – өз диндерине ылайык мамиле кылынат» деп келген. Сиз ушул кийимдер жөнүндө сурап жатасыз, мунун жообу төмөнкүдөй:

Ушул берене кийимдерге карата эки чектөөнү киргизген:

Биринчи чектөө: «Өз диндерине ылайык», – деген сөз. Т.а. алардын өз диндерине ылайык кийим кийүүсүнө уруксат берилет. Өз диндерине ылайык кийим кийүүлөрү деп диндар эркек жана диндар аялдардын кийинүүлөрү айтылат. Т.а. руханий жана рохибдердин кийимдери о.э. руханий аял жана рохиба аялдардын кийимдери. Бул кийимдер алардын дининде белгиленген болуп, алардын эркек жана аялдары ошол кийимдерди кийиши мүмкүн. Биринчи чектөөгө карата ушундай.

Экинчи чектөө болсо: «Шарият өкүмдөрү уруксат берген алкакта», – деген сөз. Бул жалпы турмуштук өкүмдөрдөн болуп, мусулман жана кайрымусулман, эркек жана аялдардан турган Ислам мамлекетинин бардык жарандарын камтыйт.

  • Өз диндерине ылайык кийимдер деген сөз истисна кылынган;
  • Өз диндерине ылайык болбогон кийимдер болсо жалпы турмушка тиешелүү шаръий өкүмдөргө ылайык болот. Буга эркектер жана аялдар тийиштүү;

Жалпы турмуштук кийим «Исламда ижтима түзүмү» китебинде кеӊири баяндалган жана бул мусулман жана кайрымусулмандан турган бардык жарандарга тиешелүү болуп, кайрымусулмандар мындан истисна кылынбайт, болгону жогоруда айтканыбыздай, өз диндерине ылайык кийимдер гана истисна кылынат. Мындан башкалары болсо, аялдардын авраттарын жабышы жана жасанып-түзөнбөстүктөрү, жилбаб кийип, жоолук оронушу шарт, анткени шым кийүү да жасанууга кирип, ал аялдын авратын жапса да, бирок, аны жалпы турмушта кийүү жаиз эмес.

Тарыхка назар таштай турган болсок, бүтүндөй Халифалык заманында муслима аялдар да, кайрымуслима аялдар да жилбаб кийишкен т.а. үйдө кийүүчү көйнөктөрүнүн үстүнөн кеӊ көйнөк кийишкен жана баштарын оронушкан, муслима жана кайрымуслималар жашаган айрым кыштактар да кийиминде айырмасыз болгон. Ал тургай, Халифалык кулатылгандан кийин да ошол Исламий кийимдер бир кыйла сакталып калган. Эгерде сиз Палестинадагы жетимиш жана сексен жаштан өткөн карылардан сурасаӊыз, “ошол кыштактарда бир кыл Исламий кийим кийген муслима жана кайрымуслималарды көргөнбүз” деп жооп беришет.

Ушул айткандарым сурооӊузга жетиштүү жооп болот деп үмүттөнөмүн.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                                

  22-шаввал, 1435-х.

  18-июль, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here