«Insight» программасы: «Ирак жана Шам Ислам мамлекети» уюму жана чет элдик аралашуу

328
0

Кече кечкурун Австралиянын «SBS» телеканалы «Insight» программасында «Күрөшкө мүчө болуу» деген көрсөтүүнү эфирге берди. Көрсөтүүдө согушуу үчүн Сирия жана Иракка сапар жасаган мусулмандар жөнүндө сөз кылынды. Бул программа «Today Tonight», «A Current Affair» сыяктуу башка программалардан айырмаланбашын ырастап, Британиядагы мусулман коомуунун кыжырын козгоду о.э.  «SBS» телеканалы да жамандыкта башка каналдардан кем эместигин далилдеди. «Insight» программасы жалданма журналистиканын классикалык үлгүсүн о.э. Ислам жана мусулмандарды жаманатты кылуунун ыплас аракетин көрсөттү.

Хизб-ут-Тахрир–Австралия бул жөнүндө ушуларды баса белгилейт:

1 –   «Insight» программасында «ИШИМ», бул уюмдун тандап алынган айрым иштери жана мусулмандардын ага карата көз карашы жөнүндө сөз кылынды. Бул талкууда реалдуу проблемалардын бири да ортого салынбады. Көрсөтүүгө тандап алынган катышуучулар да көңүл тажаткан сөздөрдү айтып, болбогур жүйөлөрдү көрсөтүштү. Бул программа Исламдан коркууну толук камсыздай турган түрдө даярдалган жана көрсөтүүдө көрөрмандарды ыраазы кылуу үчүн Ирак жана Сириядагы маанилүү абал этибарга алынбады.

2 –   «Insight» программасы Ислам жана мусулмандардын маселеси жөнүндө бир нече талкууларды, маектерди өткөргөн. Бирок, эч бир маселеге объективдүү карабаган, маселеге байланыштуу абалды түшүнүүгө аракет кылбаган. Көрсөтүүдө Женни Проки: «Өкүнүчтүүсү, көрсөтүүдө талкууланган маселелерди бир күндө чечүү мүмкүн болгондой, мындай геосаясий проблеманы да бир күндө чече албайбыз», деп кечирим сурады. Шек-күмөнсүз, мындай тактика Батыш мамлекеттери тышкы саясатта өздөрүн алып качуудан, бардык проблема Ислам жана мусулмандарда деп көрсөтүүдөн башка нерсе эмес.

Качан «Insight» программасы Австралия бийлиги жана анын союздаштары жасап жаткан жырткычтык кылмыштарды көрсөтөр экен, деги, алар дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө армияларын жиберишип, согуш артынан согуш алып барышууда го?! Качан бул программада Австралия аскерлери Кошмо Штаттар аскерлери менен биргеликте катардагы афган калкын өлтүрүп, денелерин, кулак, мурундарын кесип, кийин үстүнө заара кылып жатканы көрсөтүлөр экен?! Качан муътадил австралиялыктар менен радикал австралиялыктар ортосундагы экстремист илманий топтордун проблемасы каралар экен? Терроризм Батыштын тышкы саясатына каршы реакция катары ортого салынар бекен?! Булардын жообун «жок, таптакыр андай болбойт» деп айтсак, жаңылышпайбыз. Себеби, негизги маалымат каражаттарынын көпчүлүгү бийликтин жарчылары болуп, ачык-айкын сүйлөшүү жана диалог өткөрүүдөн качып, жалган кабарларды таратуу менен алектенишет.

3 –   Жаш балдар үзүлгөн баштарды ташуусу, насранийлерди куугунтуктоо, кыргын кылуу жана ушуга окшогон иштер бүтүндөй туура эмес. Бирок, ошого карабастан, маселе Ирак жана Сириядагы азыркы абалга байланыштуу болгондо атайын жогоруда айтылган нерселерге жана бул нерселерге тиешеси бар жамааттарга этибарды каратуу актап болгус бурмалоо болуп эсептелет. Ушул орунда айтуу керек, азыр ИШИМди Батыш мамлекеттерин чочутуп туруучу мокочо кылып көрсөтүү үчүн аны Ал-Каиданын жаңы орун басары деп көрсөтүшүүдө. Мындан ушул максаттар көздөлгөн:

а)   Батыш мамлекеттеринин башка өлкөлөрдүн ишине аралашуусун актоо жана Американын Иракты үч бөлүккө бөлүү планын ишке ашыруу: түндүк-чыгышта Күрттөр мамлекети, түндүк-батышта Суннийлер мамлекети, түштүктө Шиалар мамлекети;

б)   Терроризмге каршы күрөш мыйзамын күчөтүү үчүн учурда жүз берип жаткандай Батыштагы мусулман коомунун иштерине жергиликтүү жактан ашыкча аралашууну актоо.

в)   Ислам атын, өзгөчө, Халифалык түшүнүгүн булгоо, негизи, ИШИМди Ислам мамлекети деп болбойт.

Демек, мусулмандар мындай басымдарга алданып калбашы, мындай жасалма чабуулдарды каралап коюу менен гана аларга ылайыкташып калбашы керек. Тескерисинче, Батыштын терроризмге каршы күрөш түшүнүгүнүн жасалмалуулугун ачыкка чыгаруусу зарыл. Кылымыбыздын биринчи номурдагы террорчулары болгон Батыш мамлекеттери өздөрүн адамзаттын куткаруучусу, тынчтык жана адилет коргоочусу катары көрсөтүүдө, түпкүлүгүндө болсо, алар баскынчылык жана согуш аркылуу өлкөлөрүбүздү ойрондуга айланткан.

4 –   Австралия бийлиги дагы чет элдик аралашуу күүсүн чертип, адаттагыдай, Кошмо Штаттардын этегине жабышууда. Бул жолу насранийлерге жана Ирак халдейлерине кам көрүү деген нерсени шылтоолоп жатышат. Ошол эле учурда, Батыш мамлекеттери Сирияда Асад режиминин колу менен куралсыз жана айыпсыз катардагы жарандардын тынымсыз кыргын кылынып жатканына, Бирмада бүтүндөй бир айыл өрттөлүп, күлү көккө сапырылганына, бүгүн болсо, Газада куралсыз катардагы жарандар курчоого алынып, бомбаланып жатканына эч бир аракетсиз жөн гана карап турат.

5 –   Австралия бийлиги Сирияга жихад үчүн сапар алган мусулмандарды айыпташы негизсиз эки жүздүүлүктүн дал өзү. Бийлик жоопкер, ал репрессия кылынып жаткандарга жана мазлумдарга жардам берүү үчүн өз жанын курман кылып жаткандарды эмне үчүн кылмышкерге чыгарып жатканын жүйөлөп бериши керек.

Телефон: +61 438 000 465

Электрондук почта: media@hizb-australia.org

Адрес: Haldon St, Lakemba 2195 NSW AUSTRALIA *** PO Box 384

Punchbowl 2196 NSW AUSTRALIA

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here