Ирак Жана Шамда бири-бири менен согушуп жаткан уюмдарга

245
0

Ирак Жана Шамда бири-бири менен согушуп жаткан уюмдарга, урууларга кайрылуу: бири-бириңер менен согушууну токтоткула, анткени, Америка аскерий жактан өлкөңөргө аралашуу үчүн силерден пайдаланууда

Ирак жана Шамда окуялар ылдамдап, 2014-жылы 18-августта Обаманын билдирүүлөрү да кызуу түс алды, Америка коргоо министри Хэйгел жана башкы штаб башчысы Демпси 2014-жылы 22-августта өткөрүлгөн басма сөз конференциясында Обаманын бул региондогу аскерий аралашууга тиешелүү узакка пландалган стратегиясы жөнүндө .. . Америка аскерий аралашуусун колдой турган эл аралык коалиция түзүү жолун кармануу жөнүндө сөз кылышты! Булардын баары региондун кээ бир калкы, саясатчылар жана аскерийлер Американын аралашуусун ачык талап кылышкандан кийин болду! Америка иш жүзүндө Иракка аба аркылуу аралашууну баштады. Сирия коалициясы 2014-жылы 16-августта Америкадан Иракка аралашып жаткандай Сирияга да аралашууну катуу талап кылды. Бул коалиция «эмне үчүн Америка эки түрдүү стандартты карманат, Иракка аралашып, ошол эле учурда, эмнеге Сирияга аралашпай жатат» деп каралап (жалбарып) Америкага кайрылды!

үгүн Афганистан жана Иракта Американын жырткыч баскынчылыгынан, Пакистан жана Яманда учкучсуз самолёттордун чабуулдарынан азап тарткан мусулмандар жана регион калкы жек көргөн Америкадан жакшылык үмүт кылынууда, анын аскерий аралашуусу талап кылынууда! Акыйкатта болсо, минтип Американын аралашуусун ыктыяр менен талап кылуу – зомбулук жана мажбурлоо менен алып барылган аралашуудан өткөн жамандык. Сага уу жылан чабуул кылып, сен ага каршылык көрсөтүшүң – өз колуң менен бул жыланды үйүңө алып кирип, натыйжада, ал сени, перзенттериңди жана корооңдогу баарын өлтүрүшүнөн көрө миң эсе жакшыраак! Америка оту менен жылынмакчы болуп жаткан тигил кимселердин көздөрү сокур, кулактары дүлөй көрүнөт!

Бирок, заман жана мекенди мындай жаман окуяларга эмне алып келди? Америка аракет кылган жана пландаштырган фитналарга, аралашууга эмне ыңгайлуу шарт жаратты? Региондун айрым калкын Американын аралашуусун талап кылышына эмне түртү? Бул жөнүндө терең ой жүгүрткөн киши Америка Сирия жана Ирактагы козголоңчу кыймылдардын бири-бири менен согушуп жатканынан пайдаланганын көрөт. Бул кыймылдар негизи тогуттардын башкаруусун жок кылуу үчүн майданга чыккан, эми болсо, бул кыймылдар – Роббим ырайым кылган кыймылдарды кошпогондо – бири-бири менен согушууга өттү. Өкүнүчтүүсү, алар колонизатор кафирге же режимге каршы согушуп жаткан жок! Ошого карабастан, бул тараптардын эч кимиси бири-бирине ушул суроолорду бербей жатат: Бул окуялар эмне үчүн жүз берип жатат? Жүз берип жаткан бул окуялар кайда бара жатат, бул кыймылдар жарыялаган максат кайда калды? Эмнеге бул тараптар: Ирак жана Шам Ислам Мамлекети (ИШИМ) уюму жана башка кыймылдарбири-бири менен чатакташып жатат? Эмнеге алар режимдин көзөмөлүндөгү региондорду азат кылуу үчүн күрөшүүнүн ордуна бири-биринин колундагы, режимден азат кылынган региондорду талашып өз ара күрөшүүдө ?!

Эй мусулмандар! Биз, Хизб-ут-Тахрир, ИШИМдеги, куралдуу кыймылдардагы жана уруулардагы мусулмандарга кайрылуу жолдойбуз. Бири-бириңерге каршы согушууну токтоткула, тескерисинче, жарашуу жолуна өткүлө жана залимдерге таянуудан баш тарткыла! Антпесе, силерге тозок оту жетет. Биз мусулмандардын кызыкчылыктарын ойлоп кайрылуу жолдоп жатабыз. ИШИМ жана башка кыймылдар бири-бири менен согушуп, бири-бирин өлтүрүү үчүн такбирлерди кыйкырып жатканын көрүп жүрөгүбүз сыздап жатат! Өкүнүч өкүм сүргөн ушул учурда үмүт байлап баарына ушул кайрылууну жолдойбуз:

Биринчиден: ИШИМ уюму жасап жаткан иштери үчүн Аллахтан корксун, мусулмандарды өлтүрүүнү токтотсун. Мусулман канынын кыйматы Аллахтын назарында улуу. Бул уюм өзү жарыялаган жасалма халифалыктан баш тартсын. Халифалыкка жетүүнүн жолу белгисиз эмес, Расулуллах өзүнүн сийратында Халифалыкты тикелөөнүн жолун ачык-айкын баяндап берген. Халифалык мамлекеттүүлүктүн факторлорун камтыган өлкөдө кубат ээлеринен нусрат талап кылуу аркылуу, ушул өлкө калкынан ыраазылык менен байъат алуу аркылуу тикеленет. Бирок, ИШИМ шарият важиб кылган нерсени карманган жок. Шарият буйрубаган ар кандай иш өз ара чыр-чатакка жана фитнага алып барат. Ошондой да болду, себеби, ИШИМ менен башка кыймылдардын ортосунда кандуу согуш башталды, ИШИМ кирип барган ар бир региондун калкы бул уюмдан амандык табуунун ордуна андан кача турган болду. Ошондуктан, бул уюм өз каталарын оңдосун, катадан баш тартуу да бир фазилет.

Экинчиден: Америкадан, Батыштан, малайлардан жардам сурап жаткан башка куралдуу кыймылдарга кайрылабыз … колонизатор кафирлерден жардам сурашашыңар үлкөн, кырсыктуу жаңылыштык, сокурлук жана дүлөйлүк болуп эсептелет. Деги, силер жок кылмакчы болуп жаткан малайларды Америка жана Батыш орноткон болсо, Америка жана Батыш силерге жардам берет беле ?! Америка силерди ушул эски малайлардын ордуна жаңы малайларга айлантууну кааласа гана силерге жардам бериши мүмкүн! Булардын баары жаандан качып мөндүргө тутулууну ырастап жаткан жокпу ?! Араңарда бирер рошид киши барбы ?!

Үчүнчүдөн: эр кишилердин эрдигине, исламий туйгуларга, адамдардын урматына негизделип урууларга кайрылабыз … Бири-бири менен согушуп жаткан бул тараптардын эч бирин колдоп-кубаттабагыла. Себеби, алар колонизатор кафирлерге каршы согушкан жок. Акыйкатта болсо, алар тогут режимдерди өзгөртүү үчүн чыгышканын жарыялашкан, бирок, алар ушул режимдерге каршы бирге күрөшүү үчүн бириккен жок, тескерисинче, бири-бири менен согушуу үчүн бардык айла-амалдарын ишке салышууда. Ошондуктан, аларды тыйып койгула, аларды хидаят үстүндө бириктиргиле. Ошондо алардын багыты исламий багытка, адамдар амандыкта жашай турган рошид Халифалыкка өзгөрөт.

Төртүнчүдөн:

«Роббиң ырайым кылган кишилер гана (акыйкат жолдо ынтымакта жашашат) »  [11: 119]

сыяктуу кишилерге, Аллахка берген убадаларында садык тургандарга жана рошид Халифалыкты куруу үчүн Аллахка жана Расулуна жардам берүүгө убада кылгандарга о.э. исламий кыймылдар менен согушуудан өздөрүн алыс туткан жана өздөрү көздөп чыккан максатты ишке ашыруу үчүн аракетти уланткан кыймылдарга кайрылабыз … Өзүңөр негизделген акыйкат үстүндө бекем тургула. Силерди мусулмандардын канына малынган тигил кыймылдарга караганда саны аз деп билип жаткан кимселердин кеп-сөздөрү силерге зыян жеткире албайт. Аллахтын назарында акыйкат жолду карманган садык азчылыктын салмагы батыл жолун туткан көпчүлүктөн оор. Жакшы акыбет муттакийлерге таандык.

« Биз жер жүзүндө кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды башчы заттарга айландырууну, мураскорлор кылууну кылбайбыз»                                                                                                                 [28: 5]

Эй мусулмандар! Хизб-ут-Тахрир алтымыш жыл даъват кылып жаткан акыйкат үстүндө бекем турду, Расулуллах Aдын жер жүзүндө Ислам өкүмүн орнотуу үчүн нусрат талап кылуудагы тарыйкатын бекем карманды, бул тарыйкаттан кылча да четке чыкпады, нусрат талап кылуу – узак жол, күчтү ишке салып адамдарга өкүм колдонуу болсо эң кыска жана эң жакын жол деген кеп-сөздөргө карабастан, пайгамбырыбыздын тарыйкатынан четке чыкпады. Бул кимселер маселе кандай болбосун бийликке жетүү эместигин, ар кандай жолду кармануу эместигин, тескерисинче, маселе Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык экенин, тарыйкат болсо Расулуллах сызып берген, Расулуллах Азиз Хаким Зат тарабынан келген вахий менен ачыктап берген тарыйкат экенин түшүнүп жетишпеди … Андан башка ар кандай тарыйкат кыска убакыт ичинде бийликке алып келиши мүмкүн, бирок, ал кемтик, туура эмес бийлик болот, Аллах, Расулу жана момундар ыраазы болбогон бийлик болот. Халифалык мазмунсуз, кыйматы жок аталыш эмес, тескерисинче, ал адамдар тынчтык, амандыкты издеп хижрат кылып бара турган бейпилдик, кадыржамдык өкүм сүргөн Халифалык. Адамдар Халифалыктан коркуп зомбулукту жасоодон тыйылышат. Ал адамдардын өмүрү, намысы, мал-мүлкү жана жери аман боло турган Халифалык. Халифалыкта кан төгүлбөйт, ар-намыстар тебеленбейт, үйлөр ойрон кылынбайт, мал-мүлктөргө кол салынбайт. Халифалык мусулман өлкөрүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө өз хазараты жакшылык алып келет. Ал мусулман да, кайрымусулман да аман боло турган, ар бир адамдын акы-укугу адилеттик менен корголо турган Халифалык!

Өз калкын алдабаган жетекчи – Хизб-ут-Тахрир силер менен бирге жана силердин өкүлүңөр катары бул кайрылууну жолдоп жатат. Ал бардык жан күйдүргөн, пикир жүгүрткөн адамдарга, күбө болуп акыйкатка кулак салган бардык инсандарга кайрылуу жасайт: ар бир жан күйдүргөн жана пикир жүгүрткөн адам сөз менен болсо да күчүн жумшасын, ИШИМдеги, башка козголоңчу кыймылдардагы жана уруулардагы мусулмандар ортосундагы согушту токтотууга аракет кылсын. Мүмкүн, мусулмандар бири-бири менен согушууну токтотуп, баары бир болуп Америка пландаштырып жаткан аскерий аралашуу коалициясына каршы турар. Ошондо бул сапарбарлык ушул коалицияга кыйратуучу сокку берет жана анын жамандыгы күч алышынан мурун анын жамандыгын тыйып коёт. Бул, Аллахтын уруксаты менен, чын дилден ыклас менен жолдонгон кайрылуу. Биз күбө болуп акыйкатка кулак салган бир кишиге кайрылып жатабыз. Себеби, ошондо бул кайрылуу Ислам жана мусулмандарга жардам берүүдө жана колонизатор кафирлердин айла-амалын токтотууда таасирдүү роль ойнойт. Ал эми, акыйкатка кулак салбаган жана акыйкатты көрбөгөн кимселерге келсек, күчтүү, Азиз Зат алар жөнүндө мындай кабар берди:

«Албетте, дүлөй жана дудук болуп алган акылсыз кимселер Аллахтын назарында эң жаман айбандар»                                                                                           [8:22]

Хизб-ут-Тахрир

28-шаввал, 1435-х.

24-август, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here