СОГУШТАН КАЧУУНУНАЖАЙЫП ЖОЛУ

247
0

Израиль армиясы Газа регионуна чабуулдарын улантып карапайым калктын үстүнө бомба жаадырып жаткан бир мезгилде палестиналык мужахиддер Израиль солдаттарын бутага алууну улантууда. Мужахиддердин акыркы чабуулунда Израилдин сегиз солдаты өлтүрүлгөндүгү билдирилди.

Кабарларга ылайык, яхудий аскерлери арасындагы жоготуулар алардын коркууга түшүп калышына себеп болууда. Аскерлер арасында түшкүндүккө түшүү күчөп бара жатканда, яхудий аскерлеринин көпчүлүгүнүн бутуна ок тийгендиги маалымат каражаттарынын көӊүлүн өзүнө бурду. Айтылышынча, согушка кирүүдөн коркуп жаткан Израиль аскерлери өздөрүнүн анчалык эле коркунуч туудурбай турган жерлерине өзүн-өзү атып алууга мажбур болушууда. Акыркы кезде 15 аскердин кызыл ашыгынан жарадар болушу бул маалыматтарды ого бетер күчөттү.

Борбору Газада жайгашкан “Ал’ан” сайтынын Израиль басма сөзүнө таянып кабар беришинче, Израиль аскерлери Газа согушунан качуу максатында өзүн-өзү бутка атуу окуялары көбөйүп бара жатат.

Израиль армиясын коркууга салган абалдардын дагы бири алардын мусулмандар колуна туткунга түшүп калышы. Алардын мусулмандар колуна туткунга түшүп калышынын алдын алуу үчүн 1980-жылдан 2013-жылга чейин “Ганнибал” буйругу берилгендиги белгилүү болду.

“Ганнибал” буйругуна ылайык, Израиль аскерлеринин бири мусулмандардын колуна туткунга түшүп, аны куткаруунун таптакыр мүмкүнчүлүгү болбосо өзүнүн шериктери тарабынан өлтүрүлүшү керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here