ДАВУТОГЛУ КЕРРИНИ ЭСКЕРТТИ

235
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушкан Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу “эгерде Израиль Газага кылып жаткан чабуулдарын тезинен токтотпосо мунун акыбети Араб дүйнөсүнө эле эмес, тескерисинче, бүт дүйнөгө жаман болот” деп эскертти.

Давутоглу Керри менен жолугушуусу маалында АКШнын Израилге каратылган “тынч жарандарга көӊүл бургула” деген чакырыгы жетишсиз экендигине басым жасады. Израилдин Газага суудан, кургактыктан жана абадан уюштуруп жаткан чабуулдары аял-эркек, жаш-кары дебестен, жалпы көрүнүштө бардык элге  каратылгандыгын билдирген Давутоглу ок атууну токтотуу үчүн Израилге басым өткөрүүнү АКШдан талап кылды. Давутоглунун айтымында, ок атууну токтотуу чечими туруктуу болушу үчүн бул ишке Вашингтон олуттуу көрүнүштө көӊүл бурушу керек.

“Израилдин аракеттери дароо токтотулушу керек. Тараптар ортосунда эң кыска убакыттын ичинде ок атууну токтотуу туурасында сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл…..”, – деди Түркиянын тышкы иштер министри.

Давутоглунун Керрини эскертишинче, эгерде Израилдин чабуулдары улана турган болсо анын таасири Ислам дүйнөсүнө эле чектелип калбайт, тескерисинче бүт дүйнөгө жаман таасирин тийгизет, өтө чоӊ жарылууга себеп болушу да мүмкүн. А бирок, Давутоглу “чоӊ жарылуу” дегенде эмнени назарда туткандыгын ачык айтпады.

Туркистон: Албетте, Давутоглу “чоӊ жарылуу” дегенде “мусулмандар туура жолдогу Халифалык мамлекетин тикелешет жана алар Жакынкы Чыгыш проблемаларын эле эмес, балким, дүйнөнүн проблемаларын исламий система негизинде чечип башташат” демекчи болууда. Бирок, ал өзү кайсы тарапта экендигин жашырууга аракет кылууда. Ал Ислам менен куфрду эскертип жаткандыктан, анын куфр системасы ичинде экендиги билинип турат.

Израиль проблемасы бул куфр системасы тарабынан бир карасанатай план негизинде багытталып жаткандыгы анык. Давутоглу сыяктуу акимдерибиздин бул проблеманы куфрдун өзүнө кайтаруу менен, аны эскертүү менен, андан жардам суроо менен чечилет деп ойлоп жаткандыгынын өзү чоӊ проблема. Бардык ката ушундан башталат. Себеби, Израиль проблемасы мусулмандарды ислам мабдаъсы негизинде бириктирүүчү Халифалык мамлекетинин тикелениши менен чечилет, инша Аллах. Давутоглунун куфр дүйнөсүнөн сурап жаткан жардамы болсо, анын өкмөтү ошол система ичинде экендигин, бийлигинин кулабай турушу да ушул системанын бар болуп турушуна байланыштуу экендигин түшүндүрөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here