Израилдин Газага кылган чабуулу себептүү өлгөндөрдүн саны көбөйүп бара жатканда, израилдик бир хохом палестиналыктардан бир да адам калтырбастан кырып таштап, Газаны дүйнөнүн картасынан өчүрүп таштоону талап кылды.
Хохом Дов Лиор Израиль армиясынан палестиналыктарды кырып таштоону талап кылып жана Тоорот ушуга буйругандыгын баса белгилеп: “Тоорот бизге согуштарда кандай кылышыбызды үйрөтөт”, – деди.
Израиль армиясы агызган кандарга тойбогон Лиор: “Кана эми, бүтүндөй палестиналыктарды өлтүрүшсө да Газа бүтүндөй жок кылынса”, – деп кошумчалады.
Израилдин маалымат агенттиктерине интервью берген хохом Лиор “Кассам” тобу Газадан чыккандыгын тилге алып, ошол себептен улам израилдиктер үчүн газалыктардын каны мубах экендигин билдирди.
“Бул согушкерлер Газа калкынын ичинен чыккан болсо, демек бүтүндөй Газа биз үчүн душман болуп эсептелет. Алардын ар бирин өлтүрүшүбүз керек. “Кассам” тобу менен согуштук абалда болгондуктан Газа калкынын электр энергиясын үзүп коюу, аларга түрдүү зулумдарды өткөрүү жана чабуул кылуу мубах болот. Алар ушуга татыктуу”, – деди Дов Лоир.
Бул хохом Израиль коргоо министрин аскерлерге катуу буйрук берүүгө чакырды. Хохомдун айтымында, Газадагы жаш балдар менен аялдарды да бирин калтырбастан кырып таштоо керек.
Ал: “Израиль коргоо министри буйрук бериши керек. Газаны жер менен жексен кылышы шарт. Анткени, эгерде бул эл жок кылынбаса аскерлерибиздин “Кассам” тобу туурасында арыздануулары таптакыр бүтпөйт”, – деди.
Мындан мурда Израиль парламентиндеги аял депутат Аелет Шакед да палестиналык муслима энелерди өлтүрүүгө чакырган болчу. Аллах Таала өзүнүн китебинде бул текебер яхудийлерди сыпаттап кандай гана туура айткан:
قَدْ بَدَتْ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ
“Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Дилдериндеги душмандыктары болсо андан да чоӊураак”.