ОБАМА ЕВРОПАГА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРАТ

282
0

АКШ президенти Барак Обама июнь айында Польша, Бельгия жана Францияны өз ичине алган Европа мамлекеттерине жумушчу сапарын баштайт.

Ак үйдүн расмий сүйлөөчүсү Жай Карней жазма билдирүү чыгарып, президент Обама АКШнын союздаштары менен туруктуу кеңеш алкагында 2014-жылдын июнь айында Польша, Бельгия жана Францияга бара тургандыгын билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Обама Польшанын борбору Варшавада эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана дүйнөдөгү мамлекеттердин лидерлери менен бирге коммунизм кулашынын 25 жылдыгы себептүү Польшада уюштурулган эскерүү күнүнө катышат.

Польшадан кийин Бельгияга өтүүнү пландаштырган Обама ал жерде 4-5-июнь күндөрү өткөрүлүшү пландаштырылган “Чоӊ жетилик” мамлекеттери жыйынына катышат. Жыйында жетекчилер экономикалык жана коопсуздук жактарын өз ичине алган ортоктош маселелерди ортого таштап, Украинадагы кырдаалга тиешелүү 24-март күнү Гаагада болгон жолугушуунун калган бөлүгүн улантышат.

Россия Крымды басып алгандан кийин Россиянын Сочи шаарында өткөрүлүшү пландаштырылган “чоӊ сегиздик” мамлекеттеринин жыйыны бекер кылынып, анын курамынан Россия чыгарып ташталгандан кийин, бул жыйын Бельгияда өткөрүлүшүнө тотом кылынган болчу.

Обама Бельгиядан кийин Францияга барат. Ал жерде Обама Франциянын түндүк батышында жайгашкан Нормандияда өткөрүлүүчү эскерүү күнүнө катышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here