КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиришинче, Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-май күнү Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен Астанада жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери тууралуу сүйлөштү.
Жолугушууда Жоомарт Оторбаев, Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы кызматташуу өнүгүп бара жаткандыгын, экономикалык жана бардык тармактардагы алакалар кеӊири көлөмдө колдоп-кубатталып жаткандыгын айтып өттү.
Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Карим Масимов да, Евразия экономикалык шериктештигине биригүү жараянында эки мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүдө жардам берүүчү эл аралык финансылык институттар катышуусунда ири регионалдык долбоорлор алкагында өз ара кызматташтыкты мындан кийин да улантуу зарыл экендигин белгилеп өттү.
Ошону менен бирге, энергетика, траспорт, өнөржай о.э. чегара маселелерин да көрүп чыгышты.
Эки мамлекеттин премьер-министрлери, Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болушу маселесин талкуулашты.
Жогорудагы иш сапар убагында Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Азия өнүктүрүү банкынын башкаруу Кеӊешинин жыл сайын өтүүчү 47-жыйынына катышат.
Мындан тышкары, өкмөт башчы бир нече ири өнүктүрүү институттарынын жетекчилери, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, JICA жана Кытай өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолугушат.