ПАЛЕСТИНАЛЫК МУСУЛМАНДАРДЫ КОРГОО ҮЧҮН

305
0

8-июль күнү Газа регионунда башталган баскынчы яхудий мамлекетинин чабуулу натыйжасында эӊ эле бери дегенде 270 мусулман көз жумду.  Алардын көпчүлүгү карапайым жарандар эле. Жакынкы Чыгыш регионундагы малай акимдер болсо казармаларда бекерчиликтен зеригип отурган мусулман аскерлерди яхудий вужудуна каршы согушка баштоонун ордуна “Хамас” жана яхудий вужуду ортосунда ортомчулук кылуудан жана “тереӊ тынчсыздануу билдирүүдөн” ары өтпөй жатышат.

Жүз миилиондогон мусулмандардын курчоосунда жашаган бир нече миллион калкы бар яхудий вужуду болсо кылып жаткан кылмыштары үчүн эч кандай жооп бербестигин жана мусулмандардын малай акимдери өздөрүнүн кожоюндары болгон Америка жана Батыш мамлекеттери сызып берген сызыктан бир карыш да четке чыга албастыгын жакшы билгендиктен улам чектен чыгуу менен кылмыштарын улантып жатышат.

Мейли, дүйнө жүзүнүн түрдүү региондорунда жашаган мусулмандар палестиналык боордошторун коргоо жана колдоп-кубаттоо үчүн ар түрдүү нааразылык акцияларын уюштуруп жатышкан болсо да, алардын акимдери эч кандай амалий ишке өтпөй жатышат.

Ошондой иш-чаралардын бири 18-июль күнү Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында болуп өттү. Бишкекте Газа регионундагы аскерий операцияларга каршы “Бардык мусулмандар бир тууган” деген аталышта болуп өткөн нааразылык акциясына парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов, Өзбек ажы Чотонов, Руслан Бекназаровдор баш болгон 150 мусулман катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары Газа регионунда яхудий вужуду ишке ашырып жаткан аскерий операцияларды сындап, өлгөндөргө багыштап Куран окушту. О.э. Кыргызстан өкмөтүнөн Жакынкы Чыгышта жүз берип жаткан окуяларга мамиле билдирүүнү талап кылышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here