«Араб жазынын кайталанууларысыз Судан проблемаларын туура чечүүжөнүндөгү Исламий көз-караш – нажатжолу»
Конференция Халифалык кулатылганын эскерүү менен Суданда өткөрүлдү Хижрий 1435-жыл 4-ражаб, миладий 2014-жыл 3-май.
Аллахка мактоолор болсун, Расулуллахка, үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал кишини дос туткандарга салату-саламдар болсун ва баъд.
Улуу Ислам Суданына… Судандагы алгачкы мусулмандар планын көрсөткөн биринчи мечит Дункула мечити Суданына… Халифа Усман G Мисир валийине Суданга Ислам нурун алып кирүүнү буйруган доордогу улуу исламий фатх Суданына… Абдуллах ибн Абу Сарх командачылыгында Ислам кошууну жиберилди. Дункула айланасындагы кагылышуулардан кийин хижрий 31-жылы Нубадагы «Макарра» акими менен Бакт келишими түзүлгөндөн кийин Ислам кошууну Суданга түндүктөгү Нуба тарабынан кирип келди. Келишимдин бир шарты Дункула мечитине этибар берүү болчу… Аббасий халифа Маъмун Суданына… Ошол доордо кээ бир мусулмандар Нубада жер сатып алышканда насранийлердин чоңу бул соода туура эмес деп каршы чыгып, жерди саткан насраний анын жарандарынын бири экенин, ошондуктан, ал өз жерин анын уруксатысыз сатышы мүмкүн эместигин, ал болсо уруксат бербегенин айткан… Ошондон кийин бул маселе халифа Маъмунга жеткенден кийин халифа аны казынын өкүмүнө сунуштайт. Казы жердин ээси өз жерин насранийлердин чоңунун уруксатысыз иштетүү укугуна ээ, себеби, ал өз мүлкүн иштетүүдөн тыйылгыдай анын кулу эмес деп өкүм чыгарды. Умар G да: «Адамдарды качан кул кылып алдыңар, негизи энелери аларды азат абалда төрөгөн го…» деп акыйкат сөздү айткан. Ушул адилеттүү өкүм насранийлердин чоң бөлүгүнүн Исламга киришине себеп болгон. Анткени, алар Ислам акы-укукта чоң менен кичинени ажыратып кемсинтпешин, Исламда эч кимге зулум кылынбашын өз көздөрү менен көрүштү. Ошентип, Ислам Аллах Субханахунун фазилети менен тез жайылып Судан түндүгүнөн тартып түштүгүнө чейин, чыгышынан тартып батышына чейин бүткүл Суданды курчап алды… Усманийлер Суданына… ошол доордо Судан жана Мисир 1821-жылы бир вилаятка айланды… Англистер Китченер командачылыгында Суданга баскынчылык кылынганда аларга каршы согушкан мужахид Суданга… ушул баскынчылык 1896-жылдан тартып жыйырма жылдай созулуп англистер 1898-жылы Уммудурманды, 1900-жылы болсо Кордофанды басып алышты. Дарфур 1916-жылга чейин каршылык көрсөтүүнү улантты. Ошол жылы Дарфур валийи таква, күчтүү каарман мужахид аалым Али ибн Динар шейит болду. «Зул Хулайфа» мечитин оңдоодо жана ажыларды суу менен камсыздоо үчүн кудуктарды казууда Али ибн Динардын кызматы зор болгон. Бул кудуктар бүгүнкү күнгө чейин анын ысымы менен «Абяру Али – Али кудуктары» деп аталып келет…
Суданды өз ыйманы, илими, жихады… менен берешен кылган ушул улуу ата-бабаларыбыздын баарына… Мубарек конференцияңарга чогулган урматтуу жамаатка… Ислам саламын жолдоп Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух деймин.
Эй урматтуу боордоштор, гүлдөп-өсүп, нур тараткан ушул тарыхтан кийин Ислам жана мусулмандардын душманы Англия тарабынан түздөн-түз колония кылуу дагы кырк жыл уланды. Ошентип, англистер Суданды түздөн-түз колония кылып, бул өлкөдө 1896-жылдагы англис баскынчылыгынан тартып 1956-жылга чейин алтымыш жыл турушту… Кийинчерээк кыйыр түрдө саясий жана сакафий колония кылуу башталды, капитализмдин чириген жагымсыз баалуулуктары жайылды, эски колонизатор Англия менен жаңы колонизатор Америка ортосунда Судан үстүндө колонизаторлук күрөш башталды. Акыбетте таза, пакиза Судан бөлүп жиберилди. Колонизатор Америка демөөрчүлүк кылган батыл, канкор Найваша келишими боюнча Судандын түштүгү түндүгүнөн бөлүнүп чыкты… Эгер, иш мына ушул чегарада гана токтогондо биз колонизатор кафирлердин бүткүл максаты мусулман өлкөлөрүн ыдыратуу деп айтмакпыз. Бирок, мындан да жаманы жана өкүнүчтүүсү Судан режими Американын үндөөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө бар күчүн жумшады жана Найваша келишимин жан үрөп ишке ашырды. Бул режим өзү ишке ашырган бул келишимдин батылдыгын жан анын көзүн парда басып калганын моюнга алар бекен?! Тескерисинче, бул режим өлкөнүн ыдырашын жеңиш деп эсептеди! Ушул ыдыратуунун негизи болгон Найваша келишимин болсо улуу иш деп эсептеди! Ошентип, баалуулуктар, түшүнүктөр өзгөрдү. Расулуллах A Ибн Мажа Абу Хурайрадан чыгарган хадисинде ак сөздү айткан. Абу Хурайра мындай дейт: Расулуллах A айтты:
«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَاتُ، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الْأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ. قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ فِي أَمْرِ الْعَامَّةِ»
«Адамдардын үстүнө жалганчы жылдар келет. Бул жылдарда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын – аманаткөй, аманаткөй болсо саткын деп эсептелет, бул жылдарда рувайбиза сөз сүйлөйт.Ошондо: Рувайбиза эмне? – деп суралды. Пайгамбарыбыз:Амманын иши жөнүндө (сүйлөй турган) арамза кимсе» деп дооп берди.
Эй мусулмандар, бүгүн акимдер Үммөттүн ойгонгонун, өздөрүнүн азиздик булагы болгон рошид Халифалыкты каалап жатканын көрүштү. Мына ушундай доордо Судан бийлиги «Суданды куткаруу» деген шылтоону карманып, капитализм тарыйкатындагы орточо чечимдерди талкуулоо үчүн диалог өткөрүүгө чакырууда. Түпкүлүгүндө, бул диалог бийликтеги топту жасаган жаман иштеринин жазасынан куткаруу жана кылмыштарын жаап жашыруу үчүн өткөрүлөт… Бул акимдер өлкөнү ыдыраткан жана Судан жерине бөлүнүп чыгуу уругун сепкен режим менен диалогго кирүүгө чакырышууда. Дарфур маселеси боюнча Доха келишими муну тастыктап турат. Эй боордоштор, биз азап тартып жаткан оорулардын дабасы Америка жана анын жардамчылары үндөп жаткан диалогдо эмес, тескерисинче Аллахтын шариятында жана Халифалык түзүмүндө. Бул диалогдон орточо чечимге жетишүү көздөлгөн. Орточо чечим болсо Аллахтын динине алып барбайт, тескерисинче, Чыгыш жана Батыш тарабынан боло турган жамандыкка алып барат. Бул эки жамандык өз ара аралашып биргеликте Аллах, Расулу жана момундар жаман көргөн табигый эмес, ыплас түзүмдү пайда кылат… Бүгүн мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан өкүмдөр муну тастыктап турат.
Проблемаларыбыздын чечими белгисиз эмес, куру кыял да эмес. Бул чечим Аллах Субханахунун Китебинде жана Расулуллах Aдын Сүннөтүндө о.э. ал кишинин сахабаларынын – аларга Аллахтын ыраазылыгы болсун – ижмасы менен жазып коюлган… Бул шаръий өкүмдөр караңгылыкты нурга толтурат. Мусулмандар узак кылымдар бою ушул өкүмдөр негизинде иш жүргүзүштү. Натыйжада, дүйнөдө биринчи макамда турган мамлекет болушту. Бул мамлекет өз жеринде гана эмес, бүткүл дүйнө бойлоп жакшылык таратты… Эмнеге Синд падышасы туткун кылып алган бир нече аялдар Мухаммад ибн Касимден жардам сурашкан? Мухаммад ибн Касим алардын жардам сураган муңун кабыл алган. Ошондуктан, мусулман кошууну халифанын буйругу менен согушка аттанып, Синд падышасынын тактысын кулаткан, туткун аялдарды азат кылган, Синд жана Хиндди фатх кылып, бул өлкөлөрдү Ислам нуруна толтурган. Эмнеге жардам чакырыгына туткун аялдарды азат кылган жана ушул өлкөлөрдү Ислам нуру менен фатх кылган кошуундардын жардамы менен жооп берилди? Бүгүнкү абалга карагыла. Бангладештин жанында жайгашкан Мьянмада аялдар, балдар жана карылар жардам сурап жалбарышууда, бирок, алардын муңуна жооп бере турган эч ким жок! Эмнеге ушундай?! Бир румдуктан зулум көргөн аял: «Эй Муътасим кайдасың» деп кыйкырганда, бул, халифага жеткен соң халифа жеке өзү кошуунга баш болуп, ошол аялга зулум кылган кимседен өч алды жана бүгүнкү Анкара жанындагы Амурияны фатх кылды. Акыйкатта болсо, ал күчтүү корголгон Рум шаарларынын бири эле. Эмнеге ошол аялдын кыйкырыгы бүткүл армияны аракетке келтирген? Бүгүн болсо Суданга жакын жайгашкан Борбордук Африкада аялдар, балдар жана карыялар тынымсыз ый салып, кыйкырышууда, бирок, бул кыйкырыктарга жардам бере турган эч бир үн, куткаруу үчүн аракетке келе турган бир да армия жок. Эмнеге ушундай? Эмнеге, эй мусулмандар?.. Мунун себеби артында туруп согуш кылына турган жана корголо турган халифанын жоктугу эмеспи?! Үммөт иштерин камкордук менен башкара турган ушул халифанын жоктугу эмеспи?! Андай эмеспи, ар бир көзү бар адам муну идирек кылбайбы?! Мусулмандардын азиздик булагы – Халифалыкты тикелөө эмеспи?! Мусулмандардын тагдырий маселеси Халифалык эмеспи?! Мойнунда Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзгөн халифага байъат бербей өлгөн адам жахилият өлүмү менен өлбөйбү?! Бул фарз эмеспи, фарз болгондо да кандай фарз?! Эй мусулмандар биздин ишибиз анын башы эмне менен оңдолгон болсо ошону менен гана оңдолот… Акыйкат менен өкүм жүргүзө турган жана Исламды туура колдоно турган мамлекет, алгачкы Халифалык жолун карманган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык менен гана оңдолот. Халифалык Исламды ичкериде колдонот жана Исламды чет жакка жаюу үчүн кошуун менен жолго аттанат…
Эй мусулмандар: Хизб-ут-Тахрир Халифалыкты тикелөөнү куру кыялданып жатат, негизи, бүгүнкү күндө Халифалыкты тикелөө мүмкүн эмес, деп айткан кимселер бар экенин билебиз. Биз мындай жооп беребиз: Хизб-ут-Тахрир Аллахтын ыйман келтирген жана салих амал кылган кишилерге:
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу)заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды» [24:55]
деп берген убадасын тилават кылып жаткан болсо куру кыялданып жаткан болобу? Хизб-ут-Тахрир Расулуллах Aдын жабыр көрсөтүүчү залим башкаруудан кийин кайра Халифалыктын тикелениши жөнүндө:
«…ثُمَّ تَكُونُ جَبْرِيَّةً… ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… Кийин жабыр көрсөтүүчү падышалык болот… Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот»деп айткан сөздөрүн окуп жаткан болсо куру кыял кылып жаткан болобу? Биз: Хизб-ут-Тахрирдин Халифалыктан башка матасы жок, кайда болсо Халифалык жөнүндө гана сүйлөйт, андан башкасын билбейт, анын андан башка максаты жок, деп айткан кимселер бар экенин да жакшы билебиз! Ооба, туура, эй мусулмандар, Халифалык «мата», ал дин жана дүйнөнүн сактоочу, ал бар болсо өкүмдөр колдонулат, хаддар аткарылат жана чыныгы фатхтар болот. Халифалык мусулмандар Расулуллах Aды жерге берүүнү кечиктирип киришишкен шаръий өкүм. Бул жерге берүүнүн мааниси жана улуулугуна карабастан алар ушундай иш тутушту. Анткени, Халифалык улуу жана маанилүү. Сахабалар халифаны шайлоо менен алек болууну ушул улуу фарздан: Расулуллах Aды жерге берүүгө караганда биринчи даражалуу иш деп билишти… Ооба, ушундай, Халифалык – азиздик жана кудурет. Ал яхудий мамлекетин жок кылып Палестинаны толук абалда Ислам диярынын кучагына кайтарат. Ал индустардын Кашмирдеги өкүмдарлыгын жок кылат. Ал орустардын Чеченстан, Кавказ жана Татарстандагы өкүмдарлыгына чек коёт. Ал Кытайдын Чыгыш Түркстандагы баскынчылыгына чек коёт. Ал Крымды өзүнүн түпкүрүнө, Халифалык мамлекетинин бир бөлүгүнө кайтарат. Ал бардык Ислам өлкөлөрүн өз асылына кайтарат. Ал мусулман өлкөлөрүндө чегинен чыккан Америка, Британия жана Франция чеңгелин кесип, колонизаторлорду өз уяларына кайтарат… Халифалык бүткүл Шам бойлоп тынчтык жана амандыкты орнотот. Ал Ирактын ыдырашына жол койбойт, Судандан ажыраган бөлүгүн негизине кайтарат, Сомалини бириктирет. Индонезия жана Малайзия жайгашкан Тынч океанынан тартып Марокко жана Андалусия жайгашкан Атлантика океанынын жээктерине чейин колонизатор кафирлер белгилеген жасалма чегараларды жана тоскоолдуктарды жок кылат. Халифалык бардык тарапка адилет жана жакшылыкты жаят, Ислам жана мусулмандарды азиз кылат, зулум жана карасанатайлыкты түп тамыры менен жок кылат, колонизатор кафирлерди кор кылат…
Халифалык булардын баарын ишке ашыра алабы? Ал нусратты жүзөгө келтирип, жеңилүүнү жеңишке айланта алабы? Ооба, жүзөгө чыгара алат, анткени, Роббибиз Субханаху ва Таала мындай деп жатат:
«Эгер, силер Аллахка жардам берсеңер (т.а. Анын жолунда жихад кылсаңар), ал Зат да силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекем кылат» [47:7]
Аллахтын ак нусраты болсо Анын өкүмдөрүн аткара турган Ислам мамлекетин тикелөө менен гана болот. Ошондуктан, бул мамлекет тикеленсе Аллах Субханаху ага жардам берет, аны бекемдеп кудуреттүү кылат. Натыйжада, аны достору урматтайт, душмандары болсо андан коркот. Расулуллах A мындай дейт:
«اَلْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам – артында туруп согуш кылына турган жана коргонула турган калкан». Демек, халифа жана Халифалык – калкан. Кимдин коргоосу болсо ал – Аллахтын уруксаты менен – акыбетте үстөм болот, анын укуктары да, өлкөлөрү да зая кетпейт, душмандары ага жакын келүүгө батына албайт. Халифалык тырыхы муну тастыктап турат. Мисалы, кана Византия жана анын найзалары? Кана Мадаин жана Кисролор? Бүткүл жер жүзү бойлоп океандан океанга чейин созулуп жаткан ушул жайларда кимдин такбири жаңырып жатат? Бул такбир Ислам мамлекети, Ислам кошууну жана Ислам адилети болбосо кантип жаңырат?.. Демек, Халифалык мусулмандардын азиздигинин булагы, ойгонушунун жолу жана биримдигинин белгиси. Мусулмандардын бул дүйнөдөгү, Акыреттеги ийгилиги Халифалыкта болот, бул болсо улуу жеңиш, ийгилик… Эй мусулмандар, акыйкат мына ушундай, ошондуктан, аракет кылуучулар мына ушундай ишке аракет кылышсын.
«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах) каалаган кишисине нусрат берет жана Ал кудурет жана ырайым Ээси» [30:4-5]
Сөзүмдүн аягында конференция өткөрүлүп жаткан ушул харам айда: ражаб айында жүз берген үч окуяны эске салып өтмөкчүмүн. Бул окуяларда билгич жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда т.а. чын жүрөктөн кулак туткан киши үчүн эскертме-ибраттар бар: баштапкы эки окуя Аллахтын фазилети жана неъматы менен дүйнөнү нурга толтурду. Биринчи окуя: Аллах Расулуллах Aды Уммул муъминин Хадича I дүйнөдөн кайткандан кийин Курайш алдында Пайгамбарыбызга жардам берген абасы Абу Талиб көз жумгандан соң азиз кылган Исро жана Миърож окуясы. Экинчи окуя болсо, Аллах Субханаху ва Таала тарабынан Өз Расулу Aга Ислам мамлекетин тикелөө жана жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн колдонуу үчүн нусрат талабына уруксат берилиши болду. Натыйжада, ансарлар нусрат талабын кабыл алышты жана Ислам мамлекети тикеленип, жер жүзүн жакшылык жана адилет менен жаркыратты.
Үчүнчү окуя болсо нурдан кийин караңгылыктын капташы болду. Себеби, англистер өздөрүнө малай болгон араб жана түрк саткындары менен Истамбулдагы Халифалыкка каршы тил бириктирип, аны жок кылышты. Мына ошондон кийин өлкөлөрүбүз ыдыратылып, акыбетте, акыры көрүнбөгөн кырсыктарга кабылдык… Ошондуктан, эй мусулмандар, келгиге бул кыйынчылыктарды жок кылып Халифалык нурун жаңыдан тикелейли. Ошондо бул дүйнөдө Расулуллах Aдын Укоб роясынын көлөкөсү астында болобуз, ал эми, Акыретте эч бир көлөкө болбогон, Аллахтын гана көлөкөсү болгон күндө Аллах Субханахунун көлөкөсү астында болобуз. Инша Аллах, Акыретте Аллах:
«Кудереттүү Падыша алдында ыраазы болунган орунда болушат» [54:55]
деп айткан кишилер менен бирге болобуз…
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
4-ражаб, 1435-х.
3-май, 2014-м.
buy generic lasuna for sale – buy lasuna online cheap buy himcolin pills for sale
buy besifloxacin generic – buy carbocysteine generic where to buy sildamax without a prescription
buy neurontin 800mg generic – where to buy azulfidine without a prescription buy azulfidine tablets
buy mobic 15mg generic – mobic canada buy ketorolac without prescription
buy betnovate 20 gm sale – where to buy differin without a prescription benoquin ca
oral flagyl 200mg – cost cenforce buy cenforce pills
buy estrace 1mg generic – cheap femara oral arimidex
buy cabergoline paypal – buy cabgolin paypal buy alesse
プレドニン処方 – г‚ўгѓўг‚г‚·г‚·гѓЄгѓійЂљиІ©гЃ§иІ·гЃ€гЃѕгЃ™гЃ‹ г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚ЇйЂљиІ©гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓігЃ®иіје…Ґ – г‚ўг‚ュテイン гЃ©гЃ“гЃ§иІ·гЃ€г‚‹ イソトレチノイン её‚иІ© гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ