КАЗАКСТАНДА ЖАЛГАН КАБАР ТАРКАТКАНДЫГЫ ҮЧҮН КАМАК ЖАЗАСЫ КҮТҮҮДӨ, БИРОК БАРДЫГЫН ЭМЕС

346
0

Кыргызстандын артынан эле Казакстан да жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй “ызы-чуу көтөрүүчү” жана “башаламандыктарды” келтирип чыгаруучу жалган кабарларды атайылап таркатканы үчүн эркинен ажыратуу жазасын киргизүүдө. Ошентип, азилкеч же фитначы адамдарды 10 жылга чейинки камак жазасы, же болбосо чоӊ өлчөмдөгү штраф күтүп турат.

Эгерде таркатылган жалган кабар себептүү коомдук тартип бузулса же зыян жеткирилсе, анда айыптуу адамга эӊ төмөнкү айлык маянанын 1000 эсе өлчөмүндө штраф салынат, бул болсо дээрлик эки миллион теӊге дегени. Эгерде жалган кабар өз ара тил бириктирип алган топ тарабынан таркатылса, анда иш бир кыйла олуттуу болуп, фитначыларды жети жылга чейин камакка таштоого болот. Эгерде кылмыш өзгөчө кырдаалда же массалык иш-чаралар маалында болгон болсо, айыптуулар 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болот.

 Комментарий:

Чындыгында коомдо пайда болгон ар кандай фитна жана башаламандыктар өзүнүн артынан адам өлтүрүү, талап-тоноочулук, баскынчылык, коом ичинде бөлүнүү же эл жана мамлекеттер ортосунда карама-каршылыкты пайда кылуучу кырсыктарды алып келет. Мамлекет же регион бүтүндүгүн сактап калуу үчүн ооздорду жабуу аркылуу көрүлүп жаткан жогорудагы чаралар, өздөрү үчүн шектүү болгон булактардан маалымат алууга көнүгүп калган жана элди адаштыруу үчүн чегара артынан киргизилген ар түрдүү провокация жана бузгунчулуктар себептүү өз аймагын жоготуп  жаткан Украина кризиси себептүү кабыл алынууда.

Эгерде мисал үчүн жогорудагы мыйзамдар Кыргызстанда эӊ эле жок дегенде 2010-жылдын июнь окуяларынан мурда кабыл алынганда эле, анда жогорудагы мыйзамдар боордоштор аралык согуштун башталышына себеп болгон жалган кабарлардын жайылышынын алдын алат болчу. А бирок, бул иштер бүгүнкү күндө, кудум араб ынкылабына окшоп эл үчүн пайдасыз болгон режимдер кулатып ташталганы сыяктуу, учурдагы бийликке карата коркунучтар пайда болгон убакта кабыл алынууда.

Ал эми, жалган кабар туурасындагы маселе окуяларды туура эмес сүрөттөө, талкууланып жаткан абалдарды туура эмес баалоо же адамга карата доомат кылуу сыяктуу коомду адаштыруучу кабар, макала же фильм болушуна карабастан, жалган аракет катары бааланышы керек.

Аллах Таала айтат:

Кимде-ким бирер каталык же күнөө ишти кылып коюп, кийин аны бейкүнөө адамга доомат кылса, чыны менен ал жалаа жана ачык күнөөнү (мойнуна) көтөргөн болот” [4:112]

(Ошол) жалганчыларга өлүм! Алар (наадандык) айлампа-ириминде адашып жүрүүчү кимселер” [51:10,11]

Демократия түзүмүн ар дайым жана ар жерде өз ийгиликтеринин кепилдиги жана өнүгүүнүн маягы катары кабыл алган мамлекет жетекчилери өздөрү каршы чыгып жаткан пикир билдирүү эркиндиги туурасында чуу көтөрүшөт. А бирок, бүгүнкү күндө т.а. өздөрү үчүн коркунуч пайда болгон убакта демократиялык мыйзамдар өз демилгечилери тарабынан өзгөртүлүп жаткандыгынын күбөсү болуп турабыз. Алардын максаты саясий, экономикалык о.э. моралдык жактан чексиз жалган жана тынымсыз алдоолор кысымында муунуп жаткан өз калкынын кызыкчылыгын коргоо эмес.

Бүгүнкү күндө биз Ислам дини, аны кармануучу жана анын даъватын көтөрүп чыгуучуларга каршы   дүйнөлүк жалган жана алдоолор менен бетме-бет келүүдөбүз. Биз Массалык маалымат каражаттары аркылуу Ислам жана мусулмандарга каршы жалган айыптоолорду күн сайын угабыз. Шарият туурасындагы түшүнүктөрдүн өзгөрүшүн жана анын турмуштук түзүм катары кайтып келишин айтпаса да боло берет. Биз таптакыр турмушта болбогон коркунучтуу секталар жана терроризм туурасындагы жомокторду күн сайын угабыз.

Ушул жерде табигый суроо пайда болот, эмне үчүн ушул убакытка чейин Исламга каршы жалган токуп жаткан журналисттер жоопкерчиликке тартылбай жатат? Эмне үчүн мусулмандар чөйрөсүн бузуп көрсөтүү үчүн муслима энелер жана муслима кыздар “ишке ашырган кылмыштар” туурасында жалган кабар таркатып жаткан о.э. ар кандай уятты бир четке сүрүп койгон бүтүндөй телевизиондук каналдар, маалымат агенттиктери иштеп жатат? Эмне үчүн жогорудагы жалгандар “жалган маалымат” туурасында мыйзам кабыл алынышына себеп болбоду?

Анвар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here