Халифалык болсо гана мусулмандар үчүн чыныгы суверендүүлүк болот
«Азаттык» радиосу 2014-жыл, 27-апрель күнү бир кабар таркатты, ага ылайык, Өзбекстандын атайын кызматынан деп күмөн кылынган бир адам Кыргызстандын Ош областына караштуу Кара-Суу шаарында колго түшүрүлгөн. Кабарда айтылышынча, ал колго түшүрүү маалында каршылык көрсөткөн жана бир нече милиция кызматкерлерине зыян жеткирген. Тинтүү маалында анын жанынан бир нече курал жана бир нече мамлекеттин паспорттору табылган. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын расмий мекемелери бул окуяга эч кандай комментарий берген жок.
Социалдык тармактарда таркаган кабарга ылайык, бул колго түшүрүү окуясынан бир нече күн мурда Кара-Суу мечитинин имамы Рашад кары Камалов жөнүндө маалыматтарды чогултуп жаткан Өзбекстандын атайын кызматынын бир адамынын иши ашкере болуп калган. Белгилүү болгондой, ал имам Камаловду тааныган адамдарга аны өлтүрүүгө жардам бере турган болушса 2000 доллар акча бере тургандыгын айткан! Ал мас абалында Кара-Суу шаарындагы милиция бөлүмүнүн алдында чыр чыгарган убакта – кудум ал өзүн аларга тапшыргандай – камакка алынды!
Атайын кызматтын бул кызматкери Кыргызстан жеринде беймарал чаӊ салып жүргөн миңдеген тыӊчылардын бирөөсү гана. Бирок, жогорудагы адам кекирейип, ачыктан-ачык аракет кылган, ал өзү уюштурган колго түшүрүү сахнасында коопсуздук күчтөрүнө өзүн тапшырган. Ошондуктан, адаттагыдай эле өзбек бийлигинин аны Кыргызстандан талап кылып кайтарып алышы күтүлүүдө. Бул колго түшүрүү сахнасынан көздөлгөн максат кыргыз элинин алдында, айрыкча Кыргызстан жарандары болгон өзбектерге Өзбекстандын күчүн көрсөтүп коюу…ушул нерсе аркылуу алардын жүрөгүнө коркунуч салуу, алардын жана Кыргызстан калкынын моралдык рухун сындыруу болушу мүмкүн…
Эки мамлекет ортосундагы алакаларга көӊүл бура турган болсок, Өзбекстан Кыргызстанга бир суверендүү кошуна катары эмес, тескерисинче, жору-кузгун тарпка карагандай назар менен карап жаткандыгы белгилүү болот. Себеби, Өзбекстан Кыргызстанды өз күчүн сынай турган бир майдан деп эсептейт. Бул Крым жарым аралы жана Украинада кылып жаткан Россия, Кошмо Штарттар жана Евробиримдиктин иштерине окшойт…
Кыргыз бийлигинин Өзбекстан басымына моюн сунуп бул тыӊчыны коргоп, бошотуп жибериши күтүлүүдө. Бул бийлик мурда имам Рашад кары Камаловдун атасы Рафик кары Камаловду өлтүргөн адамды да коргоосуна алган эле. Өзбекстандын атайын кызматынын көптөгөн кызматкерлеринин Кыргызстан жеринде эч бир көзөмөлсүз жана колго түшпөстөн беймарал чаӊ салып жүргөнүн жана бул окуя Газпром аркылуу келе турган газдын токтотуп коюлгандыгы о.э. Жалал-Абад чегараларына жакын жерде алдын ала эскертпей туруп аскерий манёврлар өткөрүлгөнү менен бир мезгилге туура келгендигин эсепке ала турган болсок, бул адамды бошотуп жиберишин да күтүүгө болот!
Эскертип өтө турган нерсе, Рафик кары Камаловду өлтүргөн адамдар ошол убакта жарыя кылышкандай, кыргыз өкмөтүнүн адамдары эмес болчу! Тескерисинче, аны өлтүргөндөр өзбек режиминин адамдары болуп, бул өлтүрүү кыргыз күчтөрү менен биргеликте өткөрүлгөн операция алкагында ишке ашырылган. Бирок, ошол убакта кыргыз күчтөрү Рафик кары Камаловду өлтүрүү жоопкерчилигин моюнга алууга мажбурланышкан болчу, ар кандай чечим кабыл алуу Өзбекстан менен болгон алаканы бузуп коюшу мүмкүндүгүнөн коркуп ушундай кылышкан болчу! Ыктымал ошол кезде мурдунун астынан алысты көрө албай турган саясатчылардын жеке кызыкчылыктарынан башка камы болбогондур! Ошондуктан, алардын алсыздыгы даана көрүнгөн эле!
Бирок качанкыга чейин?!… Булардын баарына качан чек коюлат?!… Имам Рашад кары сыяктуу мусулмандар жетекчилерине качан камкордук көрсөтүлүп, алар качан коргоого алынат? Мусулмандардын камакка алынышына качан чек коюлат? Чыгыш жана батыштын бул өлкөгө аралашуусуна качан тосук коюшат? Кала берсе бул Аллах, Расулу жана момундарга кылынган бир кыянат экендигин түшүнүп жетишер бекен?!
Кыргызстан мусулмандардын, айрыкча Халифалыкты тикелеп Ислам мабдасын колдонууга аракет кылып жаткан мусулмандар менен өзбек коопсуздук күчтөрү коргоосундагы улутчулдукка чакыруучулардын о.э. батыш башчылыгында демократияга чакырып жаткан адамзат душмандарынын ортосундагы күрөш майданына айланды.
Улутчулдук жана демократия алда качан эле түпсүз туӊгуюкка кулаган пикирлер экендигин баса белгилеп кетмекчибиз. Аларга чакырып жаткандар өздөрүнүн пикирий жактан сынып жеӊилгендигин жарыя кылып болушту. Ошондуктан, алардын колунда адамзаттын үстүнөн өкүмдарлык кылуу үчүн өлтүрүү жана азаптоодон башка куралы калбады. Ошондуктан, Ислам гана адамзатка жетекчилик кылууга, дүйнө бойлоп адилеттүүлүктү жаюуга, зулум жана залимдерди талкалап таштоого кудуреттүү…
Биз Хизбут-Тахрирдегилер Кыргызстандагы акылы бар, калыс кишилерге жана күч-кубат ээлерине мындай кайрылуу жолдойбуз: Алар биз менен биргеликте азиздик жана кудурет булагы болгон Халифалыкты тикелөөгө аракет кылышсын. Халифалык капитализмдин төмөн түзүмдөрү астында адамзат азап тартып жаткан зулум багытын өзгөртүп жиберет. Халифалык өз көлөкөсү алдында мусулмандар өлкөлөрүн бириктирет. Ошондо Ислам адилеттүүлүгү дүйнөгө жайылат, жер өз байлыктарын жүзөгө чыгарат. Аллах тарабынан болгон ыраазылык болсо андан да улуу. Бул болсо, улуу жеӊиш болуп эсептелет.
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси
Расмий сайт: https://hizb-turkiston.net
Электрот почта: webmaster@hizb-turkiston.net