Умму Садин Макдисиянын буттун томуктан төмөн жагын жабуу туурасындагы суроосуна жооп

375
0

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Аллах таат-ибадаттарыӊызды кабыл кылсын, Аллах Тааладан сиз менен бизди нусрат, үстөмдүк жана бекемдик менен сыйлашын о.э. сизди пайгамбарлык минхажы негизиндеги эки Халифалык мамлекети менен азиз кылышын жана сизди хулафои рошиндиндердин алтынчысы кылышын сураймын, Ал ушул иштин ээси жана ар бир ишке кудуреттүү Зат!

Урматтуу шейх, «Исламда ижтима түзүмү» китебинин хижрий 1424-жыл, миладий 2003-жылдагы басылышында аялга кароо темасында, аял киши кийимдеринин үстүнөн кийүүчү кийимдин көрүнүшү маселесинде мындай сөздөр келген: «Жилбаб буттарды да жаап тура турган даражада ылдый түшүп турушу шарт. Себеби, Аллах аятта айтат:

«Үстүлөрүнө жилбабдарын жамынышсын!»                                                                [33:59]

т.а. жилбабдарын узартышсын. Себеби, бул жердеги «мин» кээ бирин деген мааниде эмес, тескерисинче баян маанисинде келген. Т.а. жамынгычты же плащты ылдыйга чейин түшүрүп узартышсын. Себеби, ибн Умар риваят кылат, Расулуллах A:

«مَنْ جَرَّ ثَوْبَهُ خُيَلاَءَ لَمْ يَنْظُرِ اللَّهُ إِلَيْهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، فَقَالَتْ أُمُّ سَلَمَةَ: فَكَيْفَ يَصْنَعُ النِّسَاءُ بِذُيُولِهِنَّ؟ قَالَ: يُرْخِينَ شِبْرًا، قَالَتْ: إِذًا تَنْكَشِفَ أَقْدَامُهُنَّ؟ قَالَ: يُرْخِينَ ذِرَاعًا لاَ يَزِدْنَ»

«Кимде-ким текебердик кылып этегин сүйрөп жүрсө,кыямат күнү Аллах ага карабайт”, – деди. Ошондо Умму Салама: Анда аялдар этектерин эмне кылышат?, – деп сурады. Расулуллах A: Бир карыш түшүрүшсүн (узун кылышсын), – деди. Умму Салама: Анда буттары ачылып калат экен да? – деди. Расулуллах A: Бир зироъ (т.а. бир билек) узундугунча узартышсын, мындан ашык кылышпасын, – деди» (Термизий риваяты).

1 –  Мага китептеги «бул болсо аял киши кийиминин үстүнөн кийе турган кийими т.а. жамынгычы кызыл ашыктын томугунан төмөнкү бөлүгүн жаап тура турган даражада узун болушун ачык билдирип жатат» деген сөз менен «бул абалда буттар жабык болгону үчүн аларды ороого муктаждык жок» деген сөздүн ортосунда өз ара тескерилик бардай туюлуп жатат. Бул маселени кандай түшүнүшүбүз керек, аял бутунун томуктан ылдый жагын жилбабы менен жашырсынбы же ороого муктаждык болбой турган байпак мененби?

Дагы бир нерсе, урматтуу шейх, созуп жиберген болсом кечиресиз:

2 –  Ибн Умар риваят кылган жогорудагы хадис туурасында. Умму Саламанын өлчөөсү каерден болгон, томуктанбы же томук астынын жарымынанбы? Аял жилбабын канчалык даражада узун кылышы керек, жерге сүйрөлө турган даражадабы же бутту толук жаап тура турган даражадабы, же томук астын жаап тура турган даражадабы, же болбосо, байпак менен жабышы жетиштүү болобу?

Аллах сиз жана аракетиӊизге береке берсин, вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Умму Садин, Байтул Макдис

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

а)   Чөлдө аялдар жылаңаяк жүрүшүп же кепич же ушул сыяктуу бут кийим кийишип, томуктарынын ылдыйкы бөлүгү таптакыр жабык болбойт эле. Эгерде аял киши басканда буттары көрүнүп калбасын үчүн көйнөгүн жерге сүйрөлтүп жүрбөсө, томуктарынан ылдый жагы көрүнүп турат эле. Расулуллах A кийимдерди кибр менен сүйрөлтүп жүрүүдөн кайтарды. Ошондо Умму Салама эгерде аял кишинин кийими жерде сүйрөлүп жүрбөсө, жылаңаяк же кепич кийип жүргөнү үчүн томуктарынан ылдый жагы ачылып калышын түшүндү. Ошондуктан, Расулуллах Aдан: «Анда аялдар этектерин эмне кылышат», – деп сурады. Себеби, аялдар томуктарынан ылдый жагы көрүнүп калбасын үчүн жилбабдарын сүйрөлтүп жүрүшөт эле. Ошол себептен улам, Расулуллах A аларга томуктарынын астынан бир карыш, андан кийин болсо бир зироъ узартып жүрүшүнө уруксат берди, ошондо аялдын  буттарынынын томуктан ылдый жагы – ырасында кийими жерге сүйрөлө турган даражада узун түшүрүлгөн болсо – ачылып калбайт. Демек, маселе томуктардын астын жашыруу жөнүндө. Т.а. суроо томуктан ылдый жагын жашыруу үчүн берилди, башкача айтканда, жилбабды томуктар астына чейин жерге сүйрөп жүрүүдөн максат томуктардын ылдый жагын жашыруу үчүн болуп, кийимди жерге сүйрөп жүрүүнүн иллети буттун томуктан ылдый жагын жашыруу болот. Маълул (иллеттенген нерсе) бар жана жок болууда иллет менен бирге айланат. Ошондуктан, эгерде томуктардын асты жашырылган болсо, кийим жерге сүйрөп жүрүлбөйт башкача айтканда

«Үстулөрүнө жилбабдарын жамынышсын!»

аятында келген түшүрүү т.а. узун кылуу мааниси жүзөгө чыгышынын өзү жетиштүү болот. Т.а. кийимдерди томуктардын ылдый жагын тосуп тура турган даражада түшүрүү жетиштүү.

 

б)   Эми, Умму Салама карыш же зироъну каерден өлчөгөнүнө келсек, маселе кийимди жерге сүйрөп жүрүү маселеси эле. Ал мына ошону сурап, түшүндүрмө талап кылды. Ал аялдар кийимдерин сүйрөп жүрүшпөсө томуктарынын асты көрүнүп калышын түшүндү, бул нерсе чыныдыгында да ошондой болот. Себеби, кийим жерге сүйрөлгөн абалда узун болбосо, кадам ташталганда жылаңаяк болгон же кепич кийген буттар көрүнүп калышы анык. Ошондуктан, Расулуллах A кийимди бир карыш узартып жерге чейин сүйрөлтүүгө уруксат берди. Хадис кийимди сүйрөлтүп жүрүү туурасында болуп, араб тилинде  (جرّ) сөзү жерге сүйрөлтүүнү түшүндүрөт, ошондуктан, ал жерге сүйрөлө турган карыш томуктун астынан экендигине далалат кылат.

Кайталап айтамын, бул жердеги максат басканда томуктар асты ачылып калбастыгы, Эгерде томуктардын асты жабылган болсо, жилбабды байпактар менен жашырылган буттардын үстүнө чейин түшүрүүнүн өзү жетиштүү болот т.а. ырасында томуктар асты жабык болгон соӊ, жилбабды томуктарга чейин узун кийүүнүн өзү жетиштүү.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                   

 26-робиул-аввал, 1435-х.

 27-январ, 2013-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here