БИШКЕКТЕ КОРГОНУУ КЕӉЕШИНИН ЖЫЙЫНЫ БОЛУП ӨТТҮ

314
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев “араб дүйнөсү бизге өздөрүнүн маданият жана үрп-адаттарын тыгыштырууга аракет кылууда” деген билдирүү менен жыйынды ачып берди. Ал өзүнөн мурунку президенттерди динди өз алдынча таштап коюшкан деп айыптады. Натыйжада биздин улуттук үрп-адаттарыбыздан келип чыккан кийимдердин ордун кайдагы паранжы, хижаб сыяктуу нерселер ээлеп бара жатат. “Ал тургай Манаска айкел орнотууга буйрук бергенимде, алар мага жихад жарыя кылышты”, – деди Атамбаев.

Президенттин сөздөрүнөн багыттарын белгилеп алган жыйындын катышуучулары биринин артынан бири сөзгө чыгышты. Теолог Маликов муфтият тастыктаган “гомосексуалисттердин шаръий өкүмү өлүм” деген фатваны каралап: “Куран аяттарынын бирер жеринде, гомосексуалисттерди өлтүрүү жөнүндө жазылган эмес” – деди. Жогорку Кеӊештин төрагасы А. Жээнбеков да президенттин сөздөрүн кубаттап мусулмандар тарабынан келиши мүмкүн болгон кооп-коркунучтардан эскертип: “Муфтият бул жараяндарга таасир өткөрө ала турган күчкө ээ эмес жана ал өзүн-өзү реформа кылууга да алсыздык кылууда, ошондуктан, мамлекет диний жетекчиликти көзөмөлгө алышы керек”, – деди.

Шарият көз карашынан туруп караганда булардын даабаларын колдоп-кубаттоо, динден алыс болгон фасиктерди катуу күнөөкөр кылат, ал эми, диний жетекчилерди динден чыгарып жибериши мүмкүн. Саясий жетекчилердин максаты болсо, Кыргызстандын диний элитасын толк көзөмөл кылуу. Себеби, мусулмандар жана диний ыймандык чөйрө кыргыз калкы ичинде эӊ күчтүү саясий катмарга айланып барууда. Бул болсо, исламий болбогон ар кандай саясий чөйрөнүн тынчын алат. Атамбаев да акыркы убактарда Ислам жана мусулмандарды тизгиндөө  максатында исламдын улама жана лидерлерин бириктирип, мусулмандарды чалгытуу максатында диний армия түзмөкчү. Жогорудагы жыйын бул иштердин башталыш чекити болду.

Коргоо кеӊеши “мамлекеттин дин иштерин өз абалына таштап койгону өтө чоӊ ката болгон” деген тыянакка келди. О.э. мамлекеттин дин менен иштөөдөгү жаӊы реформасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул топко 2014-жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик саясаттын ушул тармактагы жаңы концепсиясын иштеп чыгуу тапшырылды. Ага учурдагы бир нече белгилүү  диний жетекчилер жана уламалар тартылды.

Эй Кыргызстан уламалары, алар силерден Ислам жана мусулмандарга каршы пайдаланышмакчы. Силерди кудум Асад аскерлерине зына кылууну адал кылып берген Сирия муфтийи жана куфрга жол ачып берип келе жаткан кээ бир Миср шейхтери сыяктуу  сарай уламаларына айландырышмакчы. Кошуна Өзбекстандын – кээ бирлери өзүнүн кожоюну тарабынан иттей кордолуп өлүп кеткен, кээ бирлери иттей кор болуп жашап жаткан – уламалары кантип эле силерге өрнөк болбосун. Алар силерди бизге каршы коюшмакчы. Мында албетте биз үстөм болобуз, инша Аллах. Себеби, биз Аллах тарабын, ал эми силер болсо куфр тарабын тандаган болосуӊар. Бирок, өз ара күрөшүп жатышыбыздын өзү куфрдун жеӊиши эмеспи? Эгерде корксоӊор, куфрду дилиӊерден жаман көргүлө жана бир четте тынч тургула, ошондо  ыйманыӊарды сактап калуудан үмүт болот.

Абдураззок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here