РОССИЯ КЫТАЙГА ГАЗ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

364
0
Россиянын “Газпром” жана Кытайдын CNPC компаниялары Шанхайда газ жеткирип берүү келишимине кол коюшту.

 Россия Европа союзу тарабынан болуучу санкциялардан тынчсызданып, газ экспорту үчүн алтернативдик базар издеп жатат. Ушул келишимдин шарттары жарыя кылынбаган болсо да, анын жалпы көлөмү 400 миллиард доллар болушу айтылууда.

Россия президенти Владимир Путиндин айтышынча, Кытайга экспорт кылынуучу газдын баасы европалык керектөөчүлөр үчүн болжолдонгон баа саясатына жакын болот. Кабарларда айтылышынча, келишимге кол коюлгандан кийин “Газпром” акцияларынын баасы 2 пайызга көтөрүлгөн.

Келишимге ылайык, Россия Кытайга 2018-жылдан баштап жылына 38 миллиард куб метр газ жеткирип берет. “Газпром” компаниясынын жетекчиси А. Миллер келишимдин шарттарын “коомерциялык сыр” деп атаган.

Айрым эксперттердин пикиринче, электростанцияларын көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүү үчүн бул келишим Кытай үчүн да зарыл болсо да, бирок Путинге зарыл болгону сыяктуу кыска убакытта кол коюлушу шарт эмес болчу. Анткени, Украинада болуп өтүүчү президенттик шайлоонун натыйжалары, кала берсе, мамлекетте оор абалдын сакалып калышы Россияга карата санкциялардын кезектеги баскычын баштап бериши мүмкүн. Ал эми газ экспорту 2018-жылдан башталышын эсепке ала турган болсо, ал учурдагы кризиске анчалык эле таасирин тийгизбейт. Акыркы маалыматтарга ылайык, миӊ метр куб газдын баасы 350 АКШ долларынын айланасында болушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Россия жана Кытайдын өз ара товар айырбаштоо көлөмү жылына 90 миллиард долларды түзөт. Кабарларда айтылышынча, эки мамлекет алдыдагы 10 жылда ушул көлөмдү 200 миллиард долларга жеткирүүнү болжолдоодо. Эскертип өтөбүз, Россиянын Европа союзу менен өз ара товар айырбаштоо көлөмү жылына 400 миллиард доллардан ашат.

 Россиянын “Газпром” жана Кытайдын CNPC компаниялары Шанхайда газ жеткирип берүү келишимине кол коюшту

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here