Кыргызстандын Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнүн кабар беришинче, Кыргызстандын чегарасына жакын жерде Өзбекстан куралдуу күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү авиатехникалардан пайдалануу менен машыгууларды өткөрүүдө.
Кабарда келишинче, авиатехникалардын катарында МИ-8 вертолёттору да бар. Өзбек аскерлеринин машыгуулары Өзбекстан аймагында, Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад областтарына жакын болгон жерде жүрүп жатат.
Кыргызстан мамлекеттик чегара кызматы: “Кыргызстандын чегарасын жана аба аймагын бузуп өтүү абалдары күзөтүлгөн жок”, – деп билдирди.
Өзбекстан тарабы болсо, Өзбекстан аймагында өзбек чегерачылары кыргыз-өзбек чегарасында оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын кабарлады.
“Кыргызстандын чегара кызматы кыргыз-өзбек чегарасына жакын болгон аймактарда кырдаалды көзөмөлдөп турат”, – деп кошумчалады мамлекеттик чегара кызматынын массалык маалымат каражаттары менен байланышуу бөлүмү.
Туркистон:
Акыркы убактарда Кыргызстан аймагында өзбек тыӊчылары көбөйүп бара жатканы жана кыргыз күч түзүмдөрүнүн кайдыгерлиги жөнүндө кабарлар интернеттеги социалдык тармактарда таркатыла баштады. Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагы мусулмандардын баса белгилешинче, акыркы убакта Өзбекстан Кыргызстан аймагында, айрыкча Ош жана Жалал-Абад областтарында тыӊчылык иштерин өтө күчөткөн. Акыркы маалыматтарга ылайык, өздөрүнүн кыргызстандык жашыруун тыӊчыларын да ачыкка чыгууга үндөй баштаган имиш. Негизги иштери, өзбек улутунунун улуттук туйгуларын ойготуу аркылуу, аларды дагы кайрадан эгемендүүлүк же автономия талап кылууну көздөй козгоого аракет кылып көрүү.
Бирок, мурдагы улуттар аралык согуштан булар пландаштырылып жаткандын айырмасы, эми Өзбекстан Ош жана Жалал-Абад областтарынын көпчүлүгүн түзүүчү өзбек тилдүү улутту коргоо үчүн бастырып кирүү менен коркута алат. Бул АКШнын долбоору болуп, Россиянын Крымдагы баскынчылыгына укуктук түс берилиши артынан ишке ашырууну пландаштырат.
Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү болсо, бул иштерди көрүп-билип туруп кайдыгер позицияда турушат. Себеби, билишкенден кийин эмненидир кылыш керек. Булар оӊой жолду тандамакчы болуп, мусулмандарды камоого киришишти. Ал тургай, аларды өздөрүнө каршы провокация кылууга аракеттенишип, аялдарды камоого чейин жетип барышты. Бирок, бул кудум ошол карасанатайлыктан т.а. улутчулуктан пайдаланууга аракеттенип жаткандардын кызыкчылыгы эмеспи. Себеби, социалдык тармактарда бирер чыныгы мусулмандын улутчулдукту жактагандыгын көрбөдүк. Тескерисинче, 2010-жылдагы Ош окуясынын таасирлерин мына ушул Ислам Акыйдасы мусулмандардын жардамында тазалап бара жатат го! Муну сокур адам же мамлекеттин чыккынчысы гана четке кага алат!
Кыргызстан мамлекети бардык стратегиялык тармактарды Россияга өткөрүп берүү аркылуу алсыздыгын жашырууга же андан кутулуу жолдорун табууга аракет кылууда. Ал тургай мусулмандарга каршы багытталышы да, мына ошол Россияны ыраазы кылуу үчүн уюштурулган. Ушул багыттагы Кыргызстан эксперттеринин сунуш-пикирлери таптакыр этибарсыз калтырылууда. Себеби, мамлекет өз кызыкчылыктарынан келип чыгып иш жүргүзүү жөндөмүн да мүмкүнчүлүгүн да жоготуп бара жатат.