بسم الله الرحمن الرحيم
Мамлекеттин кубаты эмнеде
Мамлекет өз калкы менен күчтүү болот. Ал үчүн мамлекетте ушул шарттар болушу керек жана бийлик ушул шарттарды ишке ашырышы менен мамлекет кубаттуу болот:
1) Мамлекет идеологияга негизделген болуп, ушул идеологияны жүзөгө чыгарган аппарат болушу керек.
2) Адамдарда конституцияга, мыйзамдарга ишеним болуу керек.
3) Ким акыйкат же ким акыйкатсыз экенин бийлик эмес, идеология белгилеши керек.
4) Мыйзам баарына: жаш-карыга, аалым-аамийге, жетекчи-жумушчуга бирдей иштеши керек.
5) Мыйзам бузган судя-прокурорлор, орган кызматкерлери туура эмес жазалары үчүн жооп бериши керек.
- Идеологияга негизделген мамлекеттер кубаттуу болгону жакынкы тарыхыбыздан баарына маалым. СССР социалисттик идеологияга негизделип кубаттуу мамлекет болду, эл аралык майданда да дүйнөнүн жарымына таасири өткөн абройго жетти. Ал идеологияга каршы иш кылып, орусташтыруу саясатына өткөндөн тартып жемириле баштады. О.э. демократияга негизделген Англия, Франция же АКШ да идеологияга негизинде жашап, эл аралык майданда ошонун негизинде позиция билдирген учурда дүйнөдө жетекчи мамлекеттерден болушту. Азыр алар да идеологияга маани бербей коюшту. Иракка, Афганистанга бастырып кириши же “Израилдин” Фалестиндеги жырткычтыктары демократияга тескери болуп, өздөрү демократияны тебелешүүдө. Ошондуктан алар күндөн күнгө баткакка батып бара жатат, дүйнөгө шерменде болууда, өз элинде да демократияга болгон ишеним калбай бара жатат. Социализм капитализмден да жаман болгондуктан СССРди жеңүүгө күчү жетти. Европалыктарда демократия менен сыймыктануу күчөгөн. Бирок, 1990-жылдардан кийин Ислам идеологиясы менен кагылышкандан баштап демократия канчалык жаман экени эл аралык майданда да баарына маалым болууда. Азыр алар демократияны күч менен кармап турушат. Демократиянын да, БУУнун да эл аралык майданда этибары калбай бара жатат. Эгер, режимдердин каршылыгы болбогондо көз ачып жумганча Ислам жеңип, дүйнөдөгү бардык проблемалар чечилмек, жырткычтыктар токтомок.
- Идеология болбогондон кийин конституцияга да, мыйзамдарга да ишеним жоголот. Анткени мыйзамдар эмне үчүн кабыл алынганын же эмне үчүн өзгөрүп жатканын эл билбесе, жада калса ар бир жетекчи каалаганда конституцияны да, мыйзамдарды да өзгөртсө, өздөрүнө ылайыкташтырса, анда падышалык түзүмдөн айырмаланбайт. Мыйзам чыгаруучулардан башкасы аны түшүнбөйт, алардын аткарлышынын эч кимге мааниси жок болуп, мыйзам бийликтин гана кызыкчылыгын ишке ашырган курал болот. Адамдарда мыйзамга да, бийликке да ишеним жоголот.
- Идеология, конституцияга, мыйзамдарга да ишеним жоголсо жетекчилер, ар кандай таасирдүү инсандар ким акыйкат же ким акыйкатсыз экенин өз каалоосуна карап белгилей баштайт. Мындай мамлекетте качып кеткен саткын президенттер учурдагы президентти тактысынан кулатып, режимин кыйратышы менен кайра бийликти ээлешсе, дароо эл каарманына айланышат, өз калкынан качкан саткындар эмес, мусапырлыкта иш алып барган, калкы үчүн чет мамлекетке чыгып кетүүгө мажбур болгон мазлумдардан болуп калышат. Анткени аларды акыйкатсыз экенин айткан бийлик эми өзү куугунтуккка учурап, алар калкты алдаган саткындар деп сот өкүмү менен тастыкталат.
- Мыйзамдар таасирдүү инсандын гана пайдасына, катардагы адамдардын зыянына иштесе мамлекет эч качан өнүкпөйт.
- Жетекчилер, судя-прокурорлор, орган кызматкерлери бейкүнөө инсанды туура эмес жазалаганы үчүн мыйзам алдында жооп беришпесе, эч болбогондо жазыксыз жазаланган мазлум инсанга материалдык төлөм төлөшпөсө андай мамлекет жоголуу коркунучуна кабылат.
Кубаттуу мамлекет кандай болушуна тарыхий мисал келтирейин, пикирлеп, биздин бийликтерге салыштырып окусаңыздар кубаттуу мамлекет жөнүндө жаркын түшүнүккө ээ болосуздар, иншаАллах.
Умар ибн Хаттаб (р.а) элди катаалдык менен башкарса да калк ага ыраазы болгон. Анткени анын адилеттиги эч бир кишинин жазыксыз жабыр тартуусуна мүмкүнчүлүк бербеген. Себеби, Умардын катаалдыгы негизинен анын жетекчилигине жана мамлекет мансабындагыларга тийиштүү болгон. Азирети Умар амалдарларды (чиновниктерди) калкка кантип мамиле жасап жатышканын күзөтүү менен биргеликте жеп-ичүү жана кийинүү сыяктуу жеке иштеринде да көзөмөл орноткон. Аларды жупуну кийинүүгө, ашыкча дүйнөгө берилбөөгө, жеп-ичүүдө да аша чаппоону буйруган. Бирер вилаятка валий дайындай турган болсо, ага арабада жүрбөөгө, кымбат кийимдерди кийбөөгө, жеп-ичүүдө чектен чыкпоого, муктаж кишилер үчүн эшигин ар дайым ачык калтырууну кеңеш кылган. Ал: «Мен силерди калктын мал-мүлкүнө, денесине жана аброюна кожоюн кылган жокмун, силерди аларга намаз окуп берүүгө (т.а. Исламды колдонууга) жана адилеттикти орнотууга жетекчи кылдым», – деген. Умардын валийлерди мындай катуу көзөмөл астында кармоо, аларды жөнөкөй кийинтүү ысырапсыз жашоосу аркылуу калкка оболу алардын үлгү болушун каалаган. Ашынган турмушка үйрөнүп калып, пара алууга өтпөстүгүн көздөгөн. Умар өзү катаал болсо да, бирок кол астындагы жетекчилерге ар дайым калкка мээримдүү мамиле кылууну кеңеш кылган. Ушул себептен улам кичи пейил кишилерди валий кылган.
Бир күнү Абу Муса Ашъарий бир кишини арак ичкендиги үчүн жазалап, ага кошумча дагы чачын алып, бетине көө сүртүп көчөгө алып чыккан жана калк арасында шерменде кылган. Калкты бул киши менен олтурбоону, сүйлөшпөөнү буйруган. Жаза алган адам келип Умарга арызданат. Умардын ачуусу келип, Абу Мусага минтип кат жөнөтөт: «Баланча киши сен тууралуу мага минтип арызданды. Аллахка ант болсун, эгер ошондой туура эмес иш кылсаң, өзүңдүн мурдуңа көө сүртүп калк арасында шерменде кыламын. Айтканым канчалык чын экенин билмекчи болсоң, дагы ушундай ишти бир кылып көр».
Бир күнү Умар розияллоу анху валийлер жөнүндө калкка: «Эй, калайык, мен силерге валийлерди силерди урушу, сөгүшү, кыйнашы жана мал-мүлкүңөрдү талашы үчүн жөнөтпөймүн. Тескерисинче силерге диниңерди орнотушу үчүн, ортоңордо акыйкат жана адилет менен өкүм жүргүзүшү үчүн жиберемин. Эгер, бирер кишиге мындан тышкары иш кылынса дароо мага жеткирсин. Мен анын өчүн алып беремин», – деген. Ошондо Амр ибн Аас ордунан туруп: «Эгер кимдир бирөөбүз кол астыбыздагы кишиге адеп берүү үчүн урсак да өч алып бересиңби?», – деп сурады. Буга жооп иретинде Умар (розияллоху анху): «Албетте, өч алып беремин. Эмне үчүн өч албайт экенмин. Себеби, Расулуллах өзүнөн да өч алган», – деген.
Умар (розияллоху анху) өзүнүн колу астындагы валийлерине калк арасында адилеттик орнотууга, улуу-кичүү, бай-кембагалды бөлбөстөн баарына бирдей кароого буйруган. Кай жерден элчи келсе эң оболу валийлер жөнүндө сураган. «Бейтаптарыңарды барып көрөбү? Кулдарды зыярат кылабы? Алсыз бечараларга жакшы мамиледе болобу? Арыздангандар, муктаждар үчүн эшиги ачыкпы?» деген суроолорду берген. Эгер бир суроосуна жок жоопту алса жана бул арыз текшерүүдө ырасталса, эч экиленбей ошол валийди иштен алган. Ал далилдерди абдан дыкат текшерткен. Эгер, текшерүүнүн натыйжасы иштен алууну талап кылса, кандай даражадагы киши болбосун, дароо иштен алган. Азирети Умардын вилаят акимдеринин мамилелерин күзөткөн көзөмөлчүлөрү болгон жана валийлерди текшерүү үчүн Жалпы текшерүү комитетин да түзгөн. Умардын доорунда бул комитеттин төрагасы Мухаммад ибн Маслама Ансарий болгон. Умар (розияллоху анху) калк кызыкчылыгын көздөп, кол астындагы жетекчиликти ушундай даражада катуу көзөмөлдө кармап турган. Умар катардагы адамга бирер амалдар тарабынан туура эмес жаза жетпестигин көздөп валий жана акимдерди мына ушундай катуу көзөмөл астында кармаган. Валийлер да Умар (розияллоху анхудан) абдан коркуп туура иш кылууга аракет кылышкан. Умар ар кандай арыздануучунун арызын, кандай жогору даражадагы жетекчи үстүнөн болбосун, албетте текшерип чыгып, эгер арыз туура деп табылса, ошол жетекчиден өчүн алып берген.
Бир күнү Умар ибн Хаттаб (розияллоху анху)га мисрлик бир кыбтий келип Амр ибн Аастын уулунан арызданат. «Мен Амрдын уулунан байгеде озуп чыксам, ызааланып, мени камчысы менен жазыксыз сабады. Сага арызданамын, десем «Биз асылзадабыз, колуңдан келгенин кыл», – деп мени акаарат кылды», – деди. Умар (розияллоху анху) дароо Амрга кат жазып уулу менен Мадинага тезинен келүүнү буйруду. Алар келишкенден соң баягы мисрликти чакыртып, колуна камчыны берип, Амрдын уулун сабоону буйруду. Ар урганда Умар (розияллоху анху) «Ур, асылзаданын баласын!» деп турду. Умар баягы кыбтий Амрдын уулун уруп болгон соң, атасы Амрды урууну буйруду. Мисрлик: «Атасында өчүм жок, уулунан өчүмдү алдым», – деп жооп берди. Амр ибн Аас азирети Умарга ушул окуядан кабарсыз экенин айтып үзүр сурады. Ал Амрга карап: «Силер качандан бери калкты кул кылууну баштадыңар? Акыйкатта болсо, энелери аларды азат төрөшкөн го?!», – деп тергеп-тескеди. Умардын адилетин карагыла, арыздануучу катардагы мисрлик бир кыбтий, Амр болсо бүткүл Миср вилаятынын – азыркы тил менен айтканда – генерал губернатору эле.
Күндөрдүн биринде Умар (розияллоху анху) Мадина көчөлөрүндө бара жатса бир адам: «Эй, Амирул-муъминин, сен валийлериңе насаат кылуу менен эле Аллахтын азабынан кутуламын, деп ойлойсуңбу? Акыйкатта болсо, Мисрдеги валийиң Ияз ибн Ганам кооз кийимдерди киет, эшигинде сакчы да турат», – деди. Муну угар замат азирети Умар текшерүү башчысы Мухаммад ибн Масламаны чакырып Мисрге барып, Иязды кандай абалда тапса ошондой боюнча Мадинага алып келүүнү буйруйт. Анын кооз кийимдерди кийгени жана эшигинде сакчы да турганы аныкталат. Азирети Умар (розияллоху анху) Иязды чечинтип, кара чапан кийдирип колуна бир таякты карматып: «Эми сен бар, тигил койлорду кайтар», – деди. Ияз буга жооп иретинде: «Өлүм мындан жакшы», – деди. Умар (розияллоху анху) ага сөзүн кайталады. Ал кайталап жообун айтты. Андан кийин Умар (розияллоху анху): «Сенин атаң кой бакканы үчүн ганам т.а. кой деп аталган болсо керек», – деди. Ал: «Албетте, өзүмдү оңдоймун, каталарды эч качан кайталабаймын», – деди. Умар (розияллоху анху) Ияздын чапанын чечүүнү буйруп, мурунку ишине кайтарды.
Умар (розияллоху анху) валийлердин ишин текшерүүчүлөр аркылуу текшерүү менен гана чектелбестен ажылык учурунда бардык валийлерди ажылыкка чакырган жана жүз миңдеген адамдар арасында алар кандай иш кылып жатканын сураган.
Умар бир ажылык мезгилинде калкты жыйып валийлердин катышуусунда аларга хутба кылат. «Эй калайык, мен ушул валийлеримди силерге акыйкат менен өкүм жүргүзүшү үчүн жибергенмин. Силерге, мал-мүлкүңөргө ээ болушу үчүн жиберген эмесмин. Бирер киши булардан жабыр көргөн болсо туруп айтсын», – деди. Жалгыз бир киши гана туруп, Миср валийи жүз камчы урганын айтат. Муну угуп Умар Миср валийине: «Эмнеге ага жүз камчы урдуң», – деп, андан өч алууну буйруду. Ошол кезде Амр ибни Аас ордунан туруп: «Эй, амирул муъминин, сен мындай жолду кармансаң валийлериңе оор болот. Сенден кийинкилерге да ушул иш адат болуп калат», – деди. Умар (розияллоху анху) жооп катары: «Эмне үчүн өч албоо керек? Жада калса, Расулуллах (с.а.в) да өзүнөн өч алган», – деп, баягы кимсеге карап: «Валийге жүз камчы ур», – деди. Амр ибни Аас башка чара таба албагынан Умарга карап: «Эй, амирул муъминин, эч болбосо аны ыраазы кылышыма уруксат бер», – деди. Ар камчыга эки динардан берип, эки жүз динарга өч алуудан кутулду. 20 динарга ээ болгон адам зекет берүүгө кудуреттүү эсептелет.
Куфа шаары курулганда шаар акими өзү үчүн башкалардан көрө бийик сарай салдырат жана бул имарат элдин оозунда “Саъддын сарайы” деп калган. Бул сарай салынган жай базарга жакын болуп базардагылардын үнү угулуп турган. Сарайда эшик сакчысы болуп, Саъд ага: «Базардагылар үнүн бийик кылып сүйлөшпөсүн», деп буйруптур деген сөз тарайт. Акыры бул сөз Умар (розияллоху анхуга) да жетет. Ал дароо текшерүүчүлөрдүн төрагасы Мухаммад ибн Масламаны чакырып: “Куфага барып Саъд сарайынын дарбазасын өрттөөнү жана кат жазып, аны Саъдга тапшырып кайтууну буйруду. Мухаммад ибн Маслама Куфага барып Саъдга билдирбестен сарайдын дарбазасына от коёт. Саъд Мухаммад ибн Масламаны токтотуп, сарайга чакыртат. Бирок, Мухаммад ибн Маслама анын алдына барбайт. Акыры өзү Мухаммаддын алдына келип үйүнө мейманчылыкка чакырат. Муну да кабыл албайт, акыры жол үчүн, азык-түлүк үчүн, иштетүүгө бир аз нерсе даярдап келет. Бирок Мухаммад аны да кабыл алуудан кескин баш тартат. Катты Саъдга тапшырат. Катта: «Сен өзүңө сарай салдырып калктан өзүнчө жашайт экенсиң. Сарайың «Саъддын сарайы» деп белгилүү болуптур. Калктын беймарал киришине тосмо болушуна дарбаза да куруп, эшик сакчысын да коюпсуң. Ал сенин сарайың эмес, бузгунчулук сарайы. Мындан кийин сарайга дарбаза куруп, калктын кирүүсүнө тоскоол болбо» деп жазылган. Саъд Мухаммад ибн Масламага ант берип калк арасында тараган кеп-сөздөр жалган экенин, эч качан андай сөз айтпаганын айтты. Мухаммад ибн Маслама кайтып келип Саъд ант ичкенин айткандан кийин гана Умар канааттанды. Ушул окуя Умар (розияллоху анху) өз жетекчилигине канчалык маани берип көзөмөлдөгөнүн, жетекчилер кандай киши болбосун жазалоодо ага маани бербегенин көрсөтөт.
Умар ибн Хаттаб (розияллоху анху) амалдарлардын пара алуусуна жол ачпоо ниетинде аларды бирер жерге ишке жиберүүдөн мурун мал-мүлкүн эсептеген. Арадан убакыт өткөн соң, мүлкүн текшерген. Эгер, мурунку эсептен ашыкча чыкса, ашыкчасын мамлекеттин казынасына өткөргөн. Ушул сыяктуу Кинана арабдарына зекет чогултуучу болуп барган Утма ибн Абу Суфян Мадинага келгенде «Мен муну соодачылык кылып көбөйткөмүн» дегенине карабастан анын ашыкча мүлкүн байтул малга өткөргөн.
Халид ибн Валид Ашъас ибн Кайска он миң дирхам сыйлык бергенин уккан Умар Халидди иштен алган, акчаны болсо казынага конфискация кылган. Умар ушундай иш кылганынан улам Усман ибн Аффандын доорунда казына малын өз каалоосуна сарптап, айрым жетекчилерге сыйлыктарды берип өз тарабына оодуруп алган Муавия сыяктуулар Умардын доорунда унчукпай туруудан башка чарасы болбогон.
Азирети Умар абдан катаал болушу менен бирге калкка абдан мээримдүү, алсыздарга колдоочу болгон. Жетекчилерге ар дайым калкка жакшы мамиле кылууну дайындаган, бирер туура эмес иш кылган валийди ишинен бошоткон. Бир күнү ишке дайындалган буйрук кагазын алганы келген бир киши азирети Умар жаш балдарды кучактап эркелетип өпкөнүн көрөт. Ошондо: «Сиз баланы өбөсүзбү? Мен таптакыр жаш баланы эркелетип өпкөн эмесмин», – дейт. Бул сөздү угуп Умар анын колунан буйрук кагазын тартып алып: «Сен жаш балдарга мээрим көрсөтүүнү билбейт экенсиң, анан кантип мазлум калкка ырайым кыласың. Сага жетекчилик ылайыктуу эмес экен», – деген. Бул Умардын калкка ырайымы эмес башка эмне?!
Азирети Умардын идара услубдарынын катаалдыгынан диктатор өкүмдар экен да деген пикирге баруу туура эмес. Тескерисинче, азирети Умар түзүм жана мыйзам менен байланган өкүмдар болгон. Ишти өз пикирине таянып кыла берген эмес. Кичине иш болсо да улуу сахабаларды жыйып, эгер чоңураак иш болсо, анда бүткүл калктын пикирин алган, алардан кеңеш сураган жана берген кеңешин аткарган. Умар Ислам өкүмдарлары арасында кеңеш кургандардан болгон. Хулафаи рошидиндердин арасында «Шуро» эрежесине амал кылгандардан болгон. Мадинада ар дайым кеңешүү үчүн жанында бир нече улуу сахабаларды бирге алып жүргөн. Алар Умарга кеңешчилик вазыйпасын аткарган. Ушул жактан Али ибн Абу Талиб, Усман ибни Аффан, Аббас ибн Абдумутталиб, Абдурахман ибн Авф, Абдуллах ибни Аббас эң жакын кеңешчилеринен эле. Умар ибн Хаттаб өз пикирине жабышып алган киши болбогон. Ким болбосун, эгер туура пикирди айтса, Умар өз пикиринен кайтып, ошонун пикирине кошулган.
Бир күнү Умар калк махрдын көлөмүн ашырып жибергенине карата чек белгилемекчи болот. Ал минбарда туруп ушул жөнүндөгү сөздөрдү айтат. Ошондо артта турган аялдардын бири ордунан туруп: «Сен Аллах бизге тартуу кылган акыбызды тартып алмакчысыңбы? Аллах Таала Өзү «эгер бирөөгө тоодой махр берген болсоңор да кайтарып албагыла», деген го?!» деп Умар (розияллоху анхуга) каршы сүйлөйт. Умар өзүнүн пикири ката экендигин түшүнүп, пикиринен кайтып, аялдын сөзү туура, Умардын пикири туура эмес деген жана баягы махрга чек белгилөө туурасындагы пикиринен баш тарткан.
Бу окуя Умар ибн Хаттаб элдин пикирин канчалык урматташын жана аларга мыйзам алкагында эрк-укук бергенин көрсөтөт. Умар ибн Хаттаб улуу жаштагылар менен кеңешкендей жаштар менен да кеңешкен. «Жаштардын зээни курч болот», – деген.
Мадинада акыл жана пикир ээлери болгон бир нече аялдар болуп, азирети Умар алар менен да көп кеңешкен жана алардын айрым бир маселелерде пикирин тыңдаган.
Умар (розияллоху анху) мамлекет иштеринде эл менен кеңешип иш кылгандай аларга сындоого да эрк берген, сындоого чакырган. Четки вилаяттардан бирер киши келсе, же өзү сахабалар олтурушкан жыйынга кирип калса жүрүм-турумун, калкка мамилесин кандай экендигин сурап сүрүштүргөн. Нуъман ибн Башир айтат: Бир кезде мухажир жана ансарлар чогулган жыйынга Умар ибн Хаттаб кирип келип аларга карап: “Эгер мени айрым бир иштерде суздук кылып жатканымды көрсөңөр эмне кылат элеңер?”,- деп сурайт. Эч ким жооп бербеген соң, суроону үч жолу кайталайт. Ошондо Башир ибн Нуъман ордунан туруп: “Эгер андай ишиңди көрсөк, сени окту түздөгөнүбүздөй түздөп коёт элек”, – деди. Бул жоопко Умар абдан кубанып: “Андай кылсаңар адам экенсиңер”, – деди. Калкка ушундай даражада сындоого укук берген өкүмдар диктатор болобу?
Бир күнү Умар (розияллоху анху) минбарда туруп калкка: “Менин айыбымды билген киши чынчыл айтсын”, – деп калды. Бир киши: «Эй, амирул муъминин, мен сенин бир айыбыңды билемин. Сен эки кабат кийим киесиң жана эки түрдүү тамак жейсиң. Акыйкатта болсо, адамдардын көпчүлүгү ага кудуреттүү эмес», – дейт. Умар ошондон кийин таптакыр эки кабат кийим кийбеген жана эки табактан тамак жебеген.
Умар ибн Хаттабды адамдарга сүйүктүү кылган нерсе да ушул сыяктуу сапаттар болгон. Ал бүткүл күчүн, кубатын калктын пайдасына иштеткен. Ошол доордо улуу таасирге ээ болгон Кисро жана Кайсар падышалыгын кулаткан өкүмдар боло туруп жөнөкөй кишилер сыяктуу кийинген жана жашаган. Ал шарият жана мыйзам алдында өзүн башка катардагы адамдарга теңеген. Ошондуктан тарых аны кубаттуу мамлекет жетекчиси катары алтын тамгалар менен белгиледи.
Абдуллах ибн Мухаммад