Түркия Борбор Азияда коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

122
0

Түркия Борбор Азияда коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө

Анкара Кыргызстанда аскердик катышуусун активдүү күчөтүп, өлкөдөгү экономикалык таасирин арттырып, Борбор Азияда өзүнүн позициясын бекемдөөгө жана бул стратегиялык маанилүү аймактан Орусияны сүрүп чыгарууга умтулууда. Жакында өлкө парламенти Түркия менен коргонуу тармагында өнөр-жай мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган келишимди бекитүү тууралуу мыйзам долбоорун карап чыкты.

Документте аскердик максаттагы продукцияларды чыгара турган биргелешкен ишканаларды түзүү, аларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо, технологияларды өткөрүп берүү жана адистерди окутуу каралган. Коргонуу тармагындагы кызматташуу курал-жарак иштеп чыгуудан тартып, аларды жеткирүү, техникалык тейлөө жана жаңыртуу, технологияларды жөнөтүү жана окутуу менен документтерди алмашууга чейинки кеңири багыттарды камтыйт.

Ошентип, Түркия Борбор Азия менен кызматташтыкты улам кеңейтүүдө. Түркия 30 жылдан ашуун убакыттан бери аймакта ар кандай маданий, экономикалык жана саясий багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Бул стратегиянын негизги куралы катары Түрк Мамлекеттер Уюму кызмат кылууда. Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжан кирет.

Анкаранын кызыкчылыктары жалаң эле соода жана жалпы тарыхка байланыштуу элестер менен чектелбейт. Аскердик-техникалык кызматташтык жана биргелешкен коргонуу пландары Кыргызстан үчүн реалдуу альтернативага айланып бара жатат.

Анкара Кыргызстандагы таасирин «Түрк Кеңеши» аркылуу бекемдөөгө аракет кылып, аскердик техника гана жеткирбестен, дрондорду чогултуу линиясын түзүүгө да даяр. Мурдараак Түркия чек ара коопсуздугу үчүн бир нече дронду Кыргызстанга берген болчу.

Акыркы эки жарым жылдын ичинде Кыргызстан аскердик техника жана материалдык камсыздоого 1,3 миллиард доллардан ашуун каражат сарптады. Айрым маалыматтар боюнча, Түркия Кыргызстандын аскердик бөлүктөр үчүн ок атуучу куралдарды экспорттоону улантууда.

Биргелешкен аскердик техниканы өндүрүү жана технологияларды өткөрүп берүү Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бир топ бекемдейт. Айрыкча Тажикстан менен чек арадагы чыңалууну эске алганда, бул стратегия Кыргызстан үчүн маанилүү. Орусиянын Кыргызстандагы аскердик базалары болсо чек арадагы чыңалууну жөнгө салууда эч кандай чара көргөн жок. Кыргызстандын армияны күжүрмөн даярдыкка алып келүү зарылдыгын түшүнүүсү жана аны өзү ишке ашыруусу, табигый түрдө коргонуу тармагында өнөктөштөрдү издөөнү талап кылат.

Мындан тышкары, Түркия Казакстанда да дрон өндүрүшүн жолго коюуну пландап жатат. Түркия менен Казакстандын ортосундагы коргонуу жаатындагы кызматташтык кадимки курал-жарак жеткирүүдөн өтүп, казак армиясын модернизациялоого жана аны дүйнөлүк коргонуу тутумдарына интеграциялоого багытталган стратегиялык өнөктөштүккө айланууда.

Бул кызматташтык Түркиянын аймакта таасирин кеңейтүүгө болгон олуттуу ниеттерин айгинелейт. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташуу мындан ары Борбор Азия Орусиянын гана таасири менен чектелбей турганына белги катары карасак болот.

Жакында орусиячыл маалымат каражаттары «бир тууган» Кыргызстан Түркиянын демилгеси менен «Туран армиясына» кошулууда деп жазып чыгышты. Бул билдирүүлөр Кыргызстанда түрк “Bayraktar” дрондорун өндүрүү боюнча пландар тууралуу маалыматтардан кийин тараган. Орусиялык маалымат каражаттары бул кадамды Түркиянын жетекчилиги астында түрк тилдүү мамлекеттердин гипотетикалык аскердик альянсын түзүүгө карай кадам катары сыпатташкан.

Түркиянын аймактагы таасиринин артышы АКШнын кызыкчылыктарына да төп келет. Бул «Улуу Туран» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылууда. Россия Украинадагы согуштун натыйжасында санкцияларга туш болуп, экономикалык алсыздыкка кептелген шартта, Түркия жана Батыш Борбор Азияда өз таасирин арттырууда.

Мындай шартта, Россия Кыргызстан жана Казакстанга басым көрсөтүүчү адаттагы ыкмаларын күчөтүп, коркутуу, чек араларда товарлардын өтүүсүн татаалдатуу жана мигранттарга кысым жасоо сыяктуу аракеттерди күчөтүшү мүмкүн. Башкача айтканда, чек араларда токтоп турган товарлар жана мигранттардын өлкөгө акча которо албай жатканы тууралуу кабарларды угушубуз мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, азырынча Түркия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы коргонуу жаатындагы кызматташтык ЖККУ сыяктуу толук кандуу аскердик союзга айлана элек. Бирок Анкара аймактагы таасирин мындан ары да кеңейтүүгө жана катышуусун бекемдөөгө аракет кылары шексиз. Түркия менен аскердик тармактагы терең кызматташтык – бул Батыштын пландарына ылайык уланып жаткан стратегиянын бир бөлүгү. Бул стратегия региондогу өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүн модернизациялоодо Орусиядан кескин түрдө оолак болуусун талап кылбоого негизделген.

Худжат Жамиа

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here