ХОРОГДО БАШАЛАМАНДЫКТАР УЛАНУУДА

405
0

21-май күнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорог шаарында наркотикалык заттар менен мыйзамсыз алектенүүчүлөрдү колго түшүрүү маалында контрабандачылар тобу менен милиция кызматкерлери ортосунда келип чыккан атышууда эки адам курман болгон жана бир нече адамдар жарадар болушкан. Жогорудагы окуядан кийин наркотикалык заттар менен мыйзамсы алектенүүчү топ, ошону менен бирге Хорог шаарынын жаштары шаардын борборундагы сот, прокуратура жана милиция имараттары алдында чогулуп, башаламандыктарды келтирип чыгарышканы о.э. жогорудагы имараттарды жана бир нече автомобилдерди өрттөп жиберишкени жөнүндө кабарланган болчу.

  Бул окуянын артынан 22-май, бейшемби күнү Тажикстан президенти Эмомали Рахмон башчылыгында укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөрүлгөн жыйында Хорогдогу кырдаал талкуу кылынган. Жыйында негизги маселе Хорог шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу о.э. шаардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана наркотикалык наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасы менен алектенүүчүлөрдү колго түшүрүүдөн турган. Бул тууралуу Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабар берган болчу.

Рахмон укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин окуяны ар тараптуу үйрөнүүгө о.э. айыптууларды жоопкерчиликке тартууга буйруган. Президенттин тапшырмасы негизинде мамлекет башчысынын улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев башчылыгында Хорог шаарына жиберилүүчү жумушчу топ түзүлгөн.

Мындан тышкары Эмомали Рахмон бейшемби күнү эртелеп Тоолуу Бадахшан овтономиялуу областынын жетекчиси Шадихан Жамшидов менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүү маалында президент аны жүзөгө келген кырдаалды турукташтырууга жана тийиштүү чараларды көрүүгө буйруган эле.

Жогорудагы окуядан кийин хорогдуктар 21-майдан бери шаар борборундагы майданда нааразылык акцияларын улантып, үч күн мурда жүз берген атышууга катышкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатышкан эле.

Уланып жаткан нааразылык акциясынын артынан 23-майдан 24-майга караган түнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорог шаарында кезектеги атышуу жүз берди. Бул атышуунун келип чыгышына жергиликтүү элдин өкүлдөрү Хорогдогу Улуттук имаратты ээллөгө аракет кылгандыгы себеп  кылып көрсөтүлүүдө. Жогорудагы атышууда бир адам өлүп, эки адам жарадар болгону кабарланууда.

Тажикстан эгемендүүлүккө жетишкенине 23 жылдан ашкан болсо да Эмомали Рахмондун өкмөтү Тоолуу Бадахшанда  толук көзөмөл орното алган жок. Расмий Тажикстан өкмөтү наркотикалык заттар менен мыйзамсыз алектенүүчү топторду тазалоо шылтоосу менен жогорудагы региондо атайын операцияларды өткөрүп келет.

2012-жылдын  24-25-июль күндөрү атайын кызматтын генералы Абдулла Назаровду өлтүргөндөрдү колго түшүрүү үчүн Хорогдо өткөрүлгөн операция маалында ондогон карапайым адамдар өлгөн эле. Расмий кабарларга ылайык, күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери, 30 согушкер жана бир карапайым жаран өлгөн. Расмий эмес булактаррга ылайык, өлтүрүлгөндөрдүн саны эки жүздөн ашкан, алардын жарымы тынч жарандар болгондугу айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here