Россия мусулмандары алып барып жаткан “зулум көрүп жаткан мусулмандарды коргоо үчүн” акциясы чокусуна чыгып барууда. Бул акция Россиянын ичкерисинде башталып, өтө тездик менен мусулмандардын дүйнөлүк нааразылыктарына себеп болууда. Россия өкмөтү кырдаалды өзгөртпөсө, бул абал Россиянын бөлүнүп-жарылуу жараянына салым кошо турган өтө чоӊ силкинүү пайда кылышы мүмкүн. Бир нече исламий өлкөлөрдө Россия элчиканалары алдында Татарстан мусулмандарына зулумду токтотууларын талап кылган демонстрациялар болуп өттү. Интернеттеги социалдык тармактар да, ушул акцияны колдоочу жана Россия өкмөтүнүн Татарстан мусулмандарына зулум кылуудан тыйылышын талап кылган эскертүүлөргө толуп кетти. Бирок, Путиндин текебердиктен келип чыккан кежирдиги, кырдаалга соо-саламат көз менен кароосуна тоскоолдук кылат. Ал дагы деле КГБ ыкмасы менен иш алып баруу стратегиясын Россияны башкаруу негизи кылып келе жатат.
Биз Россия мамлекетине, мусулмандар менен мамилелерин оӊ тарапка өзгөртүүнү кеӊеш беребиз. Себеби, мусулмандар Россия калкынын негизги бөлүгүн түзөт. Орус калкы кары-картаӊдар коомуна айланып барууда. Путин мусулман мигранттардан Россияны тазаламакчы болуп акыркы убакта көптөгөн мыйзамдарды чыгарганы менен ал мусулмандардан кутулуп кала албайт. Себеби, Россия орус улутунун эле өлкөсү эмес. Анын өтө чоӊ бөлүгү мусулмандар жана исламий өлкөлөрдөн түзүлгөн. Мындай абал орус калкы жана өкмөтү оӊ же терс тарапка кызмат кылышы мүмкүн. Путин режими мусулмандарга каршы аракеттери менен Россияны жардын жакасын көздөй алып бара жатат. Орус калкы аларды токтотууга аракет кылышпаса, жакынкы келечекте мусулмандар менен ортолорунда өтө чоӊ карама-каршылыктар келип чыгат. Бул болсо, аларга эч кандай пайда келтирбестиги анык.
Ошондуктан, биз көзүн май басып калган Путинге эмес, Россиянын калкына кайрылат элек. Тарыхта Путинге окшогон залим жана кежир жетекчилер силердин үстүӊөргө көп келген. Алардын ар бир акмакчылык аракеттери силерди оор абалга салып келет. Путин да эл аралык саясатта Россиянын экономикалык жана саясий абалын өтө төмөндөтүп жиберди. Эми ушул сыяктуу каталарына жооп берүүдөн коркуп мусулмандарды провакация кылмакчы. Себеби, тынчтык абалы анын анын режимин өз калкы менен бетме-бет абалга алып барат. Путин өз калкынын жүзүнө тик карай ала турган бирер өзгөрүш жасай алган жок.
Атамбаев болсо, Путинди ээрчип жатат. Ал мурунку эки призидентти куугун кылууда Россиянын ролу чоӊ болгонун жакшы билет. Себеби, ошол убакта Россия менен өзү кызматташкан. Анын аракеттери бийликтеги ордун сактап калуу негизине курулган. Ал акыркы кездерде мусулмандарга каршы олуттуу аракеттерди баштады. Максатын ал тургай өзү да анык билбейт. Болгону креслосун сактап калуу үчүн эч кайсы тарапты капа кылбастыкка аракет кылып жатат. Камбар-Ата ГЭСи боюнча Россия менен келишимдерге кол коюшу, Кумтөр маселесинде өтө зыяндуу келишимге кол коюшу, Кыргызгазды ГАЗПРОМго сатып жибериши…. сыяктуу иштердин бардыгы буга мисал болот. Мусулмандарга каршы аракеттер болсо, ал коркуп жаткан куфр мамлекеттеринин бирин да иренжитпейт. Бирок, мусулмандарга зулум өткөрүү аларды ошол зулумга каршы аракеттендирип жибериши мүмкүн. Кыргызстан болсо, шамалдан качып бороонго учурагандай болот.
Бул эки призидентти жакынкы күндөрдө шайлана турган Халифа менен достук мамиледе болууга чакырат элек. Ал үчүн азыртадан мусулмандардын акы-укуктарын тебелөөдөн тыйылышы керек. Себеби, Халифа ар бир мусулмандын акы-укуктары үстүнөн жоопкер болот.
Абдураззок: