12-февраль күнү Кыргызстан борбору Бишкекте түрдүү саясий кыймылдардын жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Ушул жыйында оппозициядагы кыймылдардын бардыгы бир кыймылга биригишти. Бул ”Бириккен Улуттук оппозициялык кыймыл” деп аталган бирикмеге депутат Равшан Жээнбеков жетекчи болуп дайындалды.
Равшан Жээнбековдун айтымында, Бириккен оппозицияга Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жана анын “Улуттар Биримдиги” партиясы, Өмүрбек Субаналиев, Камчыбек Ташиев, Азимбек Бекназаров о.э. Артур Медетбеков башчылыгындагы “Элдик демократиялык партиясы” жана башкалар кошулушкан.
Равшан Жээнбековдун билдиришинче, бул биригүүнүн негизги үч максаты бар; “Биринчиси, учурдагы конституцияны кайрадан жандандыруу. Түпкүлүгүндө, бул конституция жаман эмес. Бирок, президент ага таптакыр амал кылбады. Азыр бизде баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй парламенттик республика жок. Бийликтин бардык тармагын президенттин өзү ээлеп алган. Премьер-министр да, сот да, башкасы да анын өзү. Экинчи максатыбыз, парламенттик системаны бекемдөө. Үчүнчүсү болсо, бийликти өздөштүрүп алууга каршы күрөшүүдөн турат. 4 жылдын ичинде президент эч кандай иш бүтүргөн жок. Анын убадалары жана биздин үмүттөрүбүз эрте жаздагы кардай эрип кетүүдө. Өкмөт кылмышкерлер менен коюн-колтук алышууда. Бул нерсе Сарууда жана Ошто Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирүүгө аракет кылган убакта көрүнүп калды. Биз бул жаңы кыймылды түзүү менен мамлекеттин режимине каршы турабыз жана мамлекеттин өнүгүшү үчүн өзүбүздүн пландарыбызды жарыя кылабыз”.
Бириккен оппозиция азырынча уюштуруу иштери менен алектенип, жакынкы күндөрдө ишке ашырыла турган пландардын үстүндө иш алып барууда.
Туркистон:
Ооба, Жээнбековдун сөздөрү чындык. Бирок, анын пикирий жетекчилигинде реалдуу абалга логикалык жактан кароо көрүнбөйт. Бул оппозициялык топ да, учурдагы бийлик менен бир саясий чөйрөдөн. Алар “Кыргызстандын проблемаларынын негизи ички башкаруу системасындагы бузуктуктан” деген пикирий багытты көтөрүп чыгышат. Тышкы факторлорго болсо, “эл аралык саясаттагы чоӊ мамлекеттер ортосунда кай бири менен союздаш болуу бизге коопсуз жана пайдалуураак” деген пикирден нары өтө алышпайт. Алар дүйнөлүк система тарабынан өз мамлекеттерине карата ачык ишке ашырылып жаткан зулум жана колонизатордукка каршы күрөшүүнүн ордуна, бири-бирине каршы ошол колонизаторлукту курал кылып пайдаланышат. Мисалы, Атамбаев Бакиевди кууп жиберүүдө Россиядан пайдаланды, бирок, ошонун натыйжасында учурда бүтүндөй кыргыз мамлекети Россиянын пайдасы үчүн “бажы биримдигине” мажбурланууда. Кыргызгаз Россияга берилди. Электр энергиясы кезекте турат. Кумтөр маселеси Кыргызстанга өтө чоӊ зыян жеткире турган болуп чечилди жана тастыкталды.
Бүгүнкү күнгө чейин канча бийлик алмашкан болсо да эл жана мамлекет үчүн кырсыктуу даражада аркага кетүү күзөтүлүүдө. Бул болсо, Кыргызстандын эл аралык саясаттагы салмагын – эгерде аз болсо да калган болсо – биротоло жоготуп жибериши мүмкүн.
Бул саясий чөйрөнүн өкүлдөрүн, саясий дүйнөкарашта азыраак жогоруга көтөрүлүп, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан жалпы элдин кызыкчылыктарын өйдө коюуга чакырат элек. Ошондо алар Атамбаевдин дүйнөнүн чоӊдору көрсөтүп жаткан басымдарга чыдабай Кыргызстанды акырындап бөлүп берип жатканын балким түшүнүп калар беле! Атамбаевге басым өткөрүү болсо албетте оппозиция тарабынан уюштурулат. Муну Атамбаев өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан улам өтө жакшы билет. Бул бийлик алмаштыруу чынжырын токтотуп, бүтүндөй саясий элита биригип, дүйнөлүк башкаруу системасындагы адилетсиздиктерди ашкере кылып, ушул зулумдар астында бизди жана биз сыяктуу алсыз мамлекеттерди карыздарга батырып, сырьёлорубузду алып чыгып кетип жаткандыктан бул системаны мыйзамсыз деп жарыя кылышы керек. Бүтүндөй карыз жана башка кысымдарды бекер деп жарыя кылып, калган кошуна мамлекеттерди да ушул акцияга тартышы керек. Болбосо, бийликке бири кетип бири келе берет. Натыйжада болсо эч нерсе оӊ тарапка өзгөрбөйт.
Абдураззок.