Тажикстан Тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов 10-февраль күнү эртелеп Душанбеге келген БУУнун кыйноолор боюнча атайын өкүлү Хуан Мендести кабыл алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабар беришинче, жолугушуу маалында Тажикстанда кыйноолорго каршы конвенцияны ишке ашыруу, атайын өкүлдүн кыйноолорду жок кылуу боюнча киргизген сунуштарынын аткарылышы жана мамлекеттин адам укуктары жаатындагы башка эл аралык келишимдерге кошулуу маселеси талкууланган.
О.э. кабарда: БУУнун адам укуктары тармагындагы мекемелери менен кызматташтыкты бекемдөө, улуттук мыйзамчылыкты өнүктүрүү, кыйноолордун алдын алуу жана эскертүү жаатындагы иштер боюнча пикир алмашылды, – деп айтылат.
Туркистон:
БУУнун негизги милдети бүт дүйнөдөгү саясатты Америка башчылыгындагы колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктарына ылайыктап берүүдөн турат. Эгерде жогорудагы колонизатор мамлекеттер бирер мамлекетке басым өткөрмөкчү болушса БУУ дароо “демократиялык баалуулуктар” жана “адам укуктары” деп аталуучу “куралын” ишке салат о.э. бул мамлекетте “адам укуктары тебеленип жатканы” тууралуу бүт дүйнөгө жар салып, бутага алган мамлекетти жетекчи мамлекеттердин каалоосу боюнча жүрүүгө мажбур кылат.
Эгерде бирер мамлекеттен Америка же башка колонизатор мамлекеттер үчүн пайда келип турган болсо, ал мамлекетте мейли бүтүндөй улут же дин өкүлдөрү куугунтукталып жаткан болсо да “тынчсыздануу билдирүү” менен, же “тереӊ тынчсыздануу билдирүү” менен чектелет.
Буга кошуна Өзбекстан эӊ жакшы мисал боло алат. Колонизатор күчтөр Афганистандан баскынчы күчтөрүн алып чыгуу жакындаган сайын, залим Каримов камактарында миңдеген мусулмандар, ондогон оппозиционерлер ак жеринен азап тартып жатышканына, ар бир айда камактардан эӊ кеминде эки-үч мусулмандын сөөгү чыгып жатканына карабастан, бул уюм бирер чара көрүүгө аракет кылбады.
Ал тургай, 2013-жылдын 29-октябрында Өзбекстандагы адам укуктары улуттук боборунун директору Акмал Саидов башчылыгындагы расмий делегация Женевада БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы мекемесинин алдындагы кыйноолорго каршы комитеттин эксперттери менен жолугушкан жана бул жолугушууда “абройлуу” адистердин берген бул суроолоруна Акмал Саидов кайтарган жооп бар болгон добушу менен бакыруу жана столду муштоо болгон эле. А бирок, ошого карабастан бул “абройлуу” уюм жана анын “абройлуу” адистери Өзбекстанга каршы бирер чара көрүшпөдү. Анткени, канкор Каримов жана анын өкмөтү азырынча бул колонизаторлар үчүн “маанилүү шерик” болуп турушат.
Дагы башка бир мисал; Бүгүнкү күндө Россия жана АКШ ортосунда Сирия жана Украина маселесинде келишпестиктер пайда болууда. Ошол себептен улам 2014-жылдагы кышкы олимпияда оюндарына байланыштуу Сочиге барган Пан Ги Мун эл аралык олимпиядалык комитеттин алдында сөз сүйлөп, бул мамлекетте бачабаздар жана лесбианкалардын кысымдарга дуушар болуп жатканын катуу каралады. Пан Ги Мун алардын камакка алынышына каршы туруу зарыл экендигин баса белгиледи.
Ал эми БУУ пайда болгондон бери мусулмандардын пайдасы үчүн бир да иш кылган эмес. Ошол себептен улам Россиянын колониясы болгон Татарстантын Нижнекамск жана Чистопол шаарларындагы камактарда 2013-жылдын декабрь айындагы окуялардан кийин зулумга учураган жана камалган ондогон мусулмандардын негизсиз жаткандыгы, аларды түрдүү кыйноолор менен кыйнап жатышканы жана кордоп жатышканы, бул мусулмандардын кээ бирлеринин омурткалары, кээ бирлеринин кабыргалары, кээ бирлеринин болсо буттары сындырылганы жана биринин жыныстык мүчөсү күйдүрүлгөнү жөнүндө бир ооз да айтпады.
Же болбосо, Борбордук Африка республикасында Франциянын колонизатордук күчтөрү мусулман мужахиддерди куралсыздандыргандан кийин аскерий үстөмдүккө ээ болуп алган жергиликтүү насронийлер мусулмандарды ачык эле өлтүрүп жатышканы, же Бирмадагы мусулмандар мушриктер тарабынан жырткычтык менен өлтүрүлүп жатканы тууралуу “тереӊ тынчсыздануу билдирүү” менен чектелди.
Ошондуктан да бул уюм расмийлеринин бирер исламий өлкөгө барышы эч нерсени өзгөртпөйт. Себеби, колонизатор Америка колундагы куурчак болгон БУУ өз кожоюндары сыяктуу эле материалдык пайда бар жерде бардык нерседен, ал тургай өз баалуулуктарынан да баш тартууга даяр.