Россия президенти Владимир Путин Киев өкмөтүнүн Украина чыгышындагы россиячыл күчтөргө карата күч колдонушун оор кылмыш деп атап, бул нерсе олуттуу натыйжаларга себеп болушунан эскертти.
Путин: “Эгерде Киев режими шаар тургундарына каршы аскерлерди ишке салса, бул иш эч күмөнсүз, оор кылмыш болуп эсептелет”, – деди.
Россия президенти Киев өкмөтүнүн Украина калкына каршы кадам таштоосу Россия-Украина алакаларына терс таасирин тийгизет деп эскертти.
Ал: “Бул репрессиялык аракет. Натыйжасы ошол чечимди кабыл алган адамдарга жана эки мамлекеттин алакаларына терс таасирини тийгизет”, – деди.
Путиндин бул эскертиши Россия Украинага кириши мүмкүндүгү менен түшүндүрүлүүдө.
Россия президентинин дааба кылышынча, Крым жарым аралынын Россия курамына кошуп алынышы туура болгон.
“Эгерде Крым жарым аралы Россия федерациясынын курамына кошуп алынбаганда андагы кырдаал Украина чыгышындагы кырдаалга караганда аянычтуураак болот эле”, “бул болсо биз өз өз убагында туура кадам таштаганыбызды көрсөтүп турат”, – деди Путин.
О.э. Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров да Украина өкмөтүнүн аракеттерин кылмыш деп сыпаттап, бул жаатта ал Батыш тарабынан колдоп-кубатталып жаткандыгына ишара кылды.
“Украина өкмөтүнүн таштаган ар бир кадамы Батыш тарабынан туура деп бааланышы кабыл алууга болбой турган абал”, – деди Лавров.
Лавровдун айтымында, Киев өкмөтү Россияга каршы геосаясий оюнда “шахмат талаасындагы пешка” катары колдонулууда.
Россиянын эскертүүлөрүнө карабастан, Украина чыгышындагы кырдаал ого бетер күчөй баштаганы айтылууда. Кабарларга ылайык, Украина армиясы бронетехникалар менен Славянск шаары тарапка аракеттене баштаган. Шаарга жетишине болгону 3-6 км гана аралык калган. О.э. кабарда айтылышынча, Украина армиясынын аракетине каршылык кылган күчтөр менен аскерийлер ортосунда чыккан кагышууда Россия тарапкечтеринен 5 адам өлгөн.
Туркистон:
НАТО менен Россия ортосунда Европа биримдиги жаман абалда калды. Муну Польша премьер-министри Дональд Туск “Европа биримдиги Украина кризисинде мындан да аянычтуураак абалдарга даяр турушу керек” деп айтып өттү. Европа биримдигин Россияга каршы стратегиялык майдан кылып алган АКШ кырдаалдын курчушунан пайдаланып, НАТОну Россия тарапка жылдырып алмакчы. Же Украинанын аскерий кубатын Батыш тарапка көчүрүп, аны өз техникасы менен модернизация кылып, андан кийин НАТО блогуна мүчө кылып алуу менен максатка жетишүүнү пландаштырат. Бул эки абал теӊ Россияны таптакыр канаатандырбайт. Ошондуктан, Путин региондогу Россиянын сакафий таасиринен пайдаланып, бар болгон күчү менен туруксуздук абалын кармап турат. Бирок, Россиянын аскерий аралашуусу акыйкаттан узагыраак абал болуп, Путин жашыруун тыӊчыларын жиберип иш жүргүзүү менен чектелет.