CASA-1000 долбоорунун бир бөлүгү ишке берилди

60
0

CASA-1000 долбоорунун бир бөлүгү ишке берилди

Бүгүн, 31-мартта CASA-1000 долбоорунун алкагында курулган Датка-Согд 500 кВ электр чубалгысы ишке берилди. Датка-Согдини ишке киргизүү аземине Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон видеоконференция аркылуу катышты.

Маалыматка ылайык, чубалгынын узундугу 485 чакырымды түзөт. Бул линия менен келечекте Ооганстан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. CASA-1000 эл аралык долбоору Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясын экспорттоо, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзүү максатында иштелип чыккан. CASA-1000 долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанды камтыйт. Анын баштапкы этабын бир нече эл аралык донор уюмдар 2014-жылы жактырган. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган. Кыргызстан Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар кредит алган.

Орто Азиядагы Кыргызстан менен Тажикстан республикалары дүйнөдө үлкөн суу запастарына ээ мамлекеттерден болуп саналат. Ар жылы дарыялар тоолордогу мөңгүлөрдөн ээрип түшкөн суулар менен толуп ташат. Кыргызстан аймагынын 75%дан ашыгын бийиктиги 7439 метрге жеткен тоолор түзсө, Тажикстан аймагынын 93%ын бийиктиги 7495 метрге жете турган бийик тоолор түзөт. Мамлекеттердеги бул табигый өзгөчөлүктөр аларга дээрлик күч сарптабастан электр энергия иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет. Үлкөн көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарып, ГЭСтер курулуусу өнүгүп жатканына карабастан, Орто Азия калктары жайы-кышы электр энергия таңкыстыгынан кыйналат. Мындан тышкары, электр энергия баалары ар дайым өсүп турат. Бир караганда бул иш 31 миллион афган калкынын жана 190 миллион Пакистан калкынын электр энергияга болгон муктаждыгын камсыздоого каратылган деген ой пайда болот. А бирок, бул долбоор аймакта аскерий баскынчылыгын жүргүзүп келе жаткан колонизатор Америка менен Британиянын долбоору болуп эсептелет. Бул долбоорду Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы, USAID, Британия эл аралык шериктештик министрлиги сыяктуу Батыштын бир канча донор уюмдары каржылашууда. Эл аралык каржы уюмдар аталган долбоорду колдоо менен аймакты Орусия таасиринен тартып алууну максат кылат. Анткени, аймактагы байлыктар ач көз ири державалардын Орто Азияда таасир талашууларын арттырып баратат. Ооганстанда мындан ары туруктуулук ишке ашса жана Талибан АКШ баштаган эл аралык саясатка кошула турган болсо, Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор болуп калмакчы. Башкача айтканда, Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдары, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы. CASA-1000 долбоору ишке ашса, Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергия Ооганстан жана Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонулат.

“CASA-1000” долбоорунан негизги максат, Афганистан аркылуу Пакистанга узатыла турган энергиянын көбү ошол аймактагы табигый байлыктарды кайта иштеп чыга турган, батыштык колонизаторлорго кызмат кылган завод жана фабрикаларды иштетүүгө каратылган. Даяр продуктылар кемелер аркылуу ташылып кетет, андан түшкөн үлкөн пайдалар болсо чет элдик империалисттердин капчыгын кампайтат.

Жыйынтыктап айтканда, Батыш колонизатор мамлекеттери Орто Азия мамлекеттеринин табигый байлыктарына таянуучу долбоорлорду иштеп чыгуу аркылуу алардан өнүмдүү пайдаланууда. Алар регионго карата кандай долбоор иштеп чыкпасын, баары бир булардын пайдасы Орто Азия калктарына да, Түштүк Азия калктарына да тийбеген жана тийбейт дагы. Орто Азия жана Түштүк Азия калктары болсо мурункудай, энергияга муктаж бойдон кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here