Хизб-ут-Тахрир амири, аалым Ато бин Халил Абу ар-Руштанын Орозо айт майрамына карата кайрылуусу

62
0

Хизб-ут-Тахрир амири, аалым Ато бин Халил Абу ар-Руштанын хижрий 1446-жыл, 2025-жылындагы Орозо айт майрамына карата кайрылуусу

Аллахка мактоолор болсун, Аллахтын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге салаваттар болсун.

Адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт Ислам үммөттүнө:

 ﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللهِ﴾  

“Силер адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт болдуңар. Жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарасыңар жана Аллахка ишенесиңер”.

“Аллахтын алдында эч кимди улуулабайбыз” деген Исламга даават кылган такыбаларга, жакшы сөздөрдү сүйлөп, жакшы иштерди жасагандарга. Аллах бул сапаттарга ээ болгондорду мактаган:

﴿وَمَنْ أَحْسَنُ قَوْلًا مِمَّنْ دَعَا إِلَى اللهِ وَعَمِلَ صَالِحًا وَقَالَ إِنَّنِي مِنَ الْمُسْلِمِين

“Аллахка чакырып, жакшы амалдарды жасап:  “Чындыгында мен мусулмандарданмын” дегенден да жакшыраак сүйлөгөн ким бар…”.

Чындык жана чын ыклас менен  баракчаны зыярат кылып жана жакшылыкты издеп аны жайылтууга умтулган баракачанын урматтуу конокторуна Аллах жакшылыктарды берсин. Баардыгыңыздарды ыйык Орозо айтыңыздар менен куттуктайм. Аллахым кылган жакшы амалдарыбызды кабыл кылсын. Аллах соолихтердин жардамчысы.

Урматтуу бир туугандар!

Бул жылдагы майрам жөөт мамлекети Газада жана бүткүл Палестинада адамдарга, бак-дарактарга жана таштарга чейин кыянаттык кылып жаткан учурга туш келди. Муну ал  Американын колдоосу менен жасап жатат. Ал аны ракеталар, бомбалар жана учактар ​​менен камсыз кылууда.  Ислам жана мусулмандардын душманы болгон жөөт вужуду Американын колдоосу менен муну жасашы таң калычтуу эмес. Бирок мусулман өлкөлөрүндөгү, өзгөчө Палестинага жакын жердеги акимдердин эч кимиси жөөттөрдүн бул кылмышына каршы эч бир демилге көтөрбөй жатканы таң калычтуу. Газаны,  Аль-Аксаны анын айланасын азат кылуу жана яхудий вужудун түп тамырынан жок кылуу, анан бүт Палестинаны өз элине кайтаруу үчүн армияны кыймылга келтирбей жаткандары өтө таң каларлык. Мусулмандардын армиялары жерин басып алып, элин кууп чыккандар менен согушууга жана алар кууп чыгаргандай өздөрүн да кууп чыгарууга татыктуу эмеспи? Алла Таала айтат:

﴿وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾

“Аларды кайсы жерден тапсаңар өлтүргүлө жана силерди кууп чыккан жерден аларды да кууп чыгаргыла”.

Муну бийликтегилер кантип түшүнбөйт?! Алар кыйшык бийлик күрсүлөрүн сактап калуу үчүн бул талапка жооп беришпейт.

﴿قَاتَلَهُمُ اللهُ أَنَّى يُؤْفَكُون﴾.

 “Аллах аларды жок кылсын! Алар кандай гана адашууда?”

Эй, мусулман аскерлери, Газадагы бир туугандарыңарга колдоо көрсөтүү үчүн келгиле. Мусулман өлкөлөрүндөгү залим режимдер силердин жолуңарга тоскоол болсо, анда аларды бардык жол менен алып салгыла жана алардын ордуна Аллахтын өкүмүн тикелегиле.

Пайгамбарлык жол негизиндеги Халифалыкты тикелөө менен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) сүйүнчүлөгөн куш кабарын ишке ашыргыла:

«ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ، ثُمَّ سَكَتَ» مسند الإمام أحمد

“Кийин зулум кылуучу заалим падышалык болот жана Аллах каалаганча турат. Кийин аны көтөрүүнү кааласа көтөрөт. Анан пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Анан унчукпай калды”. (Муснад аль-Имам Ахмад).

Ошондо халифа, анын жардамчылары жана Ислам аскерлери эң жогорку даражадан эң төмөнкү даражага чейин жеңиштен жеңишке өтөт. Алар  жана алар менен бирге ислам үммөттү Аллахты аруулашат жана алар Раббиси менен күчтүү, дини менен улуу болушат. Эч бир душман Ислам жерине бутун өткөрүүгө да батына албайт.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

“Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен кубанышат. Ал кимди кааласа жеңишке жеткирет жана Ал Улуу, Мээримдүү”.

Сөзүмдүн акырында бир туугандар, Орозо айтыңыздар менен куттуктайм. Аллах Тааладан ушул ыйык айда аткарган орозо жана намаздарыбызды Аллах Таала жана Анын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) ыраазы боло тургандай кылып аткарылганын насип кылсын… Улуу Жараткандан ушул Айттын Ислам жана мусулмандар үчүн жакшылыктын, берекеттин жана даңктын башталышы болушун сураймын.

﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُون﴾

“Аллах Өз ишинде үстөм, бирок адамдардын көбү муну билишпейт”.

Асаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху.

Боордошуңар Ато бин  Халил Абу Рушта.

1446-х, 1-Шаввал.

2025-ж, 30-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here