Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримовдун чакыруусу боюнча Латвия Республикасынын президенти Андрис Берзиньш 2014-жыл, 27-29-май күндөрү расмий сапар менен Өзбекстанга келет.
Расмий кабарга ылайык, сапардын алкагында эки мамлекеттин жетекчилери саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы өз ара кызматташтыктын бүгүнкү абалын о.э. аны мындан кийин да өнүктүрүүнү талкуулашып, маанилүү аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышат.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки мамлекет жетекчилеринин кошмо билдирүүнү кабыл алышы, Өзбекстан жана Латвия ортосунда түрдүү тармактардагы кызматташтыкка тиешелүү бир катар документтерге кол коюшу болжолдонууда.
Туркистон:
Бирер бир мамлекеттин жетекчиси башка бир мамлекетке расмий сапар менен бара турган болсо, ошол сапардын расмий тараптары гана кабарланат. А бирок, ал жетекчинин сапары жана бул сапардан көздөлгөн негизги максаттар жөнүндө бир ооз да айтылбайт.
Латвия НАТО уюмуна мүчө экендигин жана бүгүнкү күндө Афганистанда Латвиянын 130га жакын аскери баскынчылык согуштарында катышып жаткандыгын эсепке ала турган болсок, Латвия президенти Андрис Берзиньштин Өзбекстанга келе турган сапарынан көздөлгөн негизги максаты өз кошуундарын Өзбекстан аркылуу алып чыгып кетүү боюнча келишим түзүү болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, 2013-жылы октябрь айында Ислам Каримовдун Латвияга болгон сапарынын натыйжалары жөнүндө Өзбекстан маалымат каражаттары эч кандай жөндүү кабар беришпеген эле. Каримов бул сапары аркылуу Латвия мамлекети ортомчулугунда Европа Союзу менен болгон алакаларын тикелемекчи болгон эле. А бирок, Каримов үчүн мындан да маанилүүрөөк болгон маселе Латвия жерлеринде кызына карата башталган кылмыштык текшерүүлөрдү жөнгө салуудан турушу да ыктымалдан алыс эмес болчу. Ошентип, ал кызы Гүлнараны куткарып алуу жолундагы жабылган эшиктердин бирин ачууга аракет кылган болушу да мүмкүн эле.
Латвия президентинин Өзбекстанга келе турган жогорудагы сапарында бул маселе да көтөрүлүшү мүмкүн.