ХАЙДЕН: ЭҢ ЖАКШЫ ЧЕЧИМ АСАДДЫН ЖЕӉИШКЕ ЖЕТИШҮҮСҮ

245
0

АКШ Борбордук разведка бюросунун (ЦРУ)нун мурдагы жетекчиси Майкл Хайден Сириядагы акыркы кырдаалга баа берип, Башар Асаддын өз ордунда калышы учурдагы варианттардын ичинен эң абзели экендигин баса белгиледи.

2009-жылга чейин ЦРУну башкарган жана АКШ аба күчтөрүндө генералдык наамга чейин жеткен Михаил Хайден “Жеймстаун” мекемеси тарабынан уюштурулган “Террор адистери” деген аталыштагы конференцияда сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Сирия проблемасы регион коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканы жана ар бир иш өз агымында кетиши үчүн эң абзел чечим Асаддын жеӊишке жетишүүсү экендигин айтып өттү.

Хайден Сирияда үч вариант бар экендиги тууралуу сөз кылып, үчүнчү вариантка басым жасады.

Хайден: “Үчүнчү вариант Асаддын жеӊишке жетишүүсү. Айтып өтүшүм керек болгон нерсе, менимче өтө коркунучтуу варианттардын ортого чыгышына караганда үчүнчү варианттын ишке ашуусу абзел”, – деди.

Хайдендин айтымында, биринчи вариант шия жана сунний тайпалар ортосунда кандуу согуштун күчөшү болот. Экинчи вариант болсо чегарасы 1960-жылы Англия жана Франция тарабынан түзүлгөн Сайкс-Пико келишимине ылайык белгиленген Сирия мамлекетинин картадан бүтүндөй жок болушу.

Анын баса белиглешинче, мындай абал “биринчи дүйнөлүк согуштан кийин сызылган бардык жасалма чегаралардын жок болушун жана маданияттар кесилиши чекитинен башкарылбай турган бир аймактын пайда болушун түшүндүрөт.

“Сирияда уланып жаткан жараяндын мааниси Ортоӊку Чыгыш географиясынын маанилүү бир бөлүгү “Ислам фундаментализми” тарабынан колго алынышы о.э. Сирия жана биз билген бүт Чыгыштын жарылышын тшүндүрөт”, – деди ЦРУнун мурдагы жетекчиси.

Бир нече күн мурда Израилдин башкы штаб башчысы Дан Халуц да дал ушундай пикирди билдирген болчу.

Туркистон: Куфр дүйнөсү Ислам менен ачык күрөш алып баруунун мурунку этаптарына өтө баштады. Идеологиялык баалуулуктары, адам укугу жана эркиндиктери корголушу негизиндеги акыйдаларын да бир четке сүрүп коюп, Исламга каршы экендиктерин ачык жарыя кыла башташты. Ушундай жүрүп отурса, жакынкы күндөрдө Ислам менен куфр ортосунда болуп жаткан согуш ачык-айкын болот. Ошондо аларга кызмат кылып жаткан илманий мусулмандар жана жашыруун кызмат кылып жатышкан диний жетекчилердин абалы кандай болор экен. Аларга “эсиӊер барда этегиӊерди жапкыла” деп насаат кылабыз.

Киямуддин

19/12/2013

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here