ТАШКЕНТТЕ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК КЕӉЕШИ ӨТКӨРҮЛӨТ

244
0

24-25-декабрь күндөрү Ташкентте Өзбекстан жана Кыргызстан тышкы иштер министрликтери ортосунда саясий жана консулдук маселелери боюнча кеӊеш өткөрүлөт.

Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бул кеӊеш 2013-жылдын 28-ноябрында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияев менен жолугушуусу маалында жетишилген келишимге ылайык уюштурулат.

Кеӊешүүдө кыргыз-өзбек кызматташтыгынын зарыл маселелери, эки мамлекеттин тышкы саясат мекемелеринин алакалары о.э. келечектеги маселелер талкууланат.

Туркистон: 16-февралдагы өзбек өкмөтү ГЭСтердин курулушунда коркоктук кылып жатканы туурасындагы Атамбаевдин курч мүнөздөгү билдирүүсү өзбек саясатчыларынын мамилесинде эч кандай реакия көрсөтпөй жаткандыгы таӊ калычтуу. Алардын бул мамилелери эки нерсеге далалат кылат. Биринчиси: Мамлекет Каримовдун көзөмөлүнөн чыгып, башка күчтөрдүн колуна өткөн. Алар режимди сактап калуу максатында жаңы реформаларга аракет кылышууда. Экинчиси: Кыргызгаздын Газпромго өтүп кетиши жана ОДКБнын, өзүнө мүчө болгон мамлекеттерди тышкы душмандардан сактоо туурасындагы резолюцияны кабыл алышы Өзбекстандын Кыргызстанга басым өткөрүү рычагдарын дээрлик жок кылды. Тескерисинче, Кыргызстандан агып келүүчү сугат сууларына Өзбекстан муктаж. Ушундай абал аларды кыргыз өкмөтү менен адамча сүйлөшүүгө мажбур кылат. Т.а. эки абал теӊ иш жүзүндө бар. Түпкүлүгүндө, Өзбекстанды ушундай абалга түшүрүп жаткан Россия болуп, жакынкы күндөрдө Каримовдун хамелеондук саясатында ачыкка чыгат. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here