Хизбут-Тахрирдин беш мүчөсү камакка алынды

265
0

Кыргызстан ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабар беришинче,  “Экстремист”деген аталыштагы операция маалында Хизбут-Тахрир уюмунун 5 мүчөсү колго түшүрүлгөн.

 Бишкек ШИИБнин 10-бөлүмү, Свердлов райондук ИИБ жана УКМК кызматкерлери тарабынан Бишкектин 7-микрорайонунда Баткен областында туулган Бишкек шаарында жашоочу медициналык академиянын стоматология факультетинин 4-курсунун студенти 21 жаштагы Ж. Адил башкаруусунда болгон “Ford-Mondeo” автомобили токтотулган. Автомобилдин салонунан экстремисттик “Ыйман жолу”, “Намаз окууну үйрөнөбүз” брошюралары, “Мухтарат” журналы жана баракчалар табылган.

О.э. автомашинада болгон Нарын областында туулган, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан Октябрь райондук соиалдык фондунун кызматкери 32 жаштагы Т. Бакыт текшерилгенде жанынан эки даана флеш-карта жана эки баракча табылган о.э. Бишкек шаарында туулган 29 жаштагы М. Уланды сурак кылуу маалында анын Хизбут-Тахрирге мүчө экендиги белгилүү болгон. Ал жашаган үй текшерилгенде ноутбук, брошюра жана баракчалар табылган.

Кийинчерээк жогорудагы уюмдун дагы эки мүчөсү аныкталды. алар Жалал-Абад областында туулган жана учурда Бишкек шаарында жашап жаткан 28 жаштагы К. Мирлан жана 28 жаштагы К. Улугбектер болуп, алардын да жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Туркистон: Кыргызстандагы Массалык маалымат каражаттарын күзөтсөӊүз, дээрлик ар күнү бирер кыз-келиндин зордукталганы, адам өлтүрүү же талап-тоноо жүз бергендиги, жаңы төрөлгөн бөбөктүн дааратканага же көчөгө ташталгандыгы о.э. мас абалында машина айдагандыктын натыйжасында авария болуп, адамдар курман болгондугу туурасындагы кабарларды көрөсүз. Өкмөт да мамлекетте коррупция, бангилик, уюшкан кылмыштуулук, мектеп рэкети күчөп бара жатканы жана СПИДди жуктуруп алгандардын саны көбөйүп бара жатканы жөнүндө тынчсызданып жаткандыгын билдирет. Бул проблемаларды чечүү үчүн мыйзамды күчөтүү о.э. жол эрежесин бузгандарга салынуучу штрафтарды көбөйтүү зарыл экендигин тынымсыз айтып келет.

 Проблеманын чечими мына ушундабы?

  Кыргызстан бийлиги да башка исламий өлкөлөр сыяктуу эле светтик мамлекет экендигин, дин мамлекеттен ажыратылгандыгын дааба кылып, Ислам дининин жайылышына тоскоолдук кылып келет. Мунун натыйжасында адамдар Исламдан алыстап, ушул дүйнөдө гана жыргап жашап калууга аракет кылып, акыретти жана эсеп-китеп кылынышын унутуп коюшууда. Мына ушул себептен улам, өкмөт мындай иллеттерге каршы канчалык күрөшпөсүн, мыйзамдарды канчалык күчөтпөсүн, баары бир  бул нерселерди жок кыла албайт. Себеби, адамдын максаты бул дүйнөдө гана жакшы жашап калуу болгондуктан, жакшы жашоо үчүн ар кандай катуу мыйзамдарды да, өкмөттү да көзгө илбейт о.э. бул мыйзамдарды бузуу же айланып өтүү үчүн жол издей берет.

 Кыргызстан калкынын 82,7 пайызы мусулман болуп, Ислам динин карманышат. А бирок – өзүнүн кожоюндары сызып берген жол аркылуу гана жүргөн – өкмөт жүргүзүп жаткан бузук саясаттын натыйжасында алардын көпчүлүгү Ислам жөнүндө толук маалыматка ээ эмес. Мусулмандарга Исламдын акыйкатын түшүндүрүү үчүн Ислам негизинде жашоого даъват кылып жаткан кыймыл жана партияларды болсо “экстремист”, “террорист” жана башка аталыштар менен жаман көрсөтүүгө, алардын калыс ниет менен кылып жаткан даъваттарын токтотууга, Кыргызстанда Исламдын саясатташып бара жаткандыгы тууралуу ызы-чуу көтөрүп, мусулмандарды Исламдан, Исламды коомдон алыстатууга аракет кылууда.

   Түпкүлүгүндө болсо, өкмөт Исламга каршы күрөшүүнүн ордуна, Ислам шариятынын турмушка кирип келишине кеӊири жол ачып бериши, өз жарандарынын Ислам акыйдасы негизинде жашашына, акырет, бейиш, тозок, эсеп-китеп жөнүндө толук түшүнүк жана элестетүү пайда кылышына мүмкүнчүлүк жаратып бериши керек. Мына ошондо гана мусулмандар  ишениминен келип чыккан абалда, дүйнөлүк түзүмдөр адамзаттын башына алып келген уурулук, паракордук, бузукулук жана дагы көптөгөн башка кесепеттерден кутулушу мүмкүн болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here