ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК СОЮЗУН ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮЛДУ

314
0

29-май күнү Астана шаарында болуп өткөн Евразия экономикалык союзунун жыйынында Россия, Белорусия жана Казакстан президенттери Евразия экономикалык союзун түзүү жөнүндөгү документке кол коюшту. Документ үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Россия, Белорусия жана Казакстан парламенттери тарабынан тастыкталышы пландаштырылууда. Жогорудагы келишим 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

 Жыйындын жыйынтыктоочу отчётунда келишинче, түзүлүп жаткан бул уюм мүчө мамлекеттер үчүн экономикасын бекемдөө, “бири-бири менен жакындашуу”,  заманга ылайыкташуу жана дүйнөлүк базарда атаандаштыкка туруштук берүү сапатын күчөтүү мүмкүнчүлүгүн пайда кылат. Катары жаңы мүчөлөр менен толуктала турган жана Евразия союзуна айлана турган Бажы биримдиги 170 миллион калкы бар болгон дүйнөдөгү ири интеграция түзүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Мүчө мамлекеттердин жалпы Ички дүӊ продукциясы (ИДП) 2,7 миллиард долларга барабар. Бажы биримдиги Европа союзу жана Кытайдан кийин, дүйнөдөгү үчүнчү ири базар болуп эсептелет. Бажы биримдигинин жетекчилери биримдиктин аймагын Армения жана Кыргызстандын эсебинен кеӊейтүүнү пландаштырууда.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусуна ылайык, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да жогорудагы жыйынга катышты.

Жыйында сөзгө чыккан Алмазбек Атамбаев: “Россия жана Кыргызстан атайын фонд түзүү ниетиндебиз, бул фонд Кыргызстан республикасынын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кошулушу маалында финансылык жардам көрсөтөт”, – деди.

Атамбаевдин сөздөрүнө ылайык, кыргыз тарабы фондду эӊ жогорку даражада колдоп-кубаттоого жана жаткырылган инвестициялар коопсуздугун камсыздоого кепил болот.

“Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болушу зарылдык, бул уюм биздин мамлекетибиз өнүгүшү үчүн кошумча түрткү бере турган жана түшүнүп кабыл алынган чечим болуп эсептелет”, – деди президент.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон эки тараптуу жолугушууда Россия президенти Владимир Путин, Россия Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна мүчө болушу маалында жардам берүүгө жана жанма-жан турууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев да эгерде оор мезгилдерде Россия жардам бербесе көп нерселер кыйын болмоктугун баса белгилеп өттү. Атамбаев: “Ошондуктан да биз белгиленген пландарды ишке ашыруу маалында пайда болуучу проблемаларды чечүүдө жардам көрсөтө турган жана иш жүзүндө жардам бере турган досубуз бар экендигин түшүнгөн абалда ишеним менен бул чечимди кабыл алабыз”, – деп баса белгилеп өттү.

О.э. жыйында ардактуу конок катары Армениянын президенти Серж Саркисян да катышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here