АКШ АРМИЯСЫНДА РУХИЙ АЗАПТАНУУ ӨКҮМ СҮРҮҮДӨ

362
4

АКШ армиясынын сабындагы өтө көпчүлүк аскерлер мажбурий согушка кирүү, согуштан кийин рухий азап тартуу жана натыйжада ар түрдүү дарыларды пайдалануу проблемаларын башынан өткөрүүдө. Ошондуктан, АКШ аскерийлеринин арасында орточо эсеп менен ар күнү бирден аскер өзүнүн өмүрүнө кол салышы күзөтүлүүдө.

Адистердин пикиринче, АКШнын Ирак жана Афганистанда алып барган согуштары өзүнүн армиясына катуу сокку болду. Анткени, бул согуштар АКШ армиясынын ичинен жемирилишине себеп болду. Аскерлер арасында өз өмүрүнө кол салуу көбөйүп бара жатат.

“Ассошиэйтед Пресс” маалымат агенттигинен алынган кабарга ылайык, Пентагон таркаткан жаңы статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, АКШ аскерлери арасында болгон өз өмүрүнө кол салуу окуяларынын саны ар күнгө бирден туура келет. Бул болсо, мурунку жылдарга салыштырганда 18%га көбөйдү дегени.

2010-2011-жылдарга караганда өз өмүрүнө кол салгандардын саны мынчалык көбөйүп кетиши АКШ жооптуулары үчүн күтүлбөгөн белек болду. Жылдык отчётко ылайык, өз өмүрүнө кол салып өлгөндөрдүн саны Афганистандагы согушта өлгөн аскерлердин санынан 50%га көптүк кылат. Бул маалыматтар акыркы 10 жылда  өлүмдүн саны эӊ жогорку чекке жеткендигин көрсөтүүдө.

АКШ армиясында өз өмүрүнө кол салуу менен бир катарда зордуктоо, мас кылуучу ичимдиктерди ашыкча пайдалануу, бири-бирине карата күч колдонуу жана булардан башка бир нече проблемалар да кеӊири жайылган.

АКШ Коргоо министрлигинин жаңы отчётуна ылайык, өткөн жылы АКШ армиясынын сабындагы эркек жана аял болуп 26 миӊ адам аскерий зордуктоого дуушар болгон. Муну биринчи болуп өкүлдөр палатасынын саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы, республикачы Ден Бенишек маалымдады.

Ал: “Өткөн жылы аскерий форма кийгендер арасында күнүнө 71ден  зордуктоо жүз берген”, – деди.

Бул сан зордуктоого дуушар болгондон кийин арыздангандан кийинки көрсөткүч. Көпчүлүк абалдарда зордуктоого дуушар болгон аскер бул тууралуу арызданбайт.

“Эгерде муну жетекчиликке маалымдасаӊ, бардыгынын көзүнө жаш бала болуп көрүнөсүӊ жана эӊ чоӊ душманга айланасын. Эч ким сени менен сүйлөшпөйт. Айып өзүӊдө деп айтышат”, – деди зордукталган аскерлердин бири.

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here