АМЕРИКА КОЛОНИЗАТОРЛУГУ АФГАНИСТАН КЕЛЕЧЕГИН ОЙРОН КЫЛУУДА

279
0

Америка колонизаторлугу Афганистан келечегин ойрон кылууда

Американын Афганистан жана Пакистандагы атайын өкүлү Жеймс Ф. Доббинс 2014-жылы 13-май күнү Американын Токиодогу элчилигинде өткөрүлгөн басма сөз конференциясында Кошмо Штаттар жетекчилиги астындагы аскерий кошуундардын чоң бөлүгү Афганистанда калышын маалымдады. Акыйкатта болсо, бул жылы аскерий кошуундардын азайтылышы айтылган эле. Доббинстин бул жарыясы кубанууга себеп болбойт. Американын Афганистандагы он эки жылдык баскынчылыгынан кийин Афганистан дагы эле оор жана тынымсыз кризисти башынан өткөрүүдө.

Капитализм Афганистанды бүтүндөй алдан тайдырды. Жакырчылык миллиондогон адамдарды өз иримине тартып жаткан учурда үлкөн байлыктар бир ууч байлардын колунда топтолуп калууда. Афганистан балдар өлүмүнүн көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Ал жерде төрт баланын бири беш жашка жетпей көз жумууда, алты жаштан өтүп, араң тирүү калган балдар да турмуштагы негизги муктаждыктарын камсыздоо үчүн кыш заводдору, гилем фабрикасы, курулуштар, кен жана талааларда иштеп таалим алууну четке сүрүүгө мажбур болушууда. Саламаттыкты сактоо тармагында, бул аз сандагы тирүү калган балдар аз тамактануудан о.э. камкордук кылынбагандыктан улам, акылдык жана физикалык жактан табигый өсүшү токтогон оорусуна кабылышкан.

Америкалык колонизаторлорго келсек, алар Афганистандан үлкөн пайда алышты, себеби, бул өлкөдөгү эсепсиз кендер Батыш компаниялары үчүн согуштун олжосу катары болду. Андан тышкары, Америка колдору бүткүл Орто Азияга сунулган. Американын Афганистанды басып алышынын түпкү себеби мына ушулар эмеспи, мына ушундай үрөй учурган согушка үндөгөн негизги түрткү байлыктарга эмеспи?! Америкалыктардын башкаруусу астындагы тигил малай режимге келсек, бул режимдеги чиновниктер өлкө байлыктарын талап-тоноодо шерик болушту. Мисалы, мамлекеттик жерлерди менчиктештирүү, коррупция, паракордук, мамлекет казынасын өздөштүрүү, булардын баары Афганистанда кеңири жайылган илдеттерден саналат. Коррупцияга каршы күрөш сыяктуу пайдасыз мекемелер болсо, капитализмдин курмандарын алдоо үчүн гана түзүлгөн.

Америка баскынчылыгы доорунда жүзөгө келген мындай коррупцияга таң калуунун кажети жок. Себеби, Америка кайсы өлкөнү басып алса, ошол жерге мына ушундай коррупция илдетин эгет. Бул мамлекет тынчтык орнотуу же афган калкына жыргал турмуш алып келүү максатында Афганистанга кирбеген. Тескерисинче, бүткүл региондо өз таасирин бекемдөө үчүн туруктуулукту изинен чыгаруу максатында, Исламий Халифалык мамлекетин тикелөөгө тоскоолдук кылуу ниетинде кирген! Америкага мына ушундай ниеттерин ишке ашырууга коррупциячылардан башка ким жардам бериши мүмкүн?! Негизи, Америка аларды өнүгүү фонду, өлкө реформасы үчүн келишимдер сыяктуу санап аягына жеткис жардамдар менен тынбай колдоп-кубаттап турат. Америка Афганистандан өз күчтөрүнүн кандайдыр бир бөлүгүн алып чыгып кетсе да, бирок, түбөлүк калууну максат кылган. Америка жооптууларынын Кабулга тынымсыз сапарларды жасашынан да өлкөдө тогуз аскерий база ачуу менен жүз миңден ашуун кызматкерди жайгаштыруу максат кылынган.

Мусулмандар астында Афганистанды мындай канкор капиталист баскынчылардын коркунучунан куткаруу вазыйпасы турат. Орто Азия жана анын Түштүктөгү жарым миллиарддан ашуун мусулмандарды Ислам гана бириктирет. Афганистан жана Пакистан о.э. бүткүл регион исламий өлкө болуп, түпкүлүгүндө, бир мамлекет саналат. Бул регион хулафаи рошидиндер заманында фатх кылынгандан тартып бир нече кылым бою Ислам менен башкарылган. Бүгүн өлкөнү да, жарандарды да коргоонун о.э. байлыктарды жана баалуулуктарды сактоонун убагы келди. Расулуллах A мындай дейт:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Албетте, халифа анын артында туруп согуш кылына турган, аны менен коргонула турган калкан».

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here