ЭЙ КУРБУМ, УБАКЫТТЫ ТЕККЕ КЕТИРҮҮНҮ ТОКТОТКУН, ТУРМУШ ТУУРА НУККА ТҮШҮҮСҮ ҮЧҮН ИСЛАМИЙ ЖАШООНУ КАЙРАДАН БАШТООГО АРАКЕТ КЫЛГЫН!

414
0

Басма сөз баянаты

Бүгүн дүйнө бойлоп муслима аял оор сыноолорго кабылууда. Судан аялы да ушундай бузгунчу абалга туш келди, бул абал аны алдан тайдырды, андан тынч-бейпил турмушун тартып алды. Ал эмне кылуу керектигин, жашоо таризи кандай болушун, ким болуу керектигин буйруп жаткан дүйнөлүк түзүмгө жана глобалдашууга ылайыкташуу жана бул ролун аткаруу үчүн өз балдарын эки айлык жашында балдар бакчасында калтырып, акча табуу үчүн алдастап жүгүрүп иштеп жүргөн «заман аялынын» кайсы шахсиятына таандык экенин билбей калды. Мына ошентип аял заты оор эколномикалык шарттардан улам өзүнүн татыктуу турмушун камсыздоо үчүн ага жат болгон ролду кабылдады. Акыбетте, ал Батыш аялынын бузулган үлгүсүнө айланып, жат пикир жана түшүнүктөр менен суугарылды. Мунун натыйжасында жилбабга амал кылуу ал үчүн эскиликке айланды, эркектер менен аралашып жүрүү шарт болуп калды, себеби, анын жумушу ушуга мажбурлайт… Ал көчөгө каалаган абалында чыгууда, каалаган матаны кийүүдө. Эрине итаат кылуу деген нерсеге көңүл бурбай, «азат аялмын, каалаганымды кыламын» деп чыкты! Ошентсе да ал дале нааразы жана өзү түшүнбөгөн нерсени издөөдө!

Башка тарапта үй-бүлө куруу, жилбаб кийүү, Куръан сабактарына катышуу сыяктуу шаръий өкүмдөргө баш ийип, үйүндө балдарын өстүрүп, үй кожойкеси болгон аял бар. Бул аял эркиндик, аялга мүмкүнчүлүк жаратуу, эркек жана аялдын тең укуктуулугу сыяктуу идеялар аял иштери министрлиги жана БУУнун колдоосу астындагы аялдар уюмдары тарабынан алга сүрүлүүдө, бул идеялар шариятка карама-каршы келбейт деп бийлик тарабынан демөөрчүлүк кылынып жатат. Алар «аялдын үйдө олтуруусу – диндин жана эринин зулуму», ошондуктан ал «заман аялы» болушу үчүн бул жагдайга каршы «ыңкылап жасашы» керек деп аялдарга таңуулашат. Бул үчүн атайын мыйзамдар чыгарылат, алар ушул мыйзамдары менен өздөрүнүн пикирлеринин туура экендигин далилдөөгө аракет кылышат.

Бул эки абалда тең аял өздүгүнөн ажырап, бактысыз турмуш кечирүүдө. Ошентип, заман аялы да, дин өкүмдөрүнүн айрым бир бөлүктөрүнө баш ийип жаткан аял да бактылуу эмес! Бул абалда аял Исламда талап кылынгандай, коом жана Исламий Үммөттүн бир бөлүгү деген өзүнүн таасирдүү жана активдүү ролунан ажыраган. Биринчи абалдагы аял материалдык реалдуулукка жана илманий пикирлерге моюн сунган, Исламга таандык сыпатын жоготкон. Экинчи абалдагы аял болсо, турмушту жана жалпысынан коомду өзгөртүүгө таасир кылбаган шахсты оңдоо идеясына берилди, бул аял өзү окуп, жаттап жаткан Куръани Карим аяттары турмушта колдонулбай жатканын билет, бирок, Аллахтын мыйзамдары тебеленип жатканын токтотуу жолун билбейт жана арсар жолдо кала берет.

Азиз курбум!

Сен бул дүйнөгө эмне үчүн келгениң жөнүндө олуттуу ойлонуп, муслима аял катары акыйкаттын негизин издешиң керек. Арийне, аалам, адам жана тирүүлүк жөнүндөгү туура пикир гана иш-аракеттерди белгилейт жана тандоону анык көрсөтүп берет. Мунун натыйжасында сен Батышка ээрчүүчү болбостон, аң-сезимдүү түрдө анык далил негизинде иштериңди аткарасың. Себеби, сен энесиң, жубайсың, кызысың, эжесиң, тарбиячы жана кызматчысың о.э. Ислам акыйдасы негизиндеги бардык тармактарда чыгармачыл шахсиясың.

Азиз курбум!

Сен муслимасың, андыктан, сенин исламий  шахсияң кайда калды? Адамдардын проблемаларына чечим берүүчү Исламды тикелөөдөгү ролуң кайда? Акы-укуктарың кайда? Сенин милдеттериң эмнелерден турат? Ким сага укук жана вазыйпаларыңды белгилеп берет? Бул суроолордун жооптору чоң-кичине эч нерсени калтырбай баян кылган Исламда болушу керек. Бул турмушта бактылуу болуунун бирден-бир жолу Аллах Азза ва Жалла сенден ыраазы боло тургандай жашоодо, бейпил жана татыктуу турмушту камсыздаган Ислам түзүмүнө ылайык жашоодо.

Биз муслима болгонубуз үчүн түзүмдү өзгөртүү үчүн иш алып барышыбыз керек. Бул биздин тагдырий маселебиз, анын жолунда бар күчүбүздү, жашообуз жана акылыбызды жумшообуз, башка маселелер менен алек болбошубуз керек. Аллах Таала мындай дейт:

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө көр абалда тирилтебиз. Ал: Роббим, эмнеге мени көр кылып тирилттиң, мурун көрчү элем го, дегенде,(Аллах) айтты: Ошондой, сага Биздин аят-муъжизаларыбыз келгенде аларды унуттуң. Бүгүн сен да дал ошондой унутуласың» [20:124-125]

Мындай жаман абалдан чыгуунун жалгыз жолу – Халифалык мамлекети саясында жашоодо. Ушул мамлекет исламий жашоону баштайт, коомдо шаръий өкүмдөрдү колдонот, Роббиге кулдук кылуу абалын жаратат. Мына ошондо сызып берилген калыптагы жана программалаштырылган турмуш болбойт, Куръани Карим иш жүзүндө кайрадан тилават кылынып, колдонула турган турмуштун нуруна айланат. Куш келгин, Исламды толук колдонуунун тарыйкаты болгон Халифалык! Куш келгин, дүйнө жана Акырет неъматы. Аллах Таала мындай дейт:

»Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган заттарга кушкабар берип койгун, алар үчүн астыларынан дайралар агып туруучу бактар бар. Качан ошол бактардын мөмөсүнөн бир мерте татып көрүшсө, мурун татып көргөн нерсебиз го, дешет. Анткени, аларга көрүнүшү бири-бирине окшош мөмөлөр берилет. Жана алар үчүн жаннатта пакиза жубайлар бар. Ал заттар жаннатта түбөлүк калышат»       [2:25]

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы аялдар жааты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here