ХИЗБ-УТ-ТАХРИР–СУДАН ВИЛАЯТЫНЫН ЖООПТУУЛАРЫ САЯСИЙ ЖЫЙЫНДА ПРЕЗИДЕНТ УМАР БАШИРДИН СӨЗДӨРҮНӨ РАДДИЯ БИЛДИРИШТИ

322
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1435-жылы 5-жумадус-саний, миладий 2014-жылы 5-апрель күнү Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Эл аралык Шахид Зубайр борборунун Чоң залында журналисттер, саясатчылар жана этибарлуу кишилердин катышуусунда жыйын өткөрдү. «Диалог жана Судандын саясий маселелери Ислам таразасында – «Эркиндик-Коопсуздук-Жакырчылык» деген аталыштагы ушул жыйында вилаят межлисинин мүчөлөрү устаз Башир Ахмад, устаз Назир Мухаммад Хусайн, устаз Сулайман Дасис сөзгө чыгышты. Биринчи сөздү устаз Башир баштап, өз сөзүндө республика президенти Умар Башир өлкө башынан өткөрүп жаткан кризистин чечими катары сунуштаган эркиндиктер идеясын талкуулады. О.э. ал орто кылымдарда Батыш калктары үстүнөн чиркөө өкүмдарлык кылган убакта Батышта эркиндиктер идеясы пайда болгонуна ишарат кылып өттү. Ошол убакта чиркөө руханийлери кудай жана чиркөө атынан адамдарга зулум кылышкан. Мунун акыбетинде чиркөө өкүмдарлыгын четке каккан агым келип чыкты. Бул агым менен чиркөөнүн ортосунда узак жылдарга созулган пикирий жана кандуу күрөш болуп өткөн, акыбетте динди саясаттан бүтүндөй четтетүү чечими кабыл алынган. Муну ишке ашыруу үчүн ушул төрт эркиндик: итикад эркиндиги, пикир эркиндиги, мүлк эркиндиги жана шахс эркиндиги жүзөгө келген.

Башир өз сөзүн бул акылга салганда реалдуулукка туура келбеши, шаръий түрдө алганда Ислам өкүмдөрүнө тескери экендиги т.а. динибиздин негиз жана таянычы болгон пенделик түшүнүгүнө тескери экендиги туурасында сүйлөп аяктады.

Кийин экинчи сүйлөөчү устаз Назир Мухаммад Хусайн баракчаны окуп уктурду. Бул баракчада өлкө президенти саясий чөйрөдө сүйлөгөн сөзүнүн негиздеринин бири талкууланган. Өлкө президентинин бул сөзү «тынчтык» максатын өз ичине алат о.э. бир катар сүйлөшүүлөргө ишарат кылынган. Ага ылайык, Судан мындай сүйлөшүүлөр менен белгилүү болуп, ушул сүйлөшүүлөр менен бир нече он жылдардан бери (т.а. 1965-жылкы «Тегерек стол» конференциясынан тартып, Кока Дам коференциясы жана акыркы Доха о.э. Аддис-Абеба сүйлөшүүлөрү) башка дүйнө мамлекеттеринен өзгөчөлөнүп турат имиш. Андан Назир Мухаммад Хусайн ушул акыйкаттарды баян кылды:

1 –   Бирер саясий талапты коюп колуна курал алган кимселер менен сүйлөшүү столуна олтуруу принцибине ыраазы болуу Үммөткө каршы чоң кылмыш жана кыянаттык болуп эсептелет. Мындай козголоңчу кылмышкер топторду каарман жана жеңүүчүлөр даражасына көтөрүү андан да оор кылмыш жана кыянаттык.

2 –   Улуттук диалог идеясы орточо чечим акыйдасына негизделген. Тартышып жаткан тараптар түрдүү көз караштардан келип чыгып өз ара орточо чечим негизинде тартыша берген соң, таптакыр туура чечимге жетише албайт. Бул эки тарапты орточо чечимге келишүү үчүн өз позициясынан баш тартууларын түшүндүрөт. Бул болсо акылга салганда да, шаръий түрдө да батыл.

3 –   Судандагы саясий чөйрөлөр бул шылдың диалог жана сүйлөшүүлөр үчүн жаман үлгүгө ээ. Бул «Найваша келишими» деп аталган сценарий болуп, ал Судан түштүгү түндүгүнөн бөлүнүп кетишине алып келди жана калган региондорду да ыдыратуу жакасына алып келди».

Назир Мухаммад Хусайн өз сөзүн Исламды өкүмдар кылуу, исламий боордоштук алкаларын үстөм коюу, адамдар иштерин жакшы башкаруу жана шаръий жаза-чараларды колдонуу зарылдыгын айтып аяктады. Шаръий жаза-чаралардын колдонулушу менен баары каалап жаткан коопсуздук камсыздалат жана мамлекет өкүмдарлыгы бекемделет.

Жыйындын соңунда устаз Сулайман Дасис өлкөдөгү жакырчылык туурасында сүйлөп, адамдар арасында кеңири жайылып жаткан ачкачылык жана муктаждык абалдарынын статистикасын көрсөтүп, өлкө жана калкты ушул абалга алып келген бир нече себептерди баян кылды:

Түздөн-түз жана кыйыр түрдө салыктар о.э. куфр мыйзамдын «камчысы» менен чогултулуп жаткан каражаттар;

Айыл-чарба секторлоруна көңүл бурбоо жана өндүрүш долбоорлорун ойрон кылуу;

Структура, башкаруу жана финансы жаатында коррупциянын кеңири жайылышы.

Сулайман Дасис финансылык коррупцияны кеңири ачыктап, капиталисттик түзүмгө ылайык мыйзамдар жолу менен талап-тонолуп жаткан каражаттар көлөмү канча экендигин, капиталисттик түзүмдө адамдардын каражаттары адилетсиздик менен тартып алынышын, ушул нерсе проблеманын түп-тамыры экенин ачыктады. О.э. финансылык коррупциядан тышкары, коррупцияга малынган чиновниктер жөнүндө да сүйлөп, мисалдарды келтирди. Кийин сөзүнүн аягында бул проблемаларга Хизб-ут-Тахрир тарабынан табанний кылынган абдан көп чечимдерди ортого салып, жыйын катышуучуларын ушул чечимдерди кабыл алууга жана туура жолду тутуучу Халифалык мамлекети саясында бул чечимдерди иш жүзүндө колдонууга чакырды.

Ушуну да айтып өтүү зарыл, жыйын алып баруучусу катышуучуларга сунуштаган өз ара пикир алмашуу бөлүгү көптөгөн кызуу суроолорго жана сунуштарга бай болду жана катышуучулар ушул сунуштарды такбир, тахлил айтып колдоп турушту.

Жыйын аяктагандан кийин катышуучулардын көпчүлүгү сөзгө чыккандардын айланасында чогулушуп, мындай лидерлерди макташып, аларды жаркын жетекчилер деп аташты жана кошумча түшүндүрмөлөрдү суранышты.

Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү

Телефон: 0912377707 – 0912240143

Электрондук почта: spokman_sd@dbzmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here