БАСМА СӨЗ БАЯНАТЫ ШАМ КОЗГОЛОҢУН БАСТЫРУУДА ОБАМАНЫН ВАРИАНТТАРЫ

301
0

2014-жыл 14-февраль күнү Америка мамлекеттик катчысы Жон Керри: «Президент Барак Обама Американын Сириядагы саясаты жаатындагы варианттарын талап кылды. Бирок, ага бир да вариант сунушталган жок», деп баса белгиледи. Ал дагы журналисттерге мындай деди: «Обама Сирияда гуманитардык абал жамандашып жатканынан о.э. оппозиция менен бийликтин ортосундагы тынчтык туурасындагы сүйлөшүүлөр пландалгандай өткөөл башкаруу органын түзүү талкуусуна алып барбай жатканынан тынчсызданууда». Ал минтип кошумчалады: «Мунун натыйжасында Обама баарыбыздан бар болгон жана бар болбогон бир нече варианттар жөнүндө ойлонуубузду талап кылды».

Чамасы, Керри жана президент Обама Шам козголоңун моюн сундуруу үчүн белгиленген варианттардын кайсы бирин тандоо үстүндө аң-таң болуп жаткан көрүнөт:

Даяр саясий чечим Женева сүйлөшүүлөрүндө кабыл алынат. Сүйлөшүү Американын, кылмышкер Башар режиминин өкүлдөрү болгон Америка жүгүртөктөрү жана Жарба жетекчилигиндеги саясий оппозиция деп аталган Улуттук Коалиция өкүлдөрү ортосунда болуп өтөт. Бардык адамдарга белгилүү болгондой, Башар эч бир иште, химиялык куралдарды тапшырууда да, Сирия козголоңчуларын кыргын кылууда да Америкага каршы чыкпайт. О.э. Коалициянын башында Роберт Форд турганы да баарына маалым. Себеби, ал бул Коалицияны өз колу менен түзгөн. Ошондуктан, коалициядагылар Башар кеткенден кийинки баскычта ала турган мансап үмүтүндө Жогору комиссардын каалоосуна баш ийүүдө. Бул кудум Британия Халифалык кулагандан кийин олжолорду бөлүштүрүү талкууланганда Шариф Хусайн жана анын уулу Файсалга карата ишке ашырган нерсеге окшойт.

Ал эми, чыныгы сүйлөшүү Сирия майданында жүз берүүдө. Себеби, Обама бекем, ардактуу Шам козголоңчуларына өз чечимин мажбурлап жүктөө үчүн варианттардын кайсы бирине таянууну билбей, аң-таң болуп калган: Скад ракеталарын, же жарылуучу бочкаларды, же химиялык куралдарды колдонуу керекпи, же Ирандын о.э. зулум жана залимге каршы «Кербела козголоңу» деген ураанды көтөрүп чыккан Иран тарапкерлеринин «динден чыккан террористтерге каршы күрөш» урааны астында Сэм аба Шам козголоңчуларын моюн сундуруп беришиби?.. Акыйкатта болсо, ушул Сэм аба Иран режимин ядролук келишим аркылуу куткаруу тегереги менен кубаттоого шашылды, ушул Сэм аба Иран Сириядагы согушту каржылашы үчүн ага жүз миллиондогон доллар бере баштады.

Бирок, жооп Дерадан келди: анткени Обама жогоруда айтылган варианттарга намазкөйлөр жума намазынан чыгышкандан кийин алар топтолуп турган жайда автомобилдерди жардырууну кошту. Күнү кече Деранын Ядуда шаарчасында ушундай окуя жүз берди. Ал жерде режим жүгүртөктөрү жума намазынан кийин автомобилди жардырышты. Мунун акыбетинде 32 намазкөй шейит болду жана ондогон намазкөйлөр жараланды, алардын айрымдары оор абалда.

Биз айрым «шейхтер» иш ээлерине каршы чыгуунун арамдыгы жөнүндө чыгарган фатвалары ушул варианттарга киргизилишин ыктымалдан алыс санабайбыз. Анткени, мындай фатва Саудиянын чалгындоо кызматы тарабынан алда качан даярдап коюлган, бул фатва Вашингтон менен бирер саясий чечимге келишилгенден кийинки иш ээлеринин буйруктарын гана күтүп турат. Бул сарай шейхтери иш ээлеринен коркушканы үчүн Аллахтын шарияты менен башкаруучу о.э. Аллах Субханаху ва Таала берекелүү кылган Шам өлкөсүндөгү кан төгүүлөргө чек коюучу халифага байъат берүүнү «наадандык» жана «фитна» деп эсептешет. Ал эми, бүткүл барлыктын Роббисине күнөөкөр болуу жаатында алардын жеке көз караштары бар, алар бул дүйнөдө кордукка жана Роббинин каарына учураса да ушул турмушта жашоого абдан ынтызар.

Бул нерселердин бардыгында жакшылык бар. Анткени, Шам козголоңу Америка мусулмандарга чынында душман экенин, коалициядагылар чынында Американын куурчактары болгонун, «чоң шайтан» ураанынын ээси болгон Иран режиминин мунафыктыгын жана бул дүйнө жана Акыретте кыйроого жетектөөчү иш ээлерин ыраазы кылган фатвалардын ээси Жазира шейхтеринин алдамчылыгын жана жалганын ачыктады.

Эми, Үммөттүн жалгыз тандоосуна келсек, ал да болсо, себептерди жүзөгө келтирүүчү Заттан нусрат себептери менен жардам беришин суроо о.э. бүткүл ааламдардын Роббисине калыс кулдук кылуу, Пайгамбарыбыз минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн олуттуу аракет кылуу тандоосу. Аллах Таала Өзүнүн акыйкат сөзүндө айтат:

$«Түпкүлүгүндө, нусрат кубат жана хикмат ээси болгон Аллахтын алдынан гана келет»           [3:126]

Ак убада ээси Аллах Таала дагы айтат:

«Чынында, Биз (Лавхул-махфузда) зикир кылгандан соң Забурда да: «Албетте (жаннаттын) жерине менин салих пенделарим мураскор болушат», деп жазып койгонбуз»            [21:105]

Усман Баххаш

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here