2014-жылы 16-январда «ал-Жазира», «Ассошиэйтед Пресс» ж.б. маалымат каражаттары күбөлөр дөн жана «Аракан долбоору» адам укуктары уюмунан алып тараткан кабарга ылайык, 14-январь күнү Батыш Рахиндеги Ду Чар Яр Тан айылында 12 муслима аял жана наристе кыргын кылынган. Өлтүрүлгөн аялдар жана балдар бутпарас кылмышкер топтордун колу менен оболу мүчөлөрү кесилип, кийин өлтүрүлгөн. Бул кыргын Рохин бутпарастарынын жана Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн Рохинжия муслима аялдарын жана балдарын азапка салган жырткычтыктар алдында деңиздин бир тамчысы гана. Ал жердеги мусулмандарга каршы этникалык тазалоо катары жасалып жаткан мындай кылмыштарга карагаша Ян Теи кыргыны да кирет. Ал кыргында 70 Рохинжия мусулмандары кыргын кылынган, алардын 28 чактысы жаш балдар болгон. Мындай жырткычтыктардан улам коңшу мамлекеттерге качып өткөн аялдар жана балдар репрессия жана террордун кезектеги баскычына туш келүүдө. Аларга ошол коңшу мамлекеттерге кирүүгө тыюу салынууда же жандарын сактап калышына жардам бере турган зарыл укуктарынан куру жалак калышууда. Алардын алдында эки кейиштүү тандоо турат: качкындарга толуп-ташкан, кооптуу чатырларда жашоо же өлкөдө өмүрүнө кол салынып, жыныстык тийиштиктин курманы болуу. Декабрь айында бардык маалымат каражаттарында Рохинжиядагы тозок кыйынчылыктарынан качып, кемеде бара жаткан качкындар Тайланддагы каракчылардын колуна түшкөнү жөнүндө кабарланган. Алар каракчылар тарабынан таякталып, зордолуп, иммиграция полициясынын кызматташтыгы жана адам соодасы менен алектенген топторго тапшырылган.
Батыш мамлекеттери болсо ал жердеги нефть, газ сыяктуу кирешелерден баш тартууну каалабай, жүз берип жаткан кыргындарга көздөрүн жумуп келишүүдө. Рохинжия мусулмандары башынан өткөрүп жаткан азаптардан дагы бир жолу ушул нерсе ачыкталды, капиталисттик демократиялык мамлекеттер өкүмдар болгон азыркы доордо бул мамлекеттер этникалык азчылыктын укуктарын тебелеп эле калышпастан, экономикалык киреше деп адам укуктарынан жана ахлакий нормалардан бүтүндөй баш тартышат.
Бул өлкөгө коңшу болгон Бангладеш, Индонезия жана Малайзия сыяктуу исламий өлкөлөрдөгү режимдер “өз улуттук кызыкчылыктарын коргоо” деген шылтоо менен Рохинжия муслималары жана балдарын бүтүндөй жардамсыз таштап коюшту. Акыйкатта болсо, “улуттук кызыкчылыктар” деген түшүнүк Исламда жок. Мунун натыйжасында, кудум Сирияда болгону сыяктуу, өлкөдөгү мусулмандар залим режимдин кыргындарынан коркуп, коңшу мамлекеттерге качып өтүү абалдары жүз берүүдө. Шек-күмөнсүз, бул акимдер да, алардын ыплас улуттук түшүнүктөрү да, капиталисттик түзүмдөрү да, баары Үммөттүн мойнуна салынган кишиндерден башка нерсе эмес. Ошондуктан, аларды албетте кулатуу жана Халифалык мамлекетин тикелөө керек. Себеби, Халифалык мамлекетинде Ислам түзүмү колдонулат, мусулмандардын – кандай жыныста болушуна карабастан – жандарын, малдарын жана намыстарын коргоо халифанын эң негизги вазыйпаларынын бири болот. Халифа Валид ибн Абдулмалик ушул көз карашка негизделип Халифалык башкаруусу астында Индия түштүгүдөгү Сахилия шаарындагы мушрик Ража Дахирден азап тартып жаткан мусулмандарды куткаруу үчүн Мухаммад ибн Касим командачылыгы астында кошуун сапарбар кылган жана бүткүл Синдди фатх кылып, тогут индус мушриктердин башкаруусунан куткарган. Биз да бүгүн Рохинжия мусулмандарын куткаруу үчүн ушундай Халифалыкка абдан муктажбыз, качан ушул мамлекетти тикелесек, ал Аллах Субханаху ва Тааланын ушул буйругуна жооп иретинде, эч кечиктирбестен мусулмандар кошуунун сапарбар кылат:
«Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: Эй Роббибиз, бизди тургундары залим болгон бул шаардан азаткылгын жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өзалдыңдан бир жардамчы чыгаргын, деп жаткан эркектер, аялдар жана балдардан турган бечаралар жолундасогушпай жатасыңар?!» [4:75]
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты