Абидуллах тарабынан берилген «далалаты катъий нусустарда ижтихад кылуу» жөнүндөгү суроосуна жооп

278
0

Суроо:

«Ислам түзүмү» китебинде мындай делет:

«Ошондуктан да, коомду сактоо үчүн зарыл болгон жогорку максаттар адам тарабынан белгиленбейт, балким, алар Алланын буйрук-кайтаруу­ларынан турат. Алар туруктуу, эч качан өзгөрбөйт да өнүкпөйт. Адамзат насилин (нав) сактоо, акылды, адамдын кадыр-баркын (икром), адамдын дени-жанын (нафс), жеке менчик мүлктү, динди, коопсуздукту, мамле­кетти коргоо – мына ушулар коомду сактай турган туруктуу жогорку максаттар. Алар өзгөрбөйт да, өнүкпөйт».

Бул жерде «өзгөрбөйт да, өнүкпөйт» деп келди. Бирок, дастурда айрым нусустарга өзгөртүү киргизүү үчүн ижтихаддар болбогонбу? Ушуну түшүндүрүп берсеңиз, Аллах сизге береке жана жардам берсин.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Боордош, нусустардын субуту жана далалаты катъий болсо алар жөнүндө ижтихад кылынбайт. Т.а. аят жана мутаватир хадис сыяктуу субуту катъий болсо о.э. лугат илими менен Куръан жана Сүннөт бөлүктөрүнө ылайык далалаты катъий болсо, алар үстүндө ижтихад кылынбайт. Далалаты зонний болгондо гана нусустар үстүндө ижтихад кылынат, мындай нусустардын субуту катъий же зонний болушунун айырмасы жок. Усул жана фикх илиминде көрсөтүлгөндөй, эгер, нусустун далалаты зонний болсо, анын үстүндө ижтихад кылынат.

Китепте айтылган нерселер коомду сактоочу жогору максаттар болуп, алардын субуту да, далалаты да катъий. Ошондуктан, алардын өкүмү ижтихад менен өзгөрбөйт. Себеби, бул жерде ижтихадга орун жок, бул жааттагы нусустар катъий, катъий нусустарда ижтихад кылынбайт.

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта        

7-жумадус-саний, 1435-х.

7-апрель, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here