Басма сөз баянаты
Россия Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Абдурахим Ташматовду 17 жылга эркинен ажыратты
«Интерфакс» агенттиги 2014-жылы 3-апрелде Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) алып кабарлайт: «Ставрополь шаарынын крайлык соту 2013-жылы май айындагы майрамдарда террордук иш-аракеттерди пландаган Хизб-ут-Тахрир эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү үстүнөн өкүм чыгарды».
Тажикстан жараны болгон Абдурахим Ташматов кылмыш кодексинин 205,30-беренелеринин биринчи бөлүмүнө ылайык «Терроризм, террор же башка кылмыштарды ишке ашыруу» айыбы менен айыпталган. Ал 17 жылга оор режимдеги камакка өкүм кылынган, буга кошумча 55 миң рубль өлчөмүнчө айып пул салынган».
Боордошубуз Абдурахимге каршы чыгарылган мындай өкүм биз үчүн таң калычтуу эмес. Себеби, Россия бийлиги көп жылдардан бери ыплас жана жырткыч ыкмаларды колдонуп Ислам жана мусулмандарга каршы ачык согуш алып барууда. Россияда бийлик Кремлдеги кылмышкер режим тарабынан толук көзөмөлдөнүшү эч кимге сыр эмес. Ар кандай мыйзам Кремль бийлигинин талабына ылайык чыгарылат. Кремлдегилер даъватчыларды террорист деп, акыйкат сөздү ачык айткан ар бир адамды жок кылмакчы. 2014-жыл башталары менен Россия Думасы терроризм шылтоосу астында ар кандай тынч саясий иш-аракетти кылмыштуу деп тааныган мыйзамдарды тастыктады, бул мыйзамдарга ылайык 15-20 жылдык камак жазасы каралган.
Кремлдеги кылмышкер режим Россиядагы бардык террордон жоопкер, бул жөнүндө эсепсиз далилдер бар. Боордошубуз Абдурахимге карата жасалган ишти буга мисал кылышыбыз мүмкүн. Ал 2011-жылдын 13-сентябрында Москвадагы мечиттин сыртында куфтан намазынан кийин камакка алынган. Абдурахим мечитте мусулмандарды рамазан айы менен куттуктаганы үчүн гана 2011-жылдын 29-ноябрында бир жылдык камак жазасына өкүм кылынган. Ушул бир жыл ичинде Россия коопсуздук кызматы бир нече жолу камакка барышып, андан кызматташтык кылууну жана тыңчы катары бирге иштөөнү талап кылышкан. Абдурахим муну кескин четке кагып, баш тарткан. Камактан чыккандан кийин 2013-жылдын 16-апрелинде документ берүү шылтоосу менен Ставрополдогу иммиграция жана жарандык департаментине чакырылган жана ошол жерде камакка алынган. Москвадагы адам укуктарын коргогон «Мемориал» борборунун кызматкери Виталий Пономаревдун күбөлүк беришинче, Россия коопсуздук кызматы ага каршы айыптарды жасалмалаштырган. Виталий Пономарев Россия коопсуздук кызматынын айыптарын ачыктап, Россиядагы даъватчыларга каршы террорчулук айыптарынын жасалмалаштырылып жатканын кайраттуулук менен ашкерелегени үчүн өзүнүн жеке коопсуздугуна байланыштуу коркутууларга учураган.
Кремль бийлигинин мындай сталиндик кылмыштары Россиядагы режимдин Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгынынын акыйкатын ачыктап турат. Хизб-ут-Тахрир акыйкатты айтуу жана батылды ачыкка чыгаруу үчүн Аллахка убада берет. Биз ушуга анык ишенебиз, мусулман акимдеринин Москва тогуттарынын кылмыштарына сүкүт кылууларына карабастан, Аллах Субханаху Өз уруксаты менен албетте бизге жардам берет.
Аллах Таала айтат:
«Алардан кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты!» [85:8]
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү