Абдуллах Ахъяров суроосу: Менин эки суроом бар

344
0

Mysite Fantastica суроосу:

Ассаламу алайкум, кадырман боордош!

Мен үйлөнбөгөн мусулманмын, Аллах Тааланы жана Исламды сүйөм, хабибибиз жана саййидибиз Мухаммад С.А.В алып келген өкүмдөр колдонулушун каалаймын.

Мен динди да, ахлакты да карманбаган чөйрөдө жашаймын. Бизде Исламдын болгону аты жана символу гана бар… мектептерибизде Исламга тескери программалар негизинде билим берилет… Суроом төмөнкүдөй: мен үйлөнүүнү каалабаймын, себеби, балдарымды мен «чокту кармап тургандай» Ислам нугунда кармап тура албашымды шексиз билемин. Перзенттерим өздөрүнө зыяндуу болгон билимдерди алышын да, мен жумуш менен алек болгонум үчүн аларга таалим бере албашымды да, азыркы шартта аялым иштөөгө мажбур болушун да билемин. Кыскасы, бир нече хадистерде үйлөнүү – диндин жарымы экени айтылганын анык окуганмын, дагы бир хадисте Үммөттүн фасыктары – бойдоктор делген. Ошондой болгон соң, мен үйлөнбөсөм чынында эле динимди толук кылбаган боломбу?! Суроомо жооп бересиз деген үмүттөмүн жана сизден чексиз ыраазымын.

Абдуллах Ахъяров суроосу:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух!

Менин эки суроом бар:

1 –   Мен үйлөнүүнү каалаймын. Качан бирер кызды тапсам, аны менен жолугушуу үчүн валийинен уруксат сураймын. Ал эми, кыздын коргоочусу болгон жана мени тааныбаган атасы кызы менен жолугушуума уруксат берет. Адатта бул жолугушуу сейил бакта же кафеде (коомдук жайда) өтөт. Бул жолугушуу кыздын үйүндө өткөрүлгөнү жакшы эмеспи? Себеби, адатта карындаштарыбыз көчөдө жолугушканда чечкиндүү болушпайт жана «жок» деген жооптуу беришет.

2 –   Бизде Крымда көпчүлүк боордоштор үйлөнөбүз дешет го, бирок, көпчүлүк карындаштарыбыз таалим алуу сүннөт деген нерсени шылтоолошуп турмушка чыкпайт жана таалим алууну турмушка чыгуудан абзел көрүшөт. Мен ушуну сурамакчымын, бул карындаштарыбыз Аллах Субханаху ва Таала алдында турмушка чыгуусу абзелби же бүгүнкү күндөгү илманий окуу жайларында таалим алуусу абзелби?

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух!

Абдуллах Ахъяров менен Mysite Fantastica тарабынан берилген суроолордо үйлөнүү абалына байланыштуу окшоштук жактары бар. Ушул себептен улам, менин төмөндөгү жообум экөөсүнө тең тиешелүү, Аллах эки жигитти туура жолго баштасын.

1 –   Аллах Субханаху инсанды жаратты о.э. эркек менен аялдын жуптарын жаратып, аларды Өзүнүн муъжизаларынан кылды, шаръий өкүмдөргө ылайык турмуш куруу аркылуу экөөсүнүн ортосунда сүйүү жана мээримдүүлүк пайда кылды. Аллах Субханаху мындай дейт:

«Анын аяттарынын бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы, албетте, мында пикирлеген коум үчүн аят-ибраттар бар»                                                                                     [30:21]

2 –   Ислам турмуш курууга үндөйт, себеби, көздү башка бирөөлөрдөн буруунун, намысты сактоонун жана динди коргоонун эң туура жолу мына ушул:

Имам Бухарий Абдуллах Gдан ушул риваятты келтирет: Абдуллах айтат: Биз Набий A менен бирге элек, ал зат мындай деп айтты:

«مَنِ اسْتَطَاعَ البَاءَةَ فَلْيَتَزَوَّجْ، فَإِنَّهُ أَغَضُّ لِلْبَصَرِ، وَأَحْصَنُ لِلْفَرْجِ، وَمَنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَعَلَيْهِ بِالصَّوْمِ، فَإِنَّهُ لَهُ وِجَاءٌ»

«Ким баатка (т.а. үйлөнүү жүгүн көтөрүүгө) кудуреттүү болсо, үйлөнсүн. Себеби, ал – көздү тосуучу жана авратты сактоочу. Кимде-ким кудуреттүү болбосо, орозо кармасын. Себеби, орозо – аны (тайылуудан) сактоочу».

Хаким «Мустадрак»та Анас ибн Малик Gдан ушул риваятты келтирген: Анас айтат, Расулуллах A мындай деди:

«مَنْ رَزَقَهُ اللهُ امْرَأَةً صَالِحَةً، فَقَدْ أَعَانَهُ عَلَى شَطْرِ دِينِهِ، فَلْيَتَّقِ اللهَ فِي الشَّطْرِ الثَّانِي»

«Кимди Аллах салиха аял менен ырыскыландырган болсо, демек, дининин жарымына жардамдашыптыр, андыктан, ал экинчи жарымында Аллахтан таква кылсын» (Хаким бул хадистин иснадын сахих деген жана ага Захабий да кошулган).

3 –   Кала берсе, тыйылуу үчүн турмуш курууга аракет кылып жаткан адам Аллах Субханахунун жардамына жетишкен үч адамдын бири эсептелет: Имам Ахмад өзүнүн «Муснад»ында иштеп чыккан бир риваятта Абу Хурайра G Набий Aдын мындай дегенин риваят кылат:

«ثَلاَثَةٌ كُلُّهُمْ حَقٌّ عَلَى اللهِ عَزَّ وَجَلَّ: عَوْنُهُ الْمُجَاهِدُ فِي سَبِيلِ اللهِ عَزَّ وَجَلَّ، وَالنَّاكِحُ لِيَسْتَعْفِفَ، وَالْمُكَاتَبُ يُرِيدُ الْأَدَاءَ»

«Үч киши Аллах Азза ва Жалланын жардамына акылуу: Аллах Азза ва Жалла жолунда жихад кылып жаткан киши, тыйылуу үчүн нике куруп жаткан киши жана өзү үчүн төлөм берүүнү каалап жаткан мукатаб (кул)».

4 –   Расулуллах A кудуреттүү болуп, бирок, турмуш курбоону кайтарган. Насаий келтирген бир риваятта Набий Aдын «бычуудан кайтарганы» айтылат. Бул риваятты Ибн Мажа да келтирет.

5 –   Расулуллах A ата-энеге дини жана кулку аларга жаккан бир жигит кызынын колун сурап келсе бул жигитке кызын берүүгө буюрган. Имам Термизий риваят кылган хадисте Абу Хурайра Расулуллах Aдын мындай дегенин риваят кылат:

«إِذَا خَطَبَ إِلَيْكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَزَوِّجُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الأَرْضِ، وَفَسَادٌ عَرِيضٌ»

«Качан дини жана кулку силердин ыраазылыгыңарга татыктуу бирер киши кызыңарга жуучу болуп келсе аны үйлөндүрүп койгула. Андай кылбасаңар жер жүзүндө фитна жана үлкөн бузгунчулук жайылат».

Ибн Мажа муну төмөндөгүдөй лафзда риваят кылат:

«إِذَا أَتَاكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ خُلُقَهُ وَدِينَهُ فَزَوِّجُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ عَرِيضٌ»

«Качан дини жана кулку силердин ыраазылыгыңарга татыктуу бирер киши алдыңарга келсе аны үйлөндүрүп койгула. Андай кылбасаңар, жер жүзүндө фитна жана үлкөн бузгунчулук жайылат».

6 –   Муну менен бирге, Расулуллах A эрин, перзенттерин, үй-бүлөсүн коргоочу дин ээси болгон салиха аялды тандоо керектигине да буюрган. Имам Бухарий иштеп чыккан хадисте Абу Хурайра G Набий Aдын мындай дегенин риваят кылат:

«تُنْكَحُ الْمَرْأَةُ لِأَرْبَعٍ: لِمَالِهَا وَلِحَسَبِهَا وَجَمَالِهَا وَلِدِينِهَا، فَاظْفَرْ بِذَاتِ الدِّينِ، تَرِبَتْ يَدَاكَ»

«Аялдын төрт жагы этибарга алынып тандалат: малы, насабы, жамалы жана дини. Андыктан, сен – куруп кеткир – дин ээсин танда».

7 –   Эми, сиздин «бир хадисте Үммөттүн фасыктары – бойдоктор делген» сөзүңүзгө келсек, бул заиф хадис. Ал төмөнкүдөй келген: Имам Ахмад өзүнүн «Мустадрак»ында бир кишиден, ал киши Абу Зардан риваят кылышынча, бир киши Расулуллах Aдын алдына кирди, анын ысымы Уккаф ибн Бушр Тамимий эле. Ага Набий A  – Эй Уккаф, аялыңыз барбы, деп сурады, жок, деп жооп берди, ал зат – биздин сүннөтүбүз нике, силердин жаманыңар – бойдоктор, деди. Бул хадистин санады заиф, себеби, бул хадистин санадында Абу Зардан риваят кылган бир кишинин кимдиги белгисиз. Бул риваятты «Кабир»де Табароний жана башкалар да Бакия ибн Валид жолунан риваят кылышкан, эки хадис тең Муавия ибн Яхядан, ал Сулайман Ибн Мусадан, ал Макхулдан, ал Газиз ибн Харистен, ал Атийя ибн Буср Мазанийден риваят кылынган: Атийя айтты, Уккаф ибн Вадоа Хилалий Расулуллах Aдын алдына келди… ж.б.у.с. Бул хадис Муавия ибн Яхя бар экени себептүү да, Бакия ибн Валид бар экени себептүү да заиф эсептелет.

Ошондуктан, бойдокторду эң жаман адамдар деп болбойт. Тескерисинче, бойдоктор да, башкалар да өз аракеттерине карап жаман болушу мүмкүн.

Корутунду: Расулуллах A кудуреттүү болгон кишини үйлөнүүгө буюрду, себеби, киши өз динин сакташы, намысын коргошу жана көзүн башка бирөөлөрдөн бурушу үчүн эң жакшы жол – үйлөнүү. О.э. Расулуллах A «бычуудан» т.а. үйлөнүүдөн бүтүндөй үзүлүүдөн кайтарган. Ушуга ылайык, эгер сиз, суроо берүүчү, үйлөнүүгө кудуреттүү болсоңуз мен сизге ушуну сунуш кыламын: үйлөнүү үчүн салиха аял тандаңыз, жакшы үй-бүлө курууга бар күчүңүздү жумшаңыз, Аллах үчүн ниетиңизди калыс кылыңыз, Расулуллах Aга калыс болуңуз, мына ошондо сиз перзенттериңизди салих кылып өстүрүүгө да – инша Аллах – кудуреттүү болосуз, Аллах Субханаху салихтердин досу.

8 –   Украиналык жигиттин суроосуна келсек, анын жообу төмөнкүдөй:

а)   Расулуллах A үйлөнмөкчү болгон кишиге аялды көрүүгө буюрду. Имам Тирмизий Бакр ибн Абдуллах Музанийден, ал Мугира ибн Шуъбадан ушул хадисти иштеп чыккан: Мугира бир аялга жуучу койгондо Набий A ага:

«انْظُرْ إِلَيْهَا، فَإِنَّهُ أَحْرَى أَنْ يُؤْدَمَ بَيْنَكُمَا»

«Аны көргүн, себеби, ортоңорду бекемдөөнүн эң жакшы жолу ушул», деди. «Баб»да Мухаммад ибн Масламадан, Жабирден, Абу Хумайддан, Абу Хурайрадан «бул хадис хасан» делген. Хаким да аны иштеп чыгып, эки шейхтин шарты менен сахих, деген, ага Захабий да кошулган.

Кыздын колун сураган жигит анын үй-бүлөсүнө барышы жана көрүүгө мубах болгон кыздын бармактарын жана жүзүн көрүшү мүмкүн. Бирок, кыз менен хилватта болушу же аны менен көчөгө чыгышы… мүмкүн эмес, себеби, жигит ага жат. Ошондуктан, мен суроодо келген текстке таң калдым, анда келишинче, сиз кызды үйүндө көрүүнү кааласаңыз, үй-бүлөсү болсо: «Жок, сиз аны менен көчөгө чыгыңыз жана көрүңүз» дешкен, назарымда, суроодо бирер чаташтык бар окшойт.

б)   Кызга дини жана кулкунан ыраазы болсо арзый турган бир киши келсе, кыздын университетте окушу турмушка чыгышына караганда жакшыбы, деген маанидеги суроого келсек, Расулуллах Aдын ушул сөзүнө амал кылуу туура болот:

«إِذَا خَطَبَ إِلَيْكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَزَوِّجُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الأَرْضِ، وَفَسَادٌ عَرِيضٌ»

«Качан дини жана кулку силердин ыраазылыгыңарга татыктуу бирер киши кызыңарга жуучу болуп келсе аны үйлөндүрүп койгула. Андай кылбасаңар жер жүзүндө фитна жана үлкөн бузгунчулук жайылат».

Ибн Мажа муну төмөнкүдөй лафзда риваят кылган:

«إِذَا أَتَاكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ خُلُقَهُ وَدِينَهُ فَزَوِّجُوهُ، إِلَّا تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الْأَرْضِ وَفَسَادٌ عَرِيضٌ»

«Качан дини жана кулку силердин ыраазылыгыңарга татыктуу бирер киши алдыңарга келсе аны үйлөндүрүп койгула. Андай кылбасаңар жер жүзүндө фитна жана үлкөн бузгунчулук жайылат».

Бул хадисте эгер кыздын валийлери жигиттин дининен жана кулкунан айып табышпаса жигитти четке кагуусу катъий кайтарылгандыгы көрүнүп турат. Эгер, кыздын үй-бүлөсү бул жигит дининде, адамдар менен болгон мамилесинде, жүрүм-турумунда шаръий өкүмдөргө кандай баш ийишин сураштырып, жигиттин дини жана кулкуна ыраазы болушса – Аллахтын уруксаты менен – анда, валийлерге жигитти четке кагууга тыюу салынат же кыздын университетте окуп жатканын шылтоолоп бул жигитке турмушка чыгуудан кайтарышына тыюу салынат. Тескерисинче, алар ыраазы болушуп, кызын турмушка чыгуудан тыйбашы керек. Себеби – инша  Аллах – динди коргоодогу, бекемдөөдөгү эң туура жол мына ушул.

Сөзүмдүн аягында мен ар бир кудуреттүү кишиге салиха аялга үйлөнүүнү сунуш кыламын, себеби, ал бул дүйнө хасанасы (сыйлыгы) болуп эсептелет. «Умдатул карий, шархи сахихи Бухарий» китебинде Али G дейт:

«Дагы алардын арасында ушундай адамдар да бар, алар: Оо Роббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, Акыретте да жакшылык бер жана бизди тозок азабынан сактагын, дейт»                 [2:201]

аят каримасындагы бул дүйнө жакшылыгы – салиха аял, Акырет жакшылыгы – бейиш».

Боордошуңуз Ато ибн Халил Абу Рушта                                         

17-робиус-саний, 1435-х.

17-февраль, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here