АКШ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АВИАБАЗАСЫН ЖАБУУГА ДАЯРДАНУУДА

314
0

Кыргызстандагы АКШ авиабазасынын башчысы полковник Жон Миллард авиабаза ушул мамлекеттеги өзүнүн бардык миссияларын аяктап  жатканы тууралуу кабарлады.

Полковниктин айтымында, бул база абада кошумча май куюу, жүк жана аскерийлерди ташуу о.э. гуманитардык жана коопсуздукка байланыштуу милдеттерди аткаруу менен алектенет эле. “Бул миссиялардын бардыгы бүгүнкү күнгө келип аяктады. Эми биздин негизги милдетибиз – аймакты тазалоо жана аны Кыргызстан өкмөтүнө тапшыруудан турат”, – деди Жон Миллард.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып полковник, Кыргызстанга “даяр фантастикалык инфраструктура менен жаӊы өрт коопсуздугу бөлүмү” о.э. жалпы техниканын бир бөлүгү калып жатканын белгилеп өттү. О.э. ал 11-июлга чейин “авиабазанын бардык кызматкерлери АКШга кайткан болушу керектигин кошумчалап өттү.

Туркистон:

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Россия басымы астында “Манас” аэропортунан АКШ аскерий базасын чыгарып жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга мажбур болгон эле. Президент өзүнүн бул талабына “жарандык аэропортто аскерий бөлүктөр болбошу керек” деп түшүндүрмө берген эле. Кийинчерээк Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисине 2014-жылдын 11-июлунда Транзиттик Борбор туурасындагы келишим аяктай тургандыгын кабарлап нота тапшырган эле.

Кыргызстандан Америка таасирин сүрүп чыгарууга катуу аракет кылып жаткан Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү АКШ авиабазасы “Манас”тан чыгып кетпей туруп бул жерди өз колуна алууга кызыгуусун билдирди. 22-февраль күнү Федералдык бажыкана кызматынын жетекчиси Андрей Беляников башчылыгында Россия делегациясы Кыргызстанга келди. Ошол делегациянын сапары натыйжасында  Россия жана Кыргызстан расмийлери “Манас” авиа базасына каражат жаткыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Россия мамлекети “Манас” авиа базасына бир миллиард рубль инвестиция жаткырууга убада берди.Кыргызстандын премьер-министринин биринчи орунбасары Жоомарт Оторбаев бул келишимди макулдап, “Манас аэропортунда биз Хаб уюштурушубуз керек. Чет өлкөлөрдүн самолёттору көбүрөөк учуп-конуусу биз үчүн пайдалуу. “Манас”тан АКШ аскерий базасы чыгып кетүүдө. Биз бул жердеги аскерий самолёттордун ордуна жарандарды ташуучу самолётторду кабыл алышыбыз керек. Россия чоӊ мамлекет, анын авиакомпаниялары да көп. Алар биздин аэропортубуз аркылуу канчалык көп учууну жолго койсо, келди-кетии көп болсо биздин бюджетке ошончолук көбүрөөк киреше түшөт. Ошондуктан, Россия бизге керек”, – деди.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, Москва Манас аэропортунун 51% акциясын талап кылууда. Ошол себептен улам кээ бир эксперттердин пикири боюнча, Россия Манас аэропортуна толук ээ болуп калат. Ал тургай,Кыргызстандын самолёттору да Россиянын каш-кабагына кароого жана учуп-конгондугу үчүн Россияга акча төлөөгө мажбур болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here