Украина ушул күндөрдө кыйын абалды башынан өткөрүүдө. Киевде өкмөттүн отставкасын жана Евробиримдик менен интеграцияны талап кылган демонстрациялар токтобой жатат.
“Эл чогулушу” жана “миллиондор жүрүшү” деген аталышта Украинанын бир нече аймагынан он миңдеген адамдар келишинин натыйжасында Киевде кырдаал курчуп кеткен. Оппозициялык “Батькивщина” партиясынын жетекчиси Арсений Яценюк эртеӊки күнгө чейин Украинанын тагдыры чечиле тургандыгын билдирди.
Кабарларда айтылышынча, Украина жана Евробиримдиктин байрактарын көтөрүп алган демонстранттар түштөн кийин парламенттик жана өкмөттүк имараттарга карай аракеттене баштаган. Көпчүлүгү жаштардан турган демонстранттар мамлекеттик мекемелерге баруучу жолдордогу автомобиль кыймылын токтотуп коюшкан.
“Батькивщина” партиясынын өкүлү Сергей Пашинский болсо президент Виктор Януковичке катуу талап койду. Ал: “Эй Янукович, сага 48 саат убакыт беребиз. Эгерде бул мөөнөттө ички иштер министри Виталий Захарченко камакка алынбаса, премьер-министр Николай Азаров отставкага кетпесе жана саясий туткундар азаттыкка чыгарылбаса президенттин штабына барабыз”, – деди.
Оппозициядагы “Удар” партиясынын жетекчиси Виталий Кличко биринчи кадам катары өкмөткө баруучу жолго чоӊ чатыр тиктирди. Анын артынан демонстранттар башка жолдорго да чатырларды тигишип, айланасын зым тосмолор менен орошту.
Украина президенти Виктор Янукович БУУ башкы катчысы Пан Ги Мун менен телефон аркылуу байланышып, өлкөдөгү кырдаалды тынчтандыруу үчүн кеӊеш бериши туурасында айткандыгы кабарланууда.
Президент Виктор Янукович Европа союзу менен мамиле орнотуунун ордуна Россия менен жакыныраак мамилелер орнотулушун каалайт.
Акыркы кабарларда айтылышынча, Украина полициясы демонстранттар тарабынан коюлган бардык тосмолорду тазалоого киришкен. Президенттин штабы жана өкмөттүк имараттын айланасы демонстранттардан тазаланган. Демонстранттар арасында жараат алгандар бар.