БУРСАДА ЭКИ КОНФЕРЕНЦИЯ

299
0

Түркиянын Бурса шаарында Хизбут-Тахрирдин жигит кыздары башка-башка эки конференция өткөрүштү. Аялдар тарабынан уюштурулган “Хижрат – бул Ислам мамлекетине өтүү” деген аталыштагы конференцияда Расулулла с.а.в.дын Меккеден Мединага хижрат кылышы жана анын саясий жактары ачыкталды.

Куран кыраатынан кийин сөзгө чыккан Зохида Четинбудак эмне үчүн мусулмандардын календары хижрат күнүнөн башталгандыгына көӊүл бурду.

Зохида хижрий санактын сахабалар тарабынан белгилениши жөнүндө сөз сүйлөп жатып:  “Хижрат дегенде Расулулла с.а.в.дын Меккеден Мединага хижрат кылгандыгы айтылат. Ал эми бул окуянын мусулмандар үчүн саясий тарабы назардан четте калтырылат. Хижрат Ислам тарыхында ушунчалык маанилүү дейсиӊ, ал күндө мусулмандардын турмушу бүтүндөй өзгөргөн”, – деп баса белгиледи.

Хижраттын саясий жактары тууралуу сөз кылган Зохида Четинбудак Расулулла с.а.в.дын хижраттан кийин кылган иштерине көӊүл бурду.

Зохида: “Хижрат – бул Исламий бир мамлекетти тикелөө үчүн Меккеден Мединага жолго чыгуу. Хижрат болгону, бир жерден экинчи бир жерге көчүп өтүү деп айтууга болбойт, тескерисинче, ал Аллахтын сөзүн бийик кылуу үчүн ишке ашырылган маанилүү кадам болуп эсептелет. Себеби, жаратуу да, башкаруу да Аллах Таалага таандык. Расулулла с.а.в.дын Мединадагы турмушуна назар таштай турган болсок, ал зат хижрат күнүнөн баштап Исламды толук бойдон колдонгондугун көрөбүз. Башкача айтканда, башкарууда, экономикада, эл аралык мамилелерде, эркек аял маселесинде т.а. соиалдык маселелерде, жаза чараларында, таалим тарбия түзүмүндө Аллахтын өкүмүн колдонду” – деп эскертип өттү.

Экинчи тараптан Хизб жигиттери да ушул шаарда уюштурган “Саясат жана саясий аракеттин зарылдыгы” деген аталыштагы конференция көпчүлүктүн катышуусунда болуп өттү.

Сөзгө чыккан Эхсан Эрол эӊ оболу саясаттын аныктамасын жана Исламдын саясий дин экендигин айтып өттү. Андан кийин Расулулла с.а.в.дын Исламга даъват кылуу ыкмасы тууралуу өзүнчө токтолуп өттү.

Бүгүнкү күндөгү Исламий саясий партиялар Исламга жат пикирлер менен саясат жүргүзүп жаткандыгына көӊүл бурган Эрол, Исламий пикир негизине ылайык аракет кылып жаткан саясий партия кандай болушу керектигине өзгөчө басым жасады.

Конференция адаттагыдай эле, катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here